Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

15-БӨЛҮМ

Кудайга кандай сыйынуу жагат?

Кудайга кандай сыйынуу жагат?

1. Кудайга сыйынуунун туура жолун ким гана көрсөтө алат?

ДЭЭРЛИК бардык диндер Кудай жөнүндө чындыкты окутарын айтышат. Бирок андай болушу мүмкүн эмес. Себеп дегенде ар кайсы диндин Кудай жөнүндөгү жана ага сыйынуу жөнүндөгү окуулары ар башка. Анда канткенде Кудайга жаккандай сыйына алабыз? Буга байланыштуу туура жолду Жахаба Кудай гана көрсөтө алат.

2. Кудайга кандай сыйынуу жагарын каяктан биле алабыз?

2 Жахаба Кудайга жаккандай сыйына алышыбыз үчүн, ал Ыйык Китепти жаздырган. Андыктан Ыйык Китепти окуп-изилдесек, Жахаба анда жазылгандарды түшүнгөнгө жана жашообузда колдонгонго жардам берет. Анткени ал бизге чындап кам көрөт (Ышая 48:17).

3. Кудай биздин эмне кылышыбызды каалайт?

3 Айрымдар Кудай бардык диндерди бирдей кабыл алат деп айтышат. Бирок мындай көз караш Иса пайгамбардын айткандарына дал келбейт. Ал: «„Мырзам, Мырзам“ деп кайрылгандардын баары эле асман Падышалыгына кире бербейт, асмандагы Атамдын эркин аткаргандар гана кирет»,— деген. Андыктан Кудайдын көз карашы кандай экендигин билгенибиз жана анын эркин аткарганыбыз маанилүү. Буга абдан олуттуу кароо керек, анткени Иса пайгамбар Кудайга баш ийбегендерди «мыйзамсыз иш кылгандар» деп атап, кылмышкерлерге салыштырган (Матай 7:21—23).

4. Кудайдын эркин аткарууга байланыштуу Иса пайгамбар эмне деген?

4 Иса пайгамбар Кудайдын эркин аткарып, ага жаккандай иш кылуу дайыма эле оңойго турбасын эскерткен. Ал: «Тар дарбазадан киргиле, анткени чоң жана кенен жол өлүмгө алып барат. Ал жолдо бараткандар көп. Ал эми тар дарбаза менен кууш жол өмүргө алып барат. Ал жолду тапкандар аз»,— деген (Матай 7:13, 14). Бул аяттагы кууш жол, тактап айтканда, Кудайга жаккандай сыйынуу түбөлүк өмүргө алып барат. Ал эми кенен жол, башкача айтканда, Кудайга жакпаган сыйынуу өлүмгө алып барат. Бирок Жахаба Кудай бир да кишинин өлүшүн каалабайт. Ал ар бир адамга аны таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө (2 Петир 3:9).

КУДАЙГА КАНДАЙ СЫЙЫНУУ ЖАГАТ?

5. Кудайга жаккандай жол менен сыйынгандарды эмнесинен билүүгө болот?

5 Иса пайгамбар Кудайга жаккандай жол менен сыйынгандарды башкалардан кантип айырмаласа болорун айткан. Ал үчүн алардын ишенген нерселерине жана иштерине көңүл бурушубуз керек. Иса: «Аларды жемиштеринен билесиңер»,— деген. Андан соң: «Ар бир жакшы дарак жакшы жемиш берет»,— деп кошумчалаган (Матай 7:16 шилт., 17). Албетте, анын бул сөздөрү Кудайга туура жол менен сыйынгандардын кемчилиги болбой турганын билдирбейт. Ошентсе да Кудайдын чыныгы кызматчылары туура иш кылууга дайыма аракет кылышат. Эмесе, аларды кантип айырмалай аларыбызга токтололу.

6, 7. Кудайга жаккандай сыйынгандардын ишенген нерселери эмне үчүн Ыйык Китепке негизделиши керек? Иса Машаяктан кандай үлгү алсак болот?

