Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

8-БӨЛҮМ

Кудайдын Падышалыгы деген эмне?

Кудайдын Падышалыгы деген эмне?

1. Кийинки абзацтардан эмнени талкуулайбыз?

ИСА МАШАЯК бир жолу шакирттерине Кудайдан кантип тилениш керектигин үйрөткөн. Анын ошондо айткандары терең мааниге ээ. Ал эмнелерди айткан? Анын сөздөрүнө эмне үчүн маани беришибиз керек?

2. Иса Машаяк кайсы үч маанилүү нерсе тууралуу тиленишибиз керектигин айткан?

2 Иса Машаяк аларга: «Ошондуктан мындай деп тиленгиле: „Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын. Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын“»,— деген. (Окугула: Матай 6:9—13.) Ал эмне үчүн ушул үч нерсе тууралуу тиленишибиз керектигин айткан? (20-тиркемени карагыла.)

3. Кудайдын Падышалыгына байланыштуу кайсы суроолорго жооп алабыз?

3 Буга чейин Кудайдын ысмы Жахаба экенин билгенбиз. Мындан тышкары, Кудайдын адамзатка жана жерге карата кандай ой-ниети бар экенин карап чыкканбыз. Бирок Иса пайгамбардын «Падышалыгың келсин» деп айтканы эмнени билдирет? Бул бөлүмдөн: «Кудайдын Падышалыгы деген эмне? Ал эмнелерди ишке ашырат? Ал аркылуу кандайча Кудайдын ысымы ыйыкталат?» — деген суроолорго жооп алабыз.

КУДАЙДЫН ПАДЫШАЛЫГЫ ДЕГЕН ЭМНЕ?

4. Кудайдын Падышалыгы деген эмне жана анын Падышасы ким?

4 Жахаба Кудай асманда өкмөтүн орнотуп, анын Падышасы катары Иса Машаякты тандаган. Ал өкмөт Ыйык Китепте Кудайдын Падышалыгы деп аталат. Ал эми Иса Машаяк жөнүндө «падышалык кылгандардын Падышасы, мырзалардын Мырзасы» деп айтылат (1 Тиметей 6:15). Иса адамзат үчүн бийлик башындагылардын бири да кыла албай турган нерселерди кыла алат. Бардык өкмөт башчылары бириккен күндө да, күч-кубат жагынан ага тең келе алышпайт.

5. Кудайдын өкмөтү каяктан бийлик жүргүзөт жана каякты башкарат?

5 Иса Машаяк тирилгенден кырк күн өткөндөн кийин асманга кеткен. Убагы келгенде Жахаба аны Падышалыктын Падышасы кылып дайындаган (Элчилер 2:33). Кудайдын өкмөтү жер бетине асмандан бийлик жүргүзөт (Аян 11:15). Ошондуктан Ыйык Китепте ал өкмөт «асман Падышалыгы» делет (2 Тиметей 4:18).

6, 7. Эмне үчүн бир да өкмөт башчысы Иса Машаякка тең келе албайт?

6 Жалгыз гана Иса Машаяк «өлбөстүккө ээ» болгондуктан, Ыйык Китепте анын бардык өкмөт башчыларынан жогору турары айтылат (1 Тиметей 6:16). Бийликтегилердин кимиси болбосун акыры өлөт, ал эми Иса Машаяк эч качан өлбөйт. Анын адамзат үчүн кылгандары түбөлүккө пайда алып келет.

7 Ыйык Китепте анын чынчыл жана боорукер Падыша болору мындай деп алдын ала айтылган: «Ага Жахабанын руху, акылмандык менен түшүнүк руху, кеңеш менен кудурет руху, билим менен Жахабадан коркуу руху түшөт. Ал Жахабадан коркуудан ырахат алат. Ал көзүнүн көргөнү боюнча соттобойт, кулагынын укканы боюнча ашкерелебейт, бей-бечараларды адилдик менен соттойт» (Ышая 11:2—4). Силерди ушундай падыша башкарышын каалайт белеңер?

8. Исанын жалгыз бийлик жүргүзбөй турганын кайдан билебиз?

