Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-БӨЛҮМ

Кудай адамдардын жашоосу кандай болушун каалайт?

Кудай адамдардын жашоосу кандай болушун каалайт?

1. Кудай адамдардын жашоосу кандай болушун каалайт?

КУДАЙ адамдарды эң сонун ой-ниет менен жараткан. Ал алардын оору, карылык, өлүм дегенди билбей, телегейи тегиз болуп, бактылуу жашашын каалаган. Кудай Адам ата менен Обо энени жаратып, аларды Эйден деп аталган кооз бейиш багына жашатып койгон. Анын ой-ниетине ылайык, алар балалуу болуп, бүт жер бетин бейишке айландырып, жан-жаныбарларга кам көрүшмөк. Кудайдын ал ой-ниети өзгөргөн жок. Ал адамзаттын жашоосу ошондой болушун каалайт. (Башталыш 1:28; 2:8, 9, 15; 6-тиркемени карагыла.)

2. а) Кудайдын ой-ниети сөзсүз ишке ашарын кайдан билебиз? б) Кудай жерде кандай адамдардын жашашын жана канча убакыт жашашын каалайт?

2 Биз да кайсы бир учурда бейиште жашашыбыз мүмкүнбү? Жахаба Кудай: «Айтканымды аткарам, ойлогон оюмду орундатам»,— деген (Ышая 46:9—11; 55:11). Ооба, ал ой-ниетин сөзсүз ишке ашырат, ага эч ким тоскоолдук кыла албайт. Жахаба жерди «куру бекер эмес», белгилүү бир максатта жараткан (Ышая 45:18). Ал адамдардын бүт жер бетинде жашашын каалайт. Кудай жерде кандай адамдардын жашашын жана канча убакыт жашашын каалайт? Ыйык Китепте: «Адил [же Кудайга баш ийген] адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат»,— деп жазылган (Забур 37:29; Аян 21:3, 4).

3. Оору, өлүм эч кимден кыя өтпөгөндүктөн, кандай суроо туулат?

3 Бирок бүгүнкү күндө оору менен өлүм кыя өткөн бир да жан жок. Көптөгөн жерлерде адамдар бири-бирин өлтүрүп жатышат. Жахаба жашообуздун мындай болушун каалаган эмес. Анда эмне үчүн ушундай болуп жатат? Бул суроого Ыйык Китептен гана жооп ала алабыз.

КУДАЙДЫН ДУШМАНЫ

4, 5. а) Эйден багында жыланды колдонуп Обо энеге ким сүйлөгөн? б) Чынчыл киши кантип ууру болуп калат?

4 Ыйык Китепте Кудайдын «Ибилис жана Шайтан» деп аталган душманы бар экени айтылат. Шайтан Эйден багында Обо эне менен сүйлөшүш үчүн жыланды колдонгон (Аян 12:9; Башталыш 3:1). Шайтан жыланды сүйлөп жаткандай кылып көрсөткөн. (7-тиркемени карагыла.)

5 Кудай Шайтанды Шайтан кылып жаратканбы? Жок. Кудай жерди адамдар жашаш үчүн даярдап жатканда ал периште болчу, бирок кийин ою бузулуп, Шайтан болуп калган (Аюп 38:4, 7). Бул кандайча болушу мүмкүн эле? Чынчыл киши кантип ууру болуп калат? Ал ууру болуп төрөлбөйт, бирок бирөөнүн бир нерсесин самай башташы мүмкүн. Ошону эле ойлой бергендиктен, каалоосу күчөй берет. Анан мүмкүнчүлүк болгондо, уурулукка барат. Ошентип, ууру болуп калат. (Окугула: Жакып 1:14, 15; 8-тиркемени карагыла.)

6. Периштелердин бири кантип Кудайдын душманы болуп калган?

6 Шайтан Ибилис да так ошондой болгон. Кудай Адам ата менен Обо энеге балалуу болуп, жерди толтурушу керектигин айткан (Башталыш 1:27, 28). Шайтанга: «Адамдардын баары Кудайга эмес, мага сыйынса кана»,— деген ой келсе керек. Ошентип ойлонгон сайын Жахабага таандык нерсеге ээ болууну ого бетер көксөй берген: ал адамдардын ага сыйынышын каалаган. Ошо себептен Обо энеге жалган айтып, туура жолдон адаштырган. (Окугула: Башталыш 3:1—5.) Ошентип, ал Ибилис жана Шайтан деген атка конуп, Кудайдын душманы болуп калган.

