Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

7-БӨЛҮК

Ыйса тирилтилгенден Пабыл түрмөгө камалганга чейин

Ыйса тирилтилгенден Пабыл түрмөгө камалганга чейин

Ыйса өлгөнүнө үч күн болгондо тирилтилет. Ал күнү шакирттер аны беш жолу көрүшөт. Ыйса аларга 40 күн бою көрүнөт. Анан бир нече шакиртинин көзүнчө асманга көтөрүлүп кетет. Он күндөн кийин Кудай анын Иерусалимге чогулган шакирттерине ыйык рухун төгөт.

Кийинчерээк Кудайдын душмандары элчилерди түрмөгө камашат, бирок периште аларды бошотот. Степан деген шакиртти ташбараңга алып өлтүрүшөт. Ошол душмандардын арасынан Ыйса бирөөнү тандап, өзгөчө кызматты аткарууну тапшырат. Ал кийин элчи Пабыл деген ат менен белгилүү болуп калат. Ыйса өлгөндөн үч жарым жылдан кийин, Кудай Петирди жүйүт эмес Корнелийге жана анын үйбүлөсүнө жакшы кабар айтууга жиберет.

Андан 13 жылдай өткөн соң Пабыл жакшы кабар таратуу үчүн биринчи саякатын баштайт. Экинчи саякатында ага Тиметей кошулат. Кудайга кызмат кылууда Пабыл менен шериктери баштарынан кызыктуу окуяларды өткөрүшөт. Алар тууралуу ушул бөлүктөн окуйбуз. Акырында Пабылды Римдеги түрмөгө камашат. Ал эки жылдан кийин бошотулат, бирок кайра камакка алынып, өлүм жазасына тартылат. ЖЕТИНЧИ бөлүктө болжол менен 32 жылдын ичинде болуп өткөн окуялар баяндалат.

 

БУЛ БӨЛҮКТӨ

102-АҢГЕМЕ

Ыйса тирүү

Жахабанын периштеси пайда болуп, мүрзөнүн оозундагы ташты жылдырганда, аскерлер мүрзөнүн ичин көргөндө коркконунан катып калышат.

103-АҢГЕМЕ

Эшиги бек бөлмөгө кирет

Шакирттери Ыйса тирилгенден кийин эмне үчүн аны таанышкан эмес?

104-АҢГЕМЕ

Ыйса кайра асманга кетет

Асманга көтөрүлгөнгө чейин Ыйса шакирттерине акыркы тапшырмасын берген.

105-АҢГЕМЕ

Окуучулар Иерусалимде күтүшөт

Пасах учурунда эмне үчүн Ыйса шакирттерине ыйык рух төккөн?

106-АҢГЕМЕ

Элчилер түрмөдөн бошотулат

Жүйүт диний жетекчилери элчилер кабар айтпашы үчүн аларды түрмөгө каматып салышкан. Бирок Кудай керемет жасаган.

107-АҢГЕМЕ

Степан ташбараңга алынат

Өлүм жазасына тартылган Степан жалындуу тиленген.

108-АҢГЕМЕ

Дамаскка кеткен жолдо

Асмандан пайда болгон жарык менен үн Шабылдын жашоосун түп тамыры менен өзгөрткөн.

109-АҢГЕМЕ

Петир Корнелийге келет

Кудай белгилүү бир расадагы, элдеги адамдарды башка расадагы, элдеги адамдардан жакшыраак көрөбү?

110-АҢГЕМЕ

Тиметей — Пабылдын жаңы жардамчысы

Пабыл менен кабар айтыш үчүн Тиметей үйүн калтырып, аны менен чоң сапарга аттанган.

111-АҢГЕМЕ

Уктап калган бала

Эйтих Пабыл биринчи насаатын айтып жатканда уктап калат. Бирок экинчи насаатын угат. Ал ортодо керемет болот.

112-АҢГЕМЕ

Аралдын жанынан кеме кыйрайт

Баары бүткөндөй сезилгенде Кудай Пабылга үмүт берерлик кабар айткан.

112-АҢГЕМЕ

Аралдын жанынан кеме кыйрайт

Баары бүткөндөй сезилгенде Кудай Пабылга үмүт берерлик кабар айткан.