8 Кудай асманда Иса Машаяк менен бирге бийлик кылышы үчүн айрым адамдарды тандап алган. Алсак, элчи Пабыл Кудайдын Тиметей деген кызматчысына: «Туруктуу болсок, аны менен бирге падышалык кылабыз»,— деп айткан (2 Тиметей 2:12). Иса Машаяк менен бийлик жүргүзө тургандардын саны канча?

9. Иса менен бирге бийлик жүргүзө тургандардын саны канча? Кудай аларды качантан тартып тандай баштаган?

9 7-бөлүмдө айтылгандай, элчи Жакан аян алганда Иса Машаяктын асманда 144 000 падыша менен бирге турганын көргөн. Алар кимдерди билдирет? Элчи Жакан алардын «чекелерине анын [Исанын] жана Атасынын ысмы жазылганын» айткан. (Окугула: Аян 14:1.) Андан ары алар жөнүндө мындай деп кошумчалаган: «Козу кайда барбасын, анын артынан ээрчип жүргөндөр. Алар адамдардын арасынан... сатылып алынган» (Аян 14:4). «Жер үстүнөн падышалык кылууга» Кудай тандап алган ал 144 000 падыша — Иса Машаяктын ишенимдүү жолдоочулары (Аян 5:10). 144 000 падышанын тобуна кире турган ал адамдарды Жахаба 1-кылымдан тартып тандай баштаган.

10. Адамзатты Иса жана 144 000 падыша башкарарынан кандайча Жахабанын сүйүүсү көрүнүп турат?

10 Жахабанын Иса Машаяк менен бирге бийлик жүргүзө тургандарды адамдардын арасынан тандаганы анын камкордугун көрсөтүп турат. Иса Машаяк адам баласын жакшы түшүнгөндүктөн эң мыкты башкаруучу болот. Ал адам болуу кандай экендигин, азап тартуу деген эмне экенин жон териси менен сезип көргөн. Элчи Пабыл анын «биз сыяктуу бардык жагынан сыналганын» жана «алсыздыктарыбызды» билерин айткан (Еврейлер 4:15; 5:8). 144 000 падыша да адам болуп жашоо кандай экенин билет, алар да жеткилең эмес болушкан жана оору-сыркоонун азабын тартышкан. Ошондуктан Иса Машаяк да, 144 000 падыша да сезимдерибизди эле эмес, кандай кыйынчылыктар менен күрөшүп жатканыбызды да билеринен шектенбесек болот.

КУДАЙДЫН ПАДЫШАЛЫГЫ ЭМНЕЛЕРДИ ИШКЕ АШЫРАТ?

11. Иса Машаяк эмне үчүн шакирттерин Кудайдын эркинин асманда аткарылышын сурап тиленүүгө үйрөткөн?

11 Иса Машаяк шакирттерине Кудайдан анын эрки, асмандагыдай эле, жерде да аткарылышын сурап тиленүүнү үйрөткөн. Бирок ошол учурда асмандагылардын бардыгы Кудайдын эркин аткарышчу эмес. Анткени, 3-бөлүмдөн билгенибиздей, Шайтан Жахабага каршы чыккан. Шайтан козголоң чыгаргандан кийин, Жахаба ага жана ага кошулуп кеткен периштелерге, тактап айтканда, жиндерге кайсы бир убакка чейин асманда болууга жол берген. Ошо себептен асмандагылардын баары эле Кудайдын эркин аткара беришкен эмес. Шайтан жана жин-перилер жөнүндө 10-бөлүмдөн көбүрөөк билебиз.

12. Аян 12:10до кандай эки маанилүү нерсе сүрөттөлөт?

12 Ыйык Китепте Иса Машаяк Кудайдын Падышалыгынын Падышасы болгондон кийин Шайтанга каршы согуш жүргүзмөктүгү айтылган. (Окугула: Аян 12:7—10.) 10-аятта эки маанилүү нерсе: Иса Машаяктын Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары башкара башташы жана Шайтандын асмандан жерге куулуп түшүрүлүшү сүрөттөлөт. Бул окуялардын аткарылганын кийинки бөлүмдөрдөн билебиз.