7. а) Эмне үчүн Адам ата менен Обо эне өлүшкөн? б) Эмне үчүн биз карыйбыз жана өлөбүз?

7 Кудай Адам ата менен Обо энеге бир бактын жемишин жегенге тыюу салып, эгер андан жешсе, өлөрүн айткан. Бирок алар Кудайга тил албай, ал жемиштен жешкен (Башталыш 2:17; 3:6). Ошентип күнөө кылышкандыктан, Жахаба эскерткендей, убакыттын өтүшү менен өлүшкөн (Башталыш 3:17—19). Адам ата менен Обо эненин балдары да күнөөлүү болуп төрөлүшкөн, ошондуктан алар да өлүшкөн. (Окугула: Римдиктер 5:12.) Эмне үчүн Адам ата менен Обо эненин балдары да күнөөлүү болуп калганын түшүнүү үчүн бир мисалды карап көрөлү. Бир жери мырыйып калган көмөч казанга жасалган нанды элестетсеңер. Анын кемтиги нандын баарына түшөт. Кудайга тил албай койгондон кийин Адам ата күнөөлүү болуп калган, мындайча айтканда, «кемтиги» бар болуп калган. Биз анын урпактары болгондуктан, күнөөсү бизге да өткөн. Ошондуктан баарыбыз карыйбыз жана өлөбүз. (Римдиктер 3:23; 9-тиркемени карагыла.)

8, 9. а) Шайтан Адам ата менен Обо энени эмнеге ишендиргиси келген? б) Жахаба ага каршы чыккандарды эмне үчүн дароо жок кылып салган эмес?

8 Шайтан Адам ата менен Обо энени тил албастыкка түртүү менен Кудайга каршы чыккан. Ал Адам ата менен Обо энени Жахаба аларга жакшылык каалабаган жаман башкаруучу дегенге ишендиргиси келген. Шайтан адамдар Кудайдын жетегине муктаж эместигин жана Адам ата менен Обо эне эмне жакшы, эмне жаман экенин өздөрү чече аларын айткан. Жахаба эмне кылган? Ал өзүнө каршы чыккандарды жок кылып, козголоңду басып коюуга кудурети жетмек. Бирок анда Шайтандын жалганчы экени далилденет беле? Жок, далилденмек эмес.

9 Жахаба ал козголоңчуларды дароо жок кылган эмес. Ал адамдарга өздөрүн өздөрү башкарууга убакыт берген. Ошонун аркасында Шайтандын айтканы жалган экени жана канткенде адамзатка жакшы болорун Жахаба гана билери айкын болмок. Бул тууралуу ушул китептин 11-бөлүмүнөн кененирээк билебиз. Адам ата менен Обо эненин чечимине карата силер кандай ойдосуңар? Жахаба аларга баарын берген: аларды жеткилең кылып жараткан, жашай турган эң кооз жер, кызыктуу иш берген. Шайтан болсо бир да жакшылык кылган эмес. Алардын ордунда болсоңор, эмне кылат элеңер?

10. Ар бирибиз эмнени тандашыбыз керек?

10 Бүгүнкү күндө да ар бирибиз эки жолдун бирин тандашыбыз керек. Кайсынысын тандаарыбыздан өмүрүбүз көз каранды болот. Жахабага баш ийүүнү тандасак, Шайтандын жалганчы экенин далилдейбиз. Ал эми Шайтанга баш ийүүнү тандасак, өлүмдү тандаган болобуз. (Забур 73:28; окугула: Накыл сөздөр 27:11.) Учурда Кудайга баш ийгендер аз. Чынында, азыр дүйнөнү Кудай башкарган жок. Анда ким башкарууда?

ДҮЙНӨНҮ КИМ БАШКАРУУДА?

Бардык падышалыктар Шайтанга таандык болбосо, ал аларды Иса пайгамбарга сунуштай алат беле?

11, 12. а) Шайтандын Исага бул дүйнөнү сунуштаганынан эмнени билүүгө болот? б) Дүйнөнү Шайтан башкарарын кайсы аяттар көрсөтүп турат?

