Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

110–БӨЛҮМ

Тиметей — Пабылдын жаңы жардамчысы

Тиметей — Пабылдын жаңы жардамчысы

БУЛ сүрөттө Пабылдын жанында турган жигит — Тиметей. Ал ата-энеси менен Листрада жашайт. Апасынын аты — Ойнике, таенесиники — Лойис.

Бул Пабылдын Листрага үчүнчү жолку келиши. Биринчи жолу ал Барнаба менен бир жылдай мурун кабар айтуу үчүн келген эле. Азыр аны Сылас аттуу жолдошу коштоп келди.

Пабылдын Тиметейге эмне деп жатканын билесиңби? Ал: «Сылас экөөбүзгө кошулуп, алыскы жерлерде жашаган адамдарга кабар айткың келеби?» — деп сурап жатат.

«Ооба, баргым келет»,— деп жооп берүүдө Тиметей. Көп өтпөй ал үйүндөгүлөрүн калтырып, элчилер менен кетет. Алардын саякаты жөнүндө билерден мурун, Пабылдын эмнелерди башынан өткөргөнү тууралуу окуп көрөлү. Дамаскка бараткан жолдо Ыйсанын ага көрүнгөнүнөн 17 жылдай өттү.

Эсиңдеби, Пабыл ал жакка Ыйсанын шакирттерин куугунтуктоо үчүн бараткан болчу. Эми болсо өзү — Ыйсанын шакирти. Ыйса жөнүндө окутуп жүргөнүн жактырбагандыктан душмандарынын айрымдары аны өлтүрүүнү ойлошот. Бирок шакирттер аны себетке салып, шаарды курчаган дубалдын боору менен түшүрүп, качырып жиберишет.

Андан кийин Пабыл кабар айтуу үчүн Антийохеяга барат. Чыныгы Кудайга сыйынган адамдар ушу шаарда биринчи жолу Ыйсанын жолдоочулары деп аталышкан. Ал жерден Пабыл менен Барнаба алыскы өлкөлөргө кабар айтууга жиберилет. Алар кыдырган жерлердин бири Тиметей жашаган Листра шаары болгон.

Эми, бир жылдай өткөндөн кийин, Пабыл Листрага экинчи сапары менен келет. Бул анын Листрага үчүнчү жолку келиши. Тиметей элчилерге кошулгандан кийин алардын каякка барышканын билесиңби? Кел, картадан алар кыдырган жерлердин айрымдарын карап көрөлү.

Алгач алар Листранын жанындагы Иконияга, анан Антийохея деп аталган экинчи шаарга барышат. Андан соң Троас, Филипи, Тесалоника жана Бероя шаарларында болушат. Картадан Афин шаарын көрүп жатасыңбы? Пабыл ал жерде да кабар айтат. Андан кийин алар бир жарым жыл Корунтта кабар айтышат. Сапарынын аягында бир аз убакытка Эфеске токтошот. Анан кеме менен Кейсареяга кайтып, аяктан Антийохеяга барышат да, Пабыл ал жерде калат.

Ошентип, Тиметей Пабыл менен жүздөгөн километрди басып өтүп, жакшы кабар таратууда жана көптөгөн жыйналыштарды уюштурууда жардам берет. Чоңойгондо, Тиметейге окшоп, Кудайдын ишенимдүү кызматчысы болосуңбу?