Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

97–БӨЛҮМ

Ыйса Иерусалимге падыша катары кирет

Ыйса Иерусалимге падыша катары кирет

ЭКИ сокур кишини айыктыргандан бир нече убакыт өткөндөн кийин Ыйса Иерусалимдин жанындагы кичинекей айылга келет. Анан эки шакиртине: «Айылга барсаңар, байланып турган кодикти көрөсүңөр. Чечип алып, мага алып келгиле»,— деп айтат.

Кодикти алып келишкенде, Ыйса ага минип Иерусалимди көздөй жол тартат. Шаардын жанынан аны топ эл тосуп чыгат. Көптөрү сырткы кийимдерин, башкалары пальма дарагынын бутактарын жолго төшөшөт да: «Жахабанын атынан келе жаткан падышага Кудай батасын берсин!» — деп кубанычтуу кыйкырышат.

Байыртан бери ысрайыл элинин жаңы падышасы өзүн элге көрсөтүү үчүн Иерусалимге кодик минип кирчү. Ыйса так ошентет. Эл болсо анын падыша болушун каалап жатканын көрсөтүүдө. Бирок муну каалабагандар да бар. Аны ийбадатканада болгон окуядан көрөбүз.

Ийбадатканага келип, Ыйса сокур, аксактарды айыктырат. Муну көргөн жаш балдар аны мактап-даңкташат. Ыйык кызмат кылуучулар аябай ачууланып, Ыйсага: «Балдардын эмне дегенин угуп жатасыңбы?» — дешет.

Ыйса: «Ооба, угуп жатам. Ыйык Китептен: „Наристелерге Өзүңдү даңктаттың“,— деген сөздөрдү окуган эмес белеңер?» — деп жооп берет. Балдар болсо Кудай дайындаган падышаны даңктай беришет.

Биз да ошол балдардай болгубуз келбейби? Кудайдын Падышалыгы жөнүндө айтканыбызда, кээ бирөөлөр бизге тоскоолдук кылышы мүмкүн. Бирок Ыйсанын адамдар үчүн кандай сонун нерселерди жасай турганы жөнүндө айтууну уланта берсек, туура иш кылган болобуз.

Ыйса жерде жүргөн кезде, анын падыша катары башкара турган убагы келе элек болчу. Ал убак качан келет? Муну Ыйсанын шакирттери да билгиси келген. Бул тууралуу кийинки аңгемеден окуйбуз.