11 Бир жолу Шайтан Иса пайгамбарга «дүйнөдөгү бардык падышалыктарды жана алардын даңкын көрсөткөн». Анан: «Эгер чөгөлөп, мага бир эле жолу сыйынып койсоң, ушунун баарын сага берем»,— деген (Матай 4:8, 9; Лука 4:5, 6). Ойлонуп көрсөңөр, ал падышалыктар Шайтанга таандык болбосо, ал аларды Иса пайгамбарга сунуштай алат беле? Албетте, жок! Бул дүйнөдөгү өкмөттөрдүн баары Шайтандын бийлиги астында.

12 Силер: «Кандайча дүйнөнү Шайтан башкарышы мүмкүн? Ааламды Кудай жараткан эмеспи?!» — деп таң калышыңар ыктымал (Аян 4:11). Ооба, баарын Кудай жараткан, бирок Иса пайгамбар «бул дүйнөнүн башкаруучусу» Шайтан экенин айткан (Жакан 12:31; 14:30; 16:11). Элчи Пабыл Шайтанды атүгүл «бул дүйнөнүн кудайы» деп да атаган (2 Корунттуктар 4:3, 4). Элчи Жакан болсо: «Бүт дүйнөнүн Шайтандын бийлиги астында экенин билебиз»,— деп жазган (1 Жакан 5:19).

ШАЙТАНДЫН ДҮЙНӨСҮ КАНДАЙЧА ЖОК КЫЛЫНАТ?

13. Эмне үчүн жаңы заманга муктажбыз?

13 Дүйнөдөгү абал жылдан жылга оордоп баратат. Улам бир жерде согуш тутанып, паракорлук, эки жүздүүлүк, зордук-зомбулук күч алууда. Адамдар бардык көйгөйлөрдү, канча аракет кылышпасын, чече албай келет. Ал эми Кудай жакында дүйнөдөгү жамандыктын баарын Армагедон деп аталган согушта жок кылып, адилеттик өкүм сүргөн жаңы заманды орнотот. (Аян 16:14—16; 10-тиркемени карагыла.)

14. Кудай өзүнүн Падышалыгынын падышасы кылып кимди дайындаган? Иса Машаяк тууралуу Ыйык Китепте алдын ала эмне деп айтылган?

14 Кудай адилдик өкүм сүргөн ал жаңы заманды кантип орнотот? Ал аны асмандагы өкмөтү аркылуу орнотот. Ал өкмөт Кудайдын Падышалыгы деп аталат. Жахаба ал Падышалыктын Падышасы кылып Иса Машаякты дайындаган. Миңдеген жылдар мурун эле Ыйык Китепте Иса Машаяктын «Тынчтык төрөсү» болору жана анын бийлиги эч качан кулабай турганы айтылган (Ышая 9:6, 7). Иса Машаяк жолдоочуларына ошол Падышалык тууралуу: «Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын»,— деп тиленүүнү үйрөткөн (Матай 6:10). Бул китептин 8-бөлүмүнөн келечекте бүт жер жүзүн Кудайдын Падышалыгы гана башкарарын билебиз. (Окугула: Даниел 2:44.) Ошол Падышалык башкарган учурда бүт жер жүзү бейишке айланат. (11-тиркемени карагыла.)

ЖАҢЫ ЗАМАНГА АЗ КАЛДЫ!

15. «Жаңы жер» деген эмнени билдирет?

15 Ыйык Китепте: «Биз анын [Кудайдын] убадасы боюнча, адилдик өкүм сүрө турган жаңы асман менен жаңы жерди күтүп жатабыз»,— деп айтылган (2 Петир 3:13; Ышая 65:17). Айрым учурда Ыйык Китепте «жер» деген сөз адамдарга карата колдонулат (Мыйзам 32:1). Ошондуктан бул аяттагы «жаңы жер» деген сөз айкашы Кудайга баш ийген жана анын батасын алган бардык адамдарды билдирет.

16. Жаңы заманда жашагандар кандай белек алышат жана ага ээ болуш үчүн эмне кылуу зарыл?

