Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

77–БӨЛҮМ

Алар таазим кылышпайт

Алар таазим кылышпайт

БУЛ үч улан эсиңдеби? Ооба, алар — Даниелдин жегенге болбой турган тамактан баш тарткан достору. Бабылдыктар аларга Шадрах, Мейшах жана Абет-Него деген аттарды коюп алышкан. Алар эмне себептен башкалардай болуп бери жакта турган чоң бурканга таазим этишкен жок? Кел, көрөлү.

Жахаба өзү жазып берген Он осуят деп аталган мыйзамдар эсиңдеби? Алардын биринчисинде: «Менден башка кудайларга сыйынбашың керек»,— деп айтылат. Бул уландар, кыйынга турса да, азыр дал ошо мыйзамга баш ийип жатышат.

Бабыл падышасы Небухаданасар көптөгөн кадыр-барктуу адамдарды чакырып, өзү орноткон бурканга таазим кылууну буйрат. Ал: «Сурнайдын, арфанын жана башка музыкалык аспаптардын үнүн укканда, бул алтын бурканга таазим кылгыла. Ким таазим кылбаса, күйүп турган мешке ыргытылат»,— деп элге арнаган сөзүн жаңы эле аяктайт.

Шадрах, Мейшах жана Абет-Негонун таазим кылбаганын билгенде, Небухаданасар абдан ачуусу келет да, аларды алып келүүнү буйрат. Анан ал үчөөнө бурканга таазим кылууга дагы мүмкүнчүлүк берет. Бирок уландар Жахабага таянышат. «Биз кызмат кылып жаткан Кудайыбыз бизди куткара алат,— дешет алар Небухаданасарга.— Ал бизди куткарбаса да, алтын бурканыңа таазим кылбайбыз».

Муну уккан падыша ого бетер каарданат. Анан жакын жерде турган мешти демейдегиден жети эсе күчтүү жагууга буйрук берет. Эң күчтүү аскерлерине болсо Шадрах, Мейшах жана Абет-Негону байлап, ага ыргытууну буйрат. Мештин табы ушунчалык күчтүү болгондуктан, уландарды ыргыткандар жалынга күйүп өлүшөт. Бирок тигил үчөө эмне болот?

Падыша мештин ичин карап, үрөйү учат да:

— Биз отко байланган үч адамды ыргыттык беле? — деп сурайт.

— Ооба,— деп жооп берет кызматчылары.

— Бирок мен от ичинде басып жүргөн төрт адамды көрүп турам. Алардын колу-буту байланбай эле бош жүрөт жана жалын да аларга тийген жок. А төртүнчүсү кудайга окшош экен»,— дейт ал. Падыша мештин оозуна жакыныраак келип: «Шадрах, Мейшах, Абет-Него! Баарынан жогору турган Кудайдын кулдары! Бери чыккыла!» — деп кыйкырат.

Алар чыгып келгенде, бардыгы ал уландардын эч зыян тартпаганын көрүшөт. Анан падыша: «Шадрах, Мейшах жана Абет-Негонун Кудайына даңк! Ал өзүнүн периштесин жиберип кызматчыларын куткарып калды, себеби алар өздөрүнүкүнөн бөлөк кудайга таазим кылуудан баш тартышкан»,— дейт.

Бул Жахабага берилгендик көрсөтүүнүн сонун үлгүсү эмеспи?