13. Шайтан жерге куулуп түшүрүлгөндө асманда эмне болгон?

13 Ыйык Китепте Шайтан жана анын жин-перилери жерге куулуп түшкөндө Кудайга ишенимдүү периштелердин кубанганы айтылат. Ыйык Китепте: «Асман жана анда жашагандар, кубангыла»,— деп жазылган (Аян 12:12). Азыр асманда бейкуттук жана биримдик өкүм сүрөт, анткени бардыгы Кудайдын эркин аткарышат.

Шайтан менен жин-перилер асмандан куулуп түшүрүлгөндөн тартып жер бетинде азап-кайгы көбөйүүдө. Бирок азап-кайгы жакында жок болот

14. Шайтан жерге куулуп түшүрүлгөндүктөн, жерде кандай абал өкүм сүрүүдө?

14 Ал эми жер бетиндеги жашоо такыр башкача. «Ибилис убактысынын аз калганын билип», жерге «катуу каары менен түшкөндүктөн», адамзат азапка малынып жатат (Аян 12:12). Асмандан куулуп түшүрүлгөндүктөн жана жакында жок болорун билгендиктен Шайтан абдан каарданууда. Ал адамзатты кайгы-муңга батырып, азапка салыш үчүн бүт күчүн жумшап жатат.

15. Кудайдын жерге карата ой-ниети кандай?

15 Бирок Кудайдын жерге карата ой-ниети өзгөргөн жок. Ал, башындагыдай эле, жеткилең адамдардын бейиште түбөлүк жашашын каалайт (Забур 37:29). Кудайдын Падышалыгы муну кандайча ишке ашырат?

16, 17. Даниел 2:44төн Кудайдын Падышалыгы жөнүндө эмнени билүүгө болот?

16 Даниел 2:44тө мындай делет: «Ошол падышалардын күндөрүндө асман Кудайы эч качан кыйратылбай турган Падышалыкты орнотот. Ал Падышалык бир да элге өткөрүлүп берилбейт. Ал ушул падышалыктардын баарын талкалайт, жок кылат, өзү болсо түбөлүк турат». Бул пайгамбарлык сөздөн Кудайдын Падышалыгы тууралуу эмнени биле алабыз?

17 Биринчиден, Кудайдын Падышалыгы «ошол падышалардын күндөрүндө», жер жүзүндөгү өкмөттөр күчүндө болгон кезде, бийлик жүргүзө баштамак. Экинчиден, Кудайдын Падышалыгы түбөлүк турмак жана анын ордуна башка өкмөт келмек эмес. Үчүнчүдөн, Кудайдын Падышалыгы менен азыркы дүйнөдөгү өкмөттөрдүн ортосунда согуш болмок. Кудайдын Падышалыгы жеңишке жетип, жерге бир эле өкмөт бийлик кылмак. Ошентип, адамзатты эң мыкты өкмөт башкармак.

18. Кудайдын Падышалыгы менен өкмөттөрдүн ортосундагы согуш эмне деп аталат?

18 Кудайдын Падышалыгы менен азыркы дүйнөдөгү өкмөттөрдүн ортосунда согуш башталардан мурун эмне болот? Армагедон деп аталган акыркы ал согуш башталганга чейин, «бүт дүйнөнүн падышалары» жиндердин таасири менен «Кудурети Күчтүү Кудайдын улуу күнүндө боло турган согушка чогулушат». Ооба, адамдык өкмөттөр Кудайдын Падышалыгына каршы согушушат (Аян 16:14, 16; 10-тиркемени карагыла).

19, 20. Бизди Кудайдын Падышалыгы башкарышына эмне үчүн муктажбыз?

19 Кудайдын Падышалыгынын башкарышына эмне үчүн муктажбыз? Буга үч себеп бар. Биринчиден, баарыбыз күнөөлүү болгондуктан ооруйбуз жана өлөбүз. Бирок Ыйык Китепте Кудайдын Падышалыгы башкарганда түбөлүк жашаарыбыз айтылган. Жакан 3:16да: «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди»,— деп жазылган.

