Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

96–БӨЛҮМ

Ыйса оорулууларды айыктырат

Ыйса оорулууларды айыктырат

ЫЙСА жер-жерлерди кыдырып, оорулууларды айыктырууда. Бул жөнүндө тегеректеги шаар-кыштактардын баарына угулат. Ошондуктан эл аксак, сокур, дудук жана башка оорулууларды ага алып келишет. Ыйса бардыгын айыктырат.

Жакан аны чөмүлдүргөндөн бери үч жылдан ашык убакыт өттү. Эми Ыйса элчилерине Иерусалимге барганы жатканын, ал жактан өлтүрүлөрүн жана кайра тирилтилерин айтат. Азыр болсо ал оорулууларды айыктырып жүрөт.

Бир жолу ал элди ишембиде окутуп жаткан болот. Ишемби күнү жүйүттөр эч кандай жумуш жасашчу эмес. Сүрөттөгү аял абдан оорулуу. Ал 18 жылдан бери боюн түзөй албай кыйналып жүрөт. Ыйса ага колун койгондо, аял түзөлө баштайт. Акыры айыгып кетет.

Диний жетекчилер буга кыжырданышат. Алардын бирөө элге: «Иштей турган алты күн бар. Ишембиде эмес, ошо күндөрү келгиле!» — деп кыйкырат.

Ыйса ага: «Силер экижүздүүсүңөр. Ишемби күнү байланып турган эшегиңерди чечип, сугарганы алып барасыңар. Анда 18 жылдан бери кыйналып жүргөн байкуш бул аялды ишембиде айыктырууга эмне үчүн болбосун?» — дейт. Ыйса бул сөздөрү менен ташбоор ал адамдарды уят кылат.

Андан соң Ыйса элчилери менен Иерусалимди көздөй жол тартат. Алар Жерихо шаарынан чыккандан кийин, жол жээгинде кайыр сурап отурган эки сокур Ыйсанын өтүп баратканы тууралуу угушат да: «Ыйса, бизге жардам бер!» — деп жалбара кыйкырышат.

Ыйса аларды чакырып алып: «Силерге эмне кылып берейин?» — деп сурайт. Тигилер: «Эге, көзүбүз көрсүнчү»,— дешет. Ыйса көздөрүнө колун тийгизери менен, алар көрө баштайт. Ыйсанын ушундай укмуштуудай кереметтерди эмне үчүн жасаганын билесиңби? Ал адамдарды жакшы көрөт жана өзүнө ишенишин каалайт. Ошондуктан Ыйса падышалык кылган убакта эч ким оорубай турганына толук ишенсек болот.