Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

16-БӨЛҮМ

Кудайга жаккандай сыйынгыла

Кудайга жаккандай сыйынгыла

1, 2. Эмне жөнүндө ойлонуп көрүшүңөр керек жана бул эмне үчүн маанилүү?

ЫЙЫК КИТЕПТИ изилдөөнүн аркасында Кудайга ишенем деген көптөгөн адамдардын, чынында, ага жакпаган нерселерди окутарын же кыларын билдиңер болуш керек (2 Корунттуктар 6:17). Мына ошо себептен Жахаба Кудай «Улуу Бабылдан», атап айтканда, жалган динден чыгууну буйрук кылууда (Аян 18:2, 4). Силер эмне кыласыңар? Албетте, муну ар ким өзү чечет. Бирок ар бирибиз: «Кудайга ал каалагандай сыйынгым келеби, же өзүм көнүп калгандай сыйынгым келеби?» — деп ойлонуп көрүшүбүз керек.

2 Эгер жалган динди четке каккан болсоңор, анда жакшы. Анткен менен жүрөгүңөрдүн түпкүрүндө жалган динге байланыштуу айрым каадаларды дагы деле жакшы көрүшүңөр мүмкүн. Эмесе, ошондой каадалардын кээ бирине токтолуп, аларга Жахаба Кудайдын көз карашы менен кароо канчалык маанилүү экенин карап көрөлү.

СӨЛӨКӨТТӨРГӨ СЫЙЫНУУ, АРБАКТАРГА ИШЕНҮҮ

3. а) Кээ бирөөлөргө Кудайга сөлөкөттөрдү колдонбой сыйынуу эмне үчүн кыйын болушу мүмкүн? б) Сөлөкөттөрдү колдонуу туурасында Ыйык Китепте эмне делет?

3 Кудайга сыйынуу үчүн көп жыл бою сөлөкөттөрдү колдонуп келгендер бар. Эгер силер да андай адамдардын арасында болсоңор, анда Кудайга сөлөкөттөрдү колдонбой эле сыйынууну элестетүү кыйын болушу, ал тургай туура эместей сезилиши мүмкүн. Бирок Жахаба Кудайга кантип сыйынышыбыз керектигин ал чечерин эсибизден чыгарбашыбыз зарыл. Ыйык Китепте Кудайдын ага сыйынганда кандайдыр бир сөлөкөттөрдү колдонушубузду каалабай турганы так-даана жазылган. (Окугула: Чыгуу 20:4, 5; Забур 115:4—8; Ышая 42:8; 1 Жакан 5:21.)

4. а) Эмне үчүн арбактарга ишенүү туура эмес? б) Кудай эмне үчүн өлгөндөр менен байланышууга тыюу салган?

4 Айрымдар көзү өтүп кеткен ата-бабаларынын арбагын ыраазы кылуу үчүн көп убактысын, күчүн, акчасын жумшашат. Атүгүл аларга сыйынышы да мүмкүн. Бирок буга чейин билгенибиздей, өлгөндөр бизге жардам бере да, зыян келтире да алышпайт. Алар кайсы бир жакта жашоосун улантышпайт. Андыктан өлгөндөр менен байланышууга аракет кылуу абдан кооптуу. Себеби алар бергендей болуп көрүнгөн маалыматты чынында жиндер берген болот. Ошондуктан Жахаба ысрайыл элине өлгөндөр менен сүйлөшпөшү керектигин, ошондой эле жиндер менен байланышкан нерселердин баарынан алыс болушу керектигин айткан. (Мыйзам 18:10—12; 26, 31-тиркемени карагыла.)

5. Сөлөкөттөрдү колдонуудан баш тартканга жана арбактарга байланыштуу диний каадалардан алыс болгонго эмне жардам берет?

