Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

103–БӨЛҮМ

Эшиги бек бөлмөгө кирет

Эшиги бек бөлмөгө кирет

ПЕТИР менен Жакан кетет. Мариям мүрзөнүн жанында жалгыз калып, ыйлай баштайт. Анан, мурунку сүрөттө көрсөтүлгөндөй, мүрзөгө баш багып, эки периштени көрөт. Алар: «Эмне үчүн ыйлап жатасың?» — деп сурашат.

«Эгемди алып кетишиптир, бирок каякка экенин билбейм»,— деп жооп берет Мариям. Анан артын караса — бир киши турган болот. Ал: «Кимди издеп жатасың?» — деп сурайт.

Мариям аны бакчы деп ойлойт жана Ыйсанын сөөгүн ал алып кетсе керек деп болжолдойт. Ошондуктан: «Сөөктү сен алып кеткен болсоң, аны каякка койгонуңду айтчы»,— деп суранат. Бирок ал киши Ыйсанын өзү эле. Ал Мариям тааный албагыдай денеде келген. Мариямды атынан чакырганда, ал Ыйсаны тааныйт. Анан шакирттерге чуркап барып: «Мен Эгени көрдүм!» — деп айтат.

Ошол эле күнү Эмаус деген айылга бараткан эки шакиртке жолдон бир киши кошулат. Шакирттер Ыйсанын өлгөнүнө абдан кайгырып баратышкан. Бирок берки киши Ыйык Китептен көп нерселерди түшүндүрүп бергенде, алар бир топ сооронуп калышат. Анан тамактанганы токтогондо, тиги кишинин Ыйса экенин түшүнүшөт. Ошондо ал көрүнбөй калат, шакирттер болсо бул жөнүндө элчилерге айтуу үчүн кайра Иерусалимди көздөй чуркашат.

Ал күнү Ыйса Петирге да көрүнөт. Аны укканда башка шакирттер абдан кубанышат. Анан берки эки шакирт Иерусалимге келип, жолдо баратканда Ыйса аларга да көрүнгөнүн элчилерге айтып беришет. Алар айтып жатканда эмне болгонун билесиңби?

Сүрөттү карасаң. Эшик бек болсо да, бөлмөдө Ыйса пайда болот. Окуучулары кандай гана кубанышат! Ал күн шакирттер үчүн өзгөчө болгонуна кошуласыңбы? Ыйса ошол күнү канча жолу көрүнгөнүн айта аласыңбы? Беш жолу бекен?

Ыйса шакирттерине көрүнгөндө, элчи Томас жок болчу. Ошондуктан алар: «Биз Эгени көрдүк»,— дешкенде, Томас аны өз көзү менен көрмөйүнчө ишенбесин айтат. Сегиз күндөн кийин шакирттер дагы чогулуп, бөлмөнүн эшигин бекитип алышат. Бул жолу Томас да бар эле. Капысынан бөлмөнүн ичинде Ыйса пайда болот. Ошондо Томас да ишенет.