Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

113–БӨЛҮМ

Аралдын жанынан кеме кыйрайт

Аралдын жанынан кеме кыйрайт

ПАБЫЛДЫН колундагы кишенди жана аны кайтарып турган римдик жоокерди көрдүңбү? Пабыл азыр түрмөдө Рим башкаруучусунун чечимин күтүүдө. Башкаларга ага келип турууга уруксат берилген.

Римге келгенине үч күн болгондо Пабыл жүйүт жетекчилерин чакыртат. Ошондо Римде жашаган көптөгөн жүйүттөр келет. Элчи аларга Ыйса жана Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтат. Айрымдары анын айткандарына ишенип, Ыйсанын жолдоочуларынын катарына кошулса, башкалары ишенбейт.

Пабыл өзүн кайтарган жоокерлерге да күбөлөндүрөт. Түрмөдө отурган эки жылдын ичинде ал ар бир мүмкүнчүлүктү пайдаланып кабар айтат. Атүгүл Рим башкаруучусунун үйүндөгүлөрү да Падышалык тууралуу кабарды угуп, айрымдары Ыйсанын жолун жолдошот.

Үстөлдө жазып отурган адамды тааныдыңбы? Туура, ал — Тиметей. Падышалык жөнүндө кабар айтканы үчүн ал да түрмөгө камалган болчу, бирок азыр эркин. Тиметей бул жакка Пабылга жардам берүү үчүн келген. Ал эмне деп жазып жатат? Кел, билели.

110-аңгемеде Филипи жана Эфес деген шаарлар жөнүндө айтылганы эсиңдеби? Пабыл ал жерлерде жыйналыштарды уюштурууга жардам берген. Азыр болсо ал шаарлардагы ишенимдештерине кат жолдоодо. Ал каттар Ыйык Китепте камтылат жана «Эфестиктерге», «Филипиликтерге» деп аталат. Пабыл Тиметейге Филипидеги ишенимдештерине эмне деп жазуу керектигин айтып жатат.

Ал жактагы биртуугандар Пабылды абдан жакшы көрүшөт. Ага белек берип жиберишкен эле. Азыр ал ошол белек үчүн ыраазычылыгын билдирүүдө. Ал белекти Эпафродит алып келген болчу. Эпафродит катуу ооруп, өлүп кала жаздайт. Бирок азыр айыгып, үйүнө кеткени жатат. Ал Филипиге бул катты ала барат.

Пабыл түрмөдөн дагы эки кат жазат. Ал каттарды да Ыйык Китептен табууга болот. Алардын бири Ыйсанын Колосадагы жолдоочуларына арналган. Анын кантип аталарын билесиңби? «Колосалыктарга». Экинчисин Пабыл ошол эле шаарда жашаган жакын досу Филемонго жазган. Анда Филемондун кулу Онесим жөнүндө айтылат.

Онесим кожоюнунан качып, Римге келет. Ал бирөөлөрдөн Пабылдын ошол шаарда түрмөдө жатканын билет. Аны көргөнү келгенде, Пабыл ага кабар айтат. Көп өтпөй Онесим да Ыйсанын жолдоочусу болот жана кожоюнунан качып кеткенине өкүнөт. Пабыл досуна эмне деп жазат?

Ал Филемондон Онесимди кечирүүнү өтүнөт. Пабыл: «Мен аны кайра сага жөнөттүм. Эми Онесим сенин кулуң гана эмес, сүйүктүү биртууганың да»,— деп жазат. Колосага кайтып баратып Онесим «Колосалыктарга» жана «Филемонго» деген эки кат ала кетет. Кулунун Ыйсанын жолдоочусу болгонун билгенде Филемон аябай эле кубанса керек.

Пабылдын филипиликтер менен Филемонго жазган каттарында, чынында эле, кубанычтуу кабар камтылган. Филипиликтерге ал: «Мен силерге Тиметейди жиберип жатам. Жакында өзүм да барам»,— деп жазат. Филемондон болсо: «Мен үчүн орун даярдап кой»,— деп суранат.

Түрмөдөн бошотулгандан кийин Пабыл ар кайсы жерлерде жашаган ишенимдештерин кыдырып чыгат. Бирок кийинчерээк Римден кайра камакка алынат. Бул жолкусунда ал өлтүрүлөрүн билет. Ошондуктан Тиметейге кат жазып, тезирээк келүүнү суранат. Пабыл: «Мен Кудай алдында ишенимимди сактадым жана ал мага сыйлык берет»,— деп жазат. Ал өлтүрүлгөндөн бир нече жыл өткөндөн кийин, Иерусалим кайрадан талкаланат. Бул жолу римдиктер тарабынан.

Ыйык Китепте дагы башка маалыматтар камтылат. Жахаба Кудай элчи Жаканга Ыйык Жазманын акыркы китептерин, анын ичинде Аян китебин да жаздырат. Ал китепте алдыдагы окуялар тууралуу айтылат. Кел анда, келечекте эмнелер болорун билели.