5 Кудайга сыйынууда сөлөкөттөрдү колдонуудан баш тартканга жана арбактарга байланыштуу диний каадалардан алыс болгонго эмне жардам берет? Ал үчүн Ыйык Китепти окуп, Кудайдын ушул нерселерге болгон көз карашы жөнүндө ой жүгүртүү абзел. Жахаба Кудай андай нерселерди жийиркеничтүү деп эсептейт (Мыйзам 27:15). Андай нерселерге Кудай кандай караса, силер да ошондой карашыңар үчүн жана ага ал каалагандай жол менен сыйына алышыңар үчүн, андан жардам сурап тиленгиле (Ышая 55:9). Жахаба силерге жалган окуулар менен байланышы бар нерселердин баарынан арылууга күч берерине эч шектенбегиле.

ЖАҢЫ ЖЫЛ ЖАНА НООРУЗ

6. Жаңы жыл майрамы каяктан келип чыккан?

6 Жаңы жылды майрамдоо Ыйык Китепте жазылгандарга карама-каршы келет. Ал майрам бутпарастардын каада-салттарына негизделген. Бир энциклопедияга ылайык, Рим башкаруучусу Юлий Цезарь б.з.ч. 46-жылы 1-январды Жаңы жыл күнү деп белгилеген. Римдиктер ал күндү Янус кудайына арнашкан, январь айынын аталышы да ошол кудайдын атынан келип чыккан. Римдиктер Жаңы жылды жакшы майрамдаса, кийинки жыл да жакшы болот деп ишенишкен («The World Book Encyclopedia»).

7. Жахабанын Күбөлөрү Жаңы жыл менен Ноорузду эмне үчүн майрамдашпайт?

7 Ал эми жаздын келишине байланыштуу өткөрүлгөн Нооруз майрамы тууралуу эмне деп айтууга болот? Айрым окумуштуулардын изилдөөсүнө ылайык, ал майрам байыркы Месопотамияда тамыр алган жана табият күчтөрүнө сыйынуу каадалары менен өзгөчөлөнгөн. Кийинчерээк аны зороастризм (отко табынуу) динин туткандар да майрамдап калышкан. Зороастризм динин туткандардын негизги майрамдарынын бири болуп калган Нооруз майрамы кыштын аякташы, жаздын келиши, ошондой эле ата-бабаларды эскерүү менен байланыштуу болгон («Zoroastrians In Iran, E. A. Doroshenko»). Жахабанын Күбөлөрү Жаңы жыл менен Ноорузду эмне үчүн майрамдашпайт? Анткени алар дайыма Кудайга жаккан иштерди кылууну каалайт.

ТУУЛГАН КҮН

8, 9. Исанын алгачкы жолдоочулары туулган күндү эмне үчүн белгилешкен эмес?

8 Бүгүнкү күндө туулган күндү белгилөө аябагандай кеңири жайылган. Жахабанын Күбөлөрү туулган күндү белгилешеби? Ыйык Китепте айрым кишилердин туулган күнүн белгилешкени жазылган. Бирок алар Жахабага сыйынышкан эмес (Башталыш 40:20; Марк 6:21). Туулган күн жалган кудайлардын урматына өткөрүлгөн майрам болгон. Ошондуктан Исанын алгачкы жолдоочулары «туулган күндү, ал кимдики болбосун, бутпарастардын каада-салты катары эсептешчү» («The World book Encyclopedia»).

9 Байыркы римдиктер менен гректер ар бир кишинин туулган күнү кайсы бир кудайдын туулган күнүнө дал келерине ишенишкен. Алар ошол кудай менен байланышы бар рух кишинин туулган күнүндө анын жанында болот деп эсептешкен. Эгер киши ал рухтун аны өмүр бою коргоп жүрүшүн кааласа, туулган күнүн белгилеши керек болгон.

10. Эмне үчүн биз туулган күндү белгилебейбиз?

10 Жалган дин менен байланышы бар майрамдарга Жахаба Кудай кандай карайт деп ойлойсуңар? (Ышая 65:11, 12) Албетте ал аларды жактырбайт. Мына ошондуктан биз туулган күндү жана жалган дин менен байланышы бар башка майрамдарды белгилебейбиз.

МАЙРАМДАРДЫН КЕЛИП ЧЫГЫШЫН ЭСКЕ АЛУУ МААНИЛҮҮБҮ?

11. Айрымдар майрамдарды эмне үчүн белгилешет? Биз үчүн баарынан да эмне маанилүү болушу керек?