6 Ишенген нерселери Ыйык Китепке негизделет. Ыйык Китепте: «Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган жана окутуу үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилдик жолунда тарбиялоо үчүн пайдалуу. Ошонун аркасында Кудайдын кишиси ар тараптуу билимге ээ болуп, ар кандай жакшы ишке толугу менен даяр болот»,— деп жазылган (2 Тиметей 3:16, 17). Элчи Пабыл ишенимдештерине: «Силер бизден уккан Кудайдын сөзүн адамдын сөзүндөй эмес, Кудайдын сөзүндөй кабыл алдыңар»,— деген (1 Тесалоникалыктар 2:13). Туура сыйынуу адамдардын көз карашына, каада-салттарына же дагы башка нерселерге эмес, Кудайдын Сөзүнө — Ыйык Китепке — негизделет.

7 Иса пайгамбар окуткан нерселеринин баарын Кудайдын Сөзүнө негиздеген. (Окугула: Жакан 17:17.) Ал Кудайдын Сөзүнөн көп цитата кылчу (Матай 4:4, 7, 10). Кудайдын чыныгы кызматчылары да Исадан үлгү алып, окуткан нерселерин Ыйык Китепке негиздешет.

8. Иса пайгамбар Жахаба Кудайга сыйынууга байланыштуу эмнелерди айткан?

8 Жахаба Кудайга гана сыйынышат. Забур 83:18де: «Сенин ысмың Жахаба экенин, жер үстүндөгү эң Жогорку Кудай жалгыз сен экениңди баары билсин»,— делет. Иса пайгамбар адамдардын чыныгы Кудай ким экендигин билишин каалаган жана аларга анын ысымын ачып берген. (Окугула: Жакан 17:6.) Бир жолу ал: «Кудайың Жахабага сыйын, ага гана ыйык кызмат кыл»,— деген сөздөрдү айткан (Матай 4:10). Андыктан Кудайга кызмат кылгандар катары Иса пайгамбардан үлгү алышыбыз керек. Биз жалгыз гана Жахаба Кудайга сыйынабыз жана ал тууралуу сөз кылганда, ага кайрылып тиленгенде анын ысымын колдонобуз. Ошондой эле анын ысымын жана келечекте эмнелерди кыларын башкаларга да айтабыз.

9, 10. Бири-бирибизди сүйөрүбүз эмнеден көрүнөт?

9 Бири-бирин чындап сүйүшөт. Иса пайгамбар шакирттерин бири-бирин сүйүүгө чакырган. (Окугула: Жакан 13:35.) Бул алардын бири-бирин тек жайы, улуту кандай болбосун, бай болобу, кедей болобу, сүйүшү керектигин билдирген. Андай сүйүү бири-бирибизди бир туугандай көрүп, бирдиктүү болгонго түрткү бериши кажет (Колосалыктар 3:14). Ошондуктан биз согуштарга катышпайбыз жана киши өлтүрбөйбүз. Ыйык Китепте: «Туура иш кылбаган адам, бир тууганын сүйбөгөн адамдай эле, Кудайдан эмес. Кудайдын балдары менен Ибилистин балдарын ушундан айырмалап билүүгө болот»,— делген. Ошондой эле: «Бири-бирибизди сүйүшүбүз керектигин... унутпагыла. Кара өзгөйдөн болгон жана бир тууганын өлтүрүп койгон Кабылдай болбойлу»,— деп да жазылган (1 Жакан 3:10—12; 4:20, 21).

10 Биз бири-бирибизге жардам берип, күч-кубат бериш үчүн убактыбызды, күчүбүздү, колубузда болгон нерселерди аябайбыз жана «баарына... жакшылык кылганга» умтулабыз (Галатиялыктар 6:10; Еврейлер 10:24, 25).

11. Куткарылуу Иса Машаяк аркылуу гана мүмкүн экендигине эмне үчүн ишенишибиз керек?

