Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

92–БӨЛҮМ

Ыйса өлгөндөрдү тирилтет

Ыйса өлгөндөрдү тирилтет

БУЛ сүрөттөгү кыз 12 жашта. Анын колун кармап турган адам — Ыйса, ал эми бери жактагылар — ата-энеси. Алардын эмне себептен абдан сүйүнүп жатышканын билесиңби? Кел, окуп көрөлү.

Кыздын атасы — Жайыр деген кадыр-барктуу киши. Бир күнү жалгыз кызы катуу ооруп, төшөккө жатып калат. Абалы күндөн күнгө начарлай берет. Буга Жайыр да, аялы да абдан кайгырат. Ошондуктан Жайыр Ыйсаны издеп жөнөйт. Ал анын жасаган кереметтери тууралуу уккан эле.

Жайыр Ыйсаны калың топтун арасынан табат. Элди аралап өтүп, анын бутуна жыгылып: «Менин кызым катуу ооруп жатат, аны айыктыра көр»,— деп жалбарат. Ыйса макул болот.

Эл көп болгондуктан, алар араң өтүп келатышкан. Бир маалда Ыйса токтой калып: «Мага ким тийди?» — дейт. Ал өзүнөн күч чыкканын сезгендиктен ага бирөө тийгенин билет. Бирок ким? 12 жылдан бери катуу ооруп жүргөн аял. Ал Ыйсанын жанына келип, кийимине колун тийгизет да, айыгып калат!

Ыйсанын адамдарды оңой эле айыктырарын көргөндө Жайыр ого бетер сүйүнөт. Бирок бирөө келип Жайырга: «Ыйсаны убара кылбай эле кой. Кызың өлүп калды»,— дейт. Муну уккан Ыйса ага: «Коркпо, баары жакшы болот»,— деп айтат.

Алар Жайырдын үйүнө келгенде, эл боздоп ыйлап жаткан болот. Бирок Ыйса: «Ыйлабагыла, кыз өлгөн жок, ал уктап калды»,— дейт. Ал жердегилер Ыйсаны шылдыңдап күлүшөт, анткени кыздын өлүп калганын билишкен.

Ыйса кыз жаткан бөлмөгө анын ата-энесин жана үч элчисин алып кирет. Анан колунан алып: «Ордуңан тур!» — деп айтат. Ошондо, сүрөттөн көрүнүп тургандай, кыз тирилет. Ал туруп, ары-бери басат. Мына ушул себептен анын ата-энеси аябай сүйүнүп жатат.

Ыйса буга чейин да адамдарды тирилткен. Алардын биринчиси Наин шаарындагы жесир аялдын уулу болгон. Кийинчерээк Марта менен Мариямдын биртууганы Лазарды тирилтет. Ал эми Кудай дайындаган падыша катары башкарганда Ыйса көптөгөн адамдарды өлүм уйкусунан ойготот. Бул бизди кубандырбайбы?