Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

86–БӨЛҮМ

Жылдызды ээрчип келген адамдар

Жылдызды ээрчип келген адамдар

БУЛ киши көрсөтүп жаткан тээтиги жаркыраган жылдызды карасаң. Ал, тиги кишилер Иерусалимден чыкканда, жол көрсөтүп жыла баштайт. Бул адамдар чыгыштан келатышат, алар жылдыздарды изилдешет. Жаңы жылдызды көргөндө ал атактуу бирөөгө алып барат деп ишенишет.

Иерусалимге жеткенде: «Жүйүттөрдүн жаңы төрөлгөн падышасы кайда?» — деп сурашат. «Жүйүттөр» — бул ысрайылдыктардын башкача аталышы. Чыгыштан келген ал адамдар: «Биз анын жылдызын көрүп, ага таазим кылганы келдик эле»,— дешет.

Муну укканда Иерусалимдин падышасы Ироддун тынчы кетет. Себеби ал ордун башка падышага бергиси келбейт. Ошондуктан башкы ыйык кызмат кылуучуларды чакырып алып: «Убадаланган падыша кайсы жерде төрөлүшү керек эле?» — деп сурайт. Тигилер: «Ыйык Китепте Бейт-Лехемде деп айтылган»,— дешет.

Анда Ирод чыгыштан келген адамдарды чакырып: «Барып, ошол наристени издеп тапкыла. Анан табарыңар менен, мага кабарлагыла. Мен да барып таазим кылайын»,— дейт. Бирок, чын-чынында, Ирод наристени өлтүрүү үчүн тапкысы келет!

Жылдыз жылып отуруп ал адамдарды Бейт-Лехемге ээрчитип келет да, наристе жаткан жерге келип токтойт. Алар үйгө кирип, Мариям менен кичинекей Ыйсаны көрүшөт. Анан алып келген белектерин чыгарып Ыйсага тартуу кылышат. Кийинчерээк Жахаба аларга аян аркылуу Иродго кайтып барбоону айтат. Ошондуктан алар өз өлкөсүнө башка жол менен кетишет.

Алардын үйлөрүнө кетип калганын укканда Ирод абдан ачууланат. Ал Бейт-Лехемдеги эки жашка чейинки балдардын баарын өлтүрүүнү буйрук кылат. Бирок Жахаба Жусупка аян аркылуу эскертүү бергендиктен, ал үйбүлөсү менен Мисирге кетет. Кийин Ироддун өлгөнүн укканда Жусуп Мариям менен Ыйсаны алып кайра Назаретке келет. Ыйса ошол жерде чоңоёт.

Жаңы жылдызды ким жаркыраткан деп ойлойсуң? Эстесең, кишилер жылдызды көргөндө, адегенде Иерусалимге барышты. Шайтан Ибилис Кудайдын Уулун өлтүрүүнү каалаган жана Иерусалимдин падышасы Ирод да аны өлтүрүүгө аракет кыларын билген. Демек, жылдызды Шайтан жаркыраткан болчу.