11 Куткарылуу Иса Машаяк аркылуу гана мүмкүн экендигине ишенишет. Ыйык Китепте Иса Машаяк тууралуу: «Адамдарды андан башка эч ким куткара албайт, анткени куткарылышыбыз үчүн асман астында адамдарга берилген башка ысым жок»,— деп жазылган (Элчилер 4:12). Ушул китептин 5-бөлүмүнөн Кудай Иса Машаякты жерге жибергенин окуганбыз. Кудайга баш ийген адамдар куткарылышы үчүн, Иса жерге келип, өз өмүрүн кун катары берген (Матай 20:28). Жахаба аны бүт жер жүзүн башкара турган Падыша кылып дайындаган. Ошо себептен Ыйык Китепте, эгер түбөлүк жашагыбыз келсе, Иса Машаякка баш ийишибиз керектиги айтылган. (Окугула: Жакан 3:36.)

12. Эмне үчүн саясатка аралашпайбыз?

12 Саясатка аралашышпайт. Жерде жүргөндө Иса пайгамбар саясатка аралашкан эмес. Суракка алынып жатканда ал Рим башкаруучусу Понтий Пилатка: «Менин Падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес»,— деп айткан. (Окугула: Жакан 18:36.) Биз да андан үлгү алып, Кудайдын Падышалыгын гана колдойбуз. Ошондуктан, кайсы жерде жашабайлы, саясатка аралашпайбыз. Ошол эле учурда Ыйык Китептеги «жогорку бийликтерге баш ийгиле» деген буйрукка ылайык иш кылабыз (Римдиктер 13:1). Өзүбүз жашап жаткан өлкөнүн мыйзамдарына баш иебиз. Ал эми өлкөнүн мыйзамы Кудайдын мыйзамына каршы келген учурларда, элчилердей болуп, «адамдарга эмес, биринчи кезекте башкаруучубуз Кудайга баш иебиз» (Элчилер 5:29; Марк 12:17).

13. Кудайдын Падышалыгы тууралуу эмне болгон кабарды жарыялайбыз?

13 Адамзаттын көйгөйлөрүнүн баарын Кудайдын Падышалыгы гана чечерине ишенишет. Иса пайгамбар «Падышалык жөнүндөгү... жакшы кабар» бүт дүйнө жүзүнө таратыларын айткан. (Окугула: Матай 24:14.) Адамдар башкарган бир да өкмөт Кудайдын Падышалыгы ишке ашыра турган нерселерди кыла албайт (Забур 146:3). Иса пайгамбар Кудайдын Падышалыгы жөнүндө: «Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын»,— деп тиленишибиз керектигин айткан (Матай 6:10). Ыйык Китепте Кудайдын Падышалыгы бардык адамдык өкмөттөрдү жок кылып, «өзү болсо түбөлүк турары» айтылган (Даниел 2:44).

14. Кудайга кимдер туура жол менен сыйынат деп ойлойсуңар?

14 Бул нерселерди билгенден кийин: «Кайсы динди туткандар окууларын Ыйык Китепке негиздейт? Кудайдын ысымын башкаларга кимдер жарыялап жатат? Кимдер бири-бирин чындап сүйөт? Кимдер Кудай Иса Машаякты адамзатты куткарыш үчүн жибергенине ишенет? Кайсы диндин өкүлдөрү саясатка аралашпайт? Дүйнөдөгү көйгөйлөрдү Кудайдын Падышалыгы гана чечерин кимдер жарыялап жатат?» — деп ойлонуп көргүлө. Ушул суроолордун баарына «Жахабанын Күбөлөрү» деп ишенимдүү түрдө жооп берүүгө болот (Ышая 43:10—12).

СИЛЕР ЭМНЕ КЫЛАСЫҢАР?

15. Кудайга жаккандай сыйынгыбыз келсе, эмне кылышыбыз зарыл?