16 Иса Машаяк жаңы заманда жашагандар баа жеткис белек аларын, тактап айтканда, «түбөлүк өмүр» сүрөрүн убада кылган (Марк 10:30). Түбөлүк жашаш үчүн эмне кылышыбыз керек? Ыйык Китептен Жакан 3:16ны жана 17:3тү окуп көрсөңөр. Эмесе, жер бети бейишке айланганда жашоо кандай болору тууралуу Ыйык Китепте эмне деп айтылганына токтололу.

17, 18. Жер жүзүндө тынчтык өкүм сүрөрүн жана коопсуздукта жашаарыбызды кайдан билебиз?

17 Ыймансыздык, согуш, кылмыштуулук, зордук-зомбулук болбойт. Жаңы заманда бир да ыймансыз адам жашабайт (Забур 37:10, 11). Кудай «жердин учу-кыйырына чейин согуштарды токтотот» (Забур 46:9; Ышая 2:4). Бүт жер жүзүндө Кудайды сүйгөн, ага тил алган адамдар жашайт. Түбөлүккө тынчтык өкүм сүрөт (Забур 72:7).

18 Жахабанын эли коопсуз жашайт. Байыркы ысрайыл эли Кудайга баш ийген убакта коопсуз жашаган, анткени Кудай аларды коргоп турган (Лебилер 25:18, 19). Биз да бейиште эч кимден, эч нерседен коркпой, бейпилдикте өмүр сүрөбүз. (Окугула: Ышая 32:18; Микей 4:4.)

19. Жаңы заманда тамак-аш мол болоруна эмне үчүн ишенсек болот?

19 Тамак-аш мол болот. «Дан жер бетинде мол болот, тоолордун чокусу эгинге толот» (Забур 72:16). Жахаба, «биздин Кудай, батасын берип», «жер өз жемишин берет» (Забур 67:6).

20. Жер бети бейишке айланарын кайдан билебиз?

20 Жер бети бейишке айланат. Ар бир адамдын кооз үйү, бакчасы болот. (Окугула: Ышая 65:21—24; Аян 11:18.) Бүт жер бети Эйден багындагыдай ажайып кооз жайга айланат. Жахаба бизге керектүү нерселердин баарын берет. Ыйык Китепте Жахаба Кудай тууралуу: «Колуңду ачып, бардык тирүү жандардын каалоосун орундатасың»,— деп жазылган (Забур 145:16).

21. Адамдар менен айбанаттардын бири-бирине зыян келтирбей турганын кайдан билебиз?

21 Адамдар менен айбанаттар бири-бирине зыян келтирбейт. Жаныбарлар адамдарга зыян тийгизишпейт. Атүгүл кичинекей балдар да азыр жырткыч эсептелген айбанаттардын арасында коркпой ойной алышат. (Окугула: Ышая 11:6—9; 65:25.)

22. Келечекте ооругандар эмне болот?

22 Тургундардын бири да оорубайт. Иса Машаяк жерде жүргөндө көптөрдү айыктырган (Матай 9:35; Марк 1:40—42; Жакан 5:5—9). Келечекте ал Кудайдын Падышалыгынын башкаруучусу катары бүт адамдарды сакайтат. Ал убакта эч ким: «Ооруп жатам»,— деп айтпайт (Ышая 33:24; 35:5, 6).

23. Өлгөндөр эмне болот?

23 Өлгөндөр тирилет. Кудай миллиондогон адамдарды тирилтерин убада кылган. «Адил адамдар» да, «адил эмес адамдар» да тирилет. (Окугула: Жакан 5:28, 29; Элчилер 24:15.)

24. Бейишке айланган жердеги жашоо жөнүндө ойлонгондо кандай сезимде болосуңар?

24 Жахаба жөнүндө билим алып, ага жакканды кылууну тандайбы же ага баш ийбей, өзү каалагандай кылууну тандайбы, ар кимдин өз эрки. Эгер Жахабанын жолун тандасак, келечегибиз кең болуп, бактылуу өмүр сүрөбүз. Иса Машаяк өлөр алдында анын жанында устунга кадалып турган кылмышкерге: «Сен мени менен Бейиште болосуң»,— деп убада берген (Лука 23:43). Иса Машаяк жөнүндө жана Кудайдын эң сонун убадасы ал аркылуу кандайча ишке ашары тууралуу кийинки бөлүмдөн билебиз.