20 Экинчиден, ыймансыз адамдардын арасында жашап жатабыз. Учурда башкаларды алдаган, адеп-ахлаксыз иштерди кылган адамдар көп. Алардын жаман иштерин токтото албайбыз. Бирок Кудай аларды, өзгөрүүнү каалашпагандыктан, Армагедон согушунда жок кылат. (Окугула: Забур 37:10.) Үчүнчүдөн, адамдык өкмөттөр дүйнөдөгү көйгөйлөрдү чече алышпайт жана мыйзамсыздык, таш боордук менен бийлик жүргүзүшөт. Алар адамдарга Кудайга баш ийип жашоого жардам беришпейт. Ыйык Китепте «адамдын адамга бийлик кылышы зыян алып келери» айтылган (Насаатчы 8:9).

21. Кудайдын жерге карата болгон эрки Падышалык аркылуу кандайча аткарылат?

21 Армагедондон кийин Кудайдын жерге карата болгон эрки анын Падышалыгы аркылуу аткарылат. Мисалы, Шайтан менен жиндер түпсүз туңгуюкка ыргытылат (Аян 20:1—3). Оору, өлүм жок болот. Кудайга берилген адамдар кун төлөнгөндүн аркасында Бейиште түбөлүк жашашат (Аян 22:1—3). Кудайдын Падышалыгы Кудайдын ысымын ыйыктайт. Бул эмнени билдирет? Кудайдын өкмөтү жер бетине бийлик жүргүзгөндө, бардык адамдар Жахабанын ысымын урматтап, аны даңкташат (21-тиркемени карагыла).

ИСА МАШАЯК КАЧАН ПАДЫША БОЛГОН?

22. Иса тирилгенден кийин дароо Падыша болбогонун кайдан билебиз?

22 Иса Машаяк шакирттерин: «Падышалыгың келсин»,— деп тиленүүгө үйрөткөн. Бул Кудайдын өкмөтү келечекте орномоктугун көрсөтүп турган. Жахаба Кудай адегенде ал өкмөттү орнотуп, анын Падышасы кылып Исаны дайындамак. Иса Машаяк асманга баргандан кийин дароо такка отурду беле? Жок, ал күтүшү керек болчу. Муну Иса Машаяк тирилгенден бир аз убакыт өткөндөн кийин элчи Петир менен элчи Пабылдын Забур 110:1де жазылган пайгамбарлык сөздүн Исага тиешелүү экенин түшүндүрүп бергенинен билүүгө болот. Ал аятта Жахаба: «Душмандарыңды бут алдыңа жыгып бергенимче, оң жагымда отур»,— деп айткан (Элчилер 2:32—35; Еврейлер 10:12, 13).

Кудайдын жерге карата болгон эрки Падышалык аркылуу аткарылат

23. а) Иса Машаяк качан Падыша катары бийлик жүргүзө баштаган? б) Кийинки бөлүмдөн эмнелер жөнүндө окуйбуз?

23 Иса качан бийлик жүргүзө баштаган? 1914-жылдан бир нече жыл мурун эле Кудайга бекем ишенген жүрөгү таза адамдардан турган чакан топ 1914-жыл маанилүү жыл болорун түшүнүшкөн. 1914-жылдан кийин болгон окуялар алардын айткандары туура экенин далилдеген. Иса Машаяк ошол жылы Падыша катары бийлик жүргүзө баштаган (Забур 110:2). Ал такка отургандан көп өтпөй эле Шайтанды жерге кууп түшүргөн. Ага берилген убакыт учурда соңуна чыгып баратат (Аян 12:12). Ыйык Китепте ал убакыт «акыркы күндөр» деп аталат. Кийинки бөлүмдө азыр акыркы күндөрдө жашап жатканыбыздын далилдерин карап чыгабыз. Ошондой эле жакында Кудайдын Падышалыгы Кудайдын жерге карата болгон эркин кантип ишке ашырарын билебиз (22-тиркемени карагыла).