15 Кудайдын бар экендигине эле ишенип коюу жетишсиз. Атүгүл жин-перилер деле анын бар экенине ишенишет, бирок ага баш ийишпейт (Жакып 2:19). Кудайга жаккандай сыйынгыбыз келсе, ага ишенгенден тышкары, айткандарын аткарышыбыз кажет.

16. Эмне үчүн жалган динди четке кагышыбыз керек?

16 Кудай биздин сыйынуубузду кабыл кылышы үчүн, жалган динди четке кагышыбыз керек. Ышая пайгамбар жалган динден чыгууга үндөп: «Өзүңөрдү булгабагыла»,— деген (Ышая 52:11; 2 Корунттуктар 6:17). Мына ошондуктан жалган дин менен байланышы бар нерселердин баарынан алыс болушубуз зарыл.

17, 18. «Улуу Бабыл» деген эмне жана эмне үчүн андан тезинен чыгуу керек?

17 Жалган дин деген эмне? Кудайга Ыйык Китепке ылайык келбеген жол менен сыйынууну үйрөткөн диндердин баары жалган дин болуп эсептелет. Ыйык Китепте бардык жалган диндер «Улуу Бабыл» деп аталат (Аян 17:5). Эмне үчүн? Анткени Нух пайгамбардын күндөрүндөгү Топон суудан кийин Бабыл деген шаарда көптөгөн жалган окуулар тамыр алган. Анан ошол жактан бүт дүйнө жүзүнө тараган. Мисалы, ал шаарда жашагандар үч кудайдан турган топ кудайларга сыйынышкан. Бүгүнкү күндө да көптөгөн диндер Кудайды Үчилтик деп окутушат. Бирок Ыйык Китепте жападан жалгыз бир гана Кудай бар экени, ал Жахаба экени жана Иса Машаяк анын Уулу экени жазылган (Жакан 17:3). Ошондой эле бабылдыктар адам өлсө да, жаны өлбөй турганына жана ал тозокко түшүп кыйналышы мүмкүн дегенге ишенишкен. Бирок булар — жалган окуулар (14, 17, 18-тиркемени карагыла).

18 Кудай алдын ала айткандай, жакында жалган диндер жок кылынат (Аян 18:8). Андыктан жалган динден мүмкүн болушунча тезирээк чыгуу аябагандай маанилүү. Жахаба Кудай силердин кеч болуп кала электе иш-аракет кылышыңарды каалайт (Аян 18:4).

Жахабага анын эли менен бирге сыйынуунун аркасында миллиондогон адамдардан турган чоң үй-бүлөнүн мүчөсү боло аласыңар

19. Жахаба Кудайга сыйынууну чечсеңер, эмнелерге ээ болосуңар?

19 Жалган динден чыгып, Жахаба Кудайга сыйынууну чечкениңерде, үй-бүлөңөр же досторуңар силерди түшүнбөшү, атүгүл каршы чыгышы ыктымал. Бирок Жахаба Кудай силерди эч качан таштабайт. Силер бири-бирин чындап сүйгөн миллиондогон адамдардан турган бүткүл дүйнөлүк үй-бүлөнүн мүчөсү боло аласыңар жана Кудай убада кылган жаңы заманда түбөлүк жашоого үмүттөнө аласыңар (Марк 10:28—30). Андан сырткары, убакыттын өтүшү менен үйүңөрдөгүлөр, досторуңар да Ыйык Китепти изилдеп көрүүнү чечиши мүмкүн.

20. Азыртан Жахабага жаккандай сыйынганыбыз эмне үчүн маанилүү?

20 Жакында Кудай жер бетиндеги жамандыктын баарын жок кылат жана бүт дүйнөнү анын Падышалыгы башкарат (2 Петир 3:9, 13). Ошондо жашоо кандай гана сонун болот! Бардык адамдар Жахабага ал каалагандай сыйынышат. Ошо себептен азыртан Жахаба Кудайга жаккандай сыйынганыбыз маанилүү.