11 Айрымдар Жаңы жылдын, туулган күндүн жана башка майрамдардын келип чыгышын билсе да аларды белгилей беришет. Алар андай күндөрдү тек гана үй-бүлөсү менен чогуу болуп, жагымдуу убакыт өткөрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк катары көрүшөт. Силер да ошондой ойдосуңарбы? Албетте, үй-бүлө менен убакыт өткөрүүнүн эч жаман жери жок. Үй-бүлөнү негиздеген Жахаба үй-бүлөбүз менен ынак болушубузду каалайт (Эфестиктер 3:14, 15). Бирок биз туугандарыбыздын көңүлүнө карап жалган дин менен байланышы бар майрамдарды белгилебей, биринчи кезекте Жахаба Кудай менен болгон мамилебизди ойлошубуз керек. Ошондуктан элчи Пабыл: «Теңирге эмне жагарын баамдап биле бергиле»,— деп айткан (Эфестиктер 5:10).

12. Кандай майрамдар Жахабага жакпайт?

12 Көптөр майрамдын каяктан келип чыкканы маанилүү деле эмес деп эсептешет, бирок Жахаба үчүн бул абдан маанилүү. Жалган кудайларга сыйынуу менен байланышы бар майрамдар, ошондой эле кайсы бир адам даңазаланган же патриоттук майрамдар ага жакпайт. Маселен, мисирликтер өздөрүнүн жалган кудайларынын урматына көптөгөн майрамдарды өткөрүшчү. Ысрайылдыктар Мисирдин кулчулугунан бошонушкандан кийин алардын майрамдарынын бирине окшоштуруп майрам өткөрүшүп, аны «Жахабага арналган майрам» деп аташкан. Бирок андай кылганы үчүн Жахаба аларды жазалаган (Чыгуу 32:2—10). Ооба, элчи Пабыл айткандай, «арам нерсеге жолобошубуз» керек. (Окугула: 2 Корунттуктар 6:17.)

БАШКАЛАРДЫН СЕЗИМИН ОЙЛОГУЛА

13. Майрамдарды белгилебөөнү чечкениңерде эмнеге кабатыр болушуңар мүмкүн?

13 Майрамдарды белгилебөөнү чечкениңерде: «Жумуштагылар: „Жаңы жылды эмне үчүн белгилебейсиң?“— деп сураса, эмне деп жооп берем? Кимдир бирөө мага майрамга карата белек берсе, эмне кылам? Өмүрлүк жарым кайсы бир майрамды белгилешимди каалап жатсачы? Кайсы бир майрамды же балдарымдын туулган күнүн белгилебегендиктен балдарым өздөрүн жаман сезбеши үчүн эмне кылсам болот?» — деп кабатыр болушуңар мүмкүн.

14, 15. Кимдир бирөө кайсы бир майрам менен куттуктаса же ошого карата белек берсе, эмне кылсаңар болот?

14 Жагдай ар кандай болот. Андыктан ар бир жагдайга өзүнчө карап, эмне кылышты жана кантип жооп беришти жакшылап ойлонгонуңар маанилүү. Алсак, кимдир бирөө силерди кайсы бир майрам менен жөн гана куттуктаса, рахмат айтып койсоңор болот. Ал эми эмне үчүн майрамдабай турганыңарды билгиси келип жаткандарга анын себебин түшүндүрүп берсеңер болот. Бирок, кандай болбосун, ар дайым жумшак, сылык-сыпаа болгула жана ар бир адамдын кадыр-баркын сыйлай билгиле. Ыйык Китепте: «Сөзүңөр дайыма жагымдуу, туз менен татытылгандай болсун, ошондо ар бир адамга кантип жооп берүү керектигин билесиңер»,— деп жазылган (Колосалыктар 4:6). Мисалы, досторуңар менен чогуу убакыт өткөрүп, алар менен пикирлешүү, белек берүү силерге жагарын, бирок андай нерселердин майрамга байланыштуу болушун каалабай турганыңарды түшүндүрүп береттирсиңер.

