Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

87–БӨЛҮМ

Кичинекей Ыйса ийбадатканада

Кичинекей Ыйса ийбадатканада

ЧОҢ кишилер менен сүйлөшүп отурган бул баланы карачы. Булар — Иерусалимдеги Кудайдын ийбадатканасындагы окутуучулар. Ал эми бала — Ыйса. Ал он экиге чыгып, эс тартып калган.

Окутуучулар Ыйсанын Кудай жөнүндө жана Ыйык Китепте жазылгандар тууралуу көптү билгенине аябай таң калышууда. Бирок Жусуп да, Мариям да көрүнбөйт го? Алар кайда? Кел, окуп көрөлү.

Жусуп үйбүлөсүн жыл сайын Иерусалимде өткөрүлүүчү Пасах деген өзгөчө майрамга алып барчу. Назарет Иерусалимден алыс жайгашкан. Ал убакта машине да, поезд да болгон эмес. Элдин көбү жөө жүргөн, Иерусалимге жетүү үчүн үч күн жол жүрүш керек болчу.

Жусуптун үйбүлөсү чоң эле. Ошондуктан Ыйса ата-энесине инилери менен карындаштарын кароого жардам берчү. Жусуп менен Мариям бала-бакырасын алып, кайра алыскы Назареттеги үйүн көздөй жол тартышат. Алар Ыйсаны башкалар менен келатат деп ойлошот. Бирок бир күн жол жүргөндөн кийин, эс алганы токтогондо аны таппай калышат. Туугандарынан, тааныштарынан сурашат, бирок эч ким билбейт. Ошондуктан аны издеп кайра Иерусалимге жөнөшөт.

Акыры Ыйсаны окутуучулар менен отурган жеринен табышат. Ал алардын айткандарын угуп, суроолорду берип отурган экен. Жанындагылардын баары Ыйсанын акылмандуулугуна таң калып жатышыптыр. Мариям болсо: «Балам, бул эмне кылганың? Атаң экөөбүз сарсанаа болуп, сени издеп жүрөбүз»,— деп сурайт.

«Мени эмнеге издейсиңер? Атамдын үйүндө болушум керек экендигин билген эмес белеңер?» — дейт Ыйса.

Ыйса Кудай жөнүндө көп айтылган жерлерде болууну жакшы көргөн. Бизде да ошондой каалоо болушу керек эмеспи? Назаретке келгенде Ыйса сыйынуу үчүн жолугушууларга жума сайын катышып турган. Ал дайым көңүл коюп уккандыктан, Ыйык Китепти жакшы билген. Кел, биз да Ыйсадан үлгү алып, ошондой кылалы.