15 Ал эми кимдир бирөө белек берсечи? Ыйык Китепте ар бир жагдайга карата эрежелердин тизмеси берилген эмес. Бирок ал китепте абийирибизди таза сакташыбыз керектиги жазылган (1 Тиметей 1:18, 19). Белек берген киши силердин ал майрамды белгилебей турганыңарды билбеши мүмкүн. Же болбосо: «Майрамдабай турганыңды билем, бирок баары бир деле сага ушул белекти бергим келип жатат»,— деши мүмкүн. Андай жагдайларда белекти алабы же жокпу, ар ким өзү чечет. Эң негизгиси, абийирибизди таза сакташыбыз керек. Биз Жахаба менен болгон мамилебизге доо кетире турган нерселердин бирин да кылгыбыз келбейт.

МАЙРАМДАР ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨҢӨР

Жахаба Кудайга кызмат кылгандар бактылуу

16. Кайсы бир майрамды белгилөөнү үй-бүлөңөр каалап жатса, эмне кылсаңар болот?

16 Кайсы бир майрамды белгилөөнү үй-бүлөңөр каалап жатсачы? Андайда алар менен талашып-тартышуунун кереги жок. Эмне кылууну алар өздөрү чечүүгө укуктуу экенин унутпагыла. Алардын силердин көз карашыңарды сыйлашын каалаганыңардай эле, силер да алардын көз карашын сыйлагыла. (Окугула: Матай 7:12.) Ал эми майрам күнү үй-бүлөңөр алар менен чогуу болушуңарды каалап жатсачы? Эмне кылышты чечерден мурун туура чечим чыгарууга жардам беришин сурап Жахабага кайрылгыла. Жагдайыңар жөнүндө ойлонуп, ал майрамга байланыштуу маалымат издеп көргүлө. Эң негизгиси, Жахаба Кудайга жаккыдай иш кылуу керектигин унутпагыла.

17. Башкалардын майрамдарды белгилеп жатканын көргөндө балдарыңар өздөрүн жаман сезбеши үчүн, эмне кылсаңар болот?

17 Башкалардын майрамдарды белгилеп жатканын көргөндө балдарыңар өздөрүн жаман сезбеши үчүн, эмне кылыш керек? Кээде алар үчүн атайлап «майрам» уюштуруп турсаңар болот. Ошондой эле аларга белек даярдап койсоңор болот. Бирок балдарыңар үчүн эң жакшы белек — бул аларга бөлгөн убактыңар жана сүйүүңөр.

КУДАЙГА ЖАККАНДАЙ СЫЙЫНГЫЛА

18. Жыйналыштарга эмне үчүн барып турушубуз керек?

18 Жахабага жагууну кааласак, жалган динди четке кагып, аны менен байланышы бар каада-салттарга жана майрамдарга катышпашыбыз керек. Андан сырткары, Кудайга жаккан нерселерди кылышыбыз абзел. Маселен, Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарына дайыма барып турганыбыз жакшы. (Окугула: Еврейлер 10:24, 25.) Андай жыйналыштар Кудайга сыйынуунун абдан маанилүү бөлүгү болуп эсептелет (Забур 22:22; 122:1). Ал жактан бири-бирибизге дем-күч бере алабыз (Римдиктер 1:12).

19. Ыйык Китептен билгендериңерди башкаларга айтканыңар эмне үчүн маанилүү?

19 Ошондой эле Ыйык Китептен билгендерибизди башкаларга да айтканыбыз маанилүү. Бүгүнкү күндө көптөр дүйнөдө болуп жаткан нерселерди ойлоп зээни кейүүдө (Жезекиел 9:4). Балким, силер да андай адамдарды билеттирсиңер. Ошондуктан келечекке болгон үмүтүңөр жөнүндө аларга да айткыла. Жыйналыштарга барсаңар жана Ыйык Китептен билген чындыкты башкаларга айтып бөлүшсөңөр, жалган динден жана ага байланышкан каада-салттардан барган сайын алыстай бересиңер. Кудайга ага жаккандай жол менен сыйынууну чечкениңер үчүн, ал силерге батасын берерине жана бактылуу болоруңарга шектенбесеңер болот (Малаки 3:10).