Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ОН ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ

Карылыкты бирге тосуу

Карылыкты бирге тосуу

1, 2. а) Жаш өткөн сайын кандай өзгөрүүлөр болот? б) Эмне үчүн Кудайдын байыркы убактарда жашаган кызматчылары карыганда да жашоодон канааттануу алышкан?

 ЖАШ өткөн сайын көп нерсе өзгөрөт. Мурдагы күч-кубатыбыздан таябыз. Күзгүгө каранганда бетибизге жаңы бырыштар түшкөнүн, чачыбыз буурул тартып, суюлуп баратканын байкайбыз. Эс-тутумубуз начарлап кыйналышыбыз мүмкүн. Балдарыбыз өз алдынча түтүн булатып калганда, алар менен башкача мамиле түзүлөт, неберелерибиз пайда болгондо да, жаңы мамиле өрчүтөбүз. Ал эми пенсияга чыккандан кийин айрымдардын жашоосунун көнүмүш агымы толугу менен өзгөрөт.

2 Чынында, карылык адам үчүн сыноо болушу мүмкүн (Насаатчы 12:1—8). Бирок, келгиле, Кудайдын байыркы убактарда жашаган кызматчыларын карап көрөлү. Акыр-аягы өлүмгө моюн сунуп беришсе да, алар карыганда терең канааттануу берерлик акылмандык жана түшүнө билгичтик топтой алышкан (Башталыш 25:8; 35:29; Аюб 12:12; 42:17). Эмне себептен алар улгайган кездеринде да өзүлөрүн бактылуу сезишкен? Себеби Кудайдын принциптерине ылайык жашашкан. Ал принциптерди бүгүнкү күндө биз Ыйык Китептен таба алабыз (Забур 118:105; 2 Тиметейге 3:16, 17).

3. Улгайгандарга Пабыл кандай кеңеш берген?

3 Элчи Пабыл Титке жазган катында улгайган адамдарга жакшы кеңеш берген. Ал: «Карыялар кыраакы, салабаттуу, адеп-ахлактуу болушсун, алардын ишеними, сүйүүсү жана чыдамдуулугу туура болсун. Ошондой эле улгайган аялдардын жүрүш-турушу ыйыктарга ылайык болсун, алар ушакчы жана шараптын кулу болушпасын, жакшылык кылууга үйрөтүшсүн»,— деп жазган (Титке 2:2, 3). Бул сөздөргө көңүл коюу силерге да карылыктын кыйынчылыктарын коркпой тосууга жардам берет.

БАЛДАРЫҢАРДЫН ӨЗ АЛДЫНЧА ООКАТ КЫЛГАНЫНА КӨНГҮЛӨ

4, 5. Балдары бөлүнүп кеткенде, айрым ата-эне кандай сезимде болот жана кээ бирлери жаңы жагдайга кантип көнүшөт?

4 Өзгөрүүлөр көнүүгө даяр болууну талап кылат. Бул балдар чоңоюп, өзүнчө үй-бүлө куруп, ата-энесинен бөлүнгөндө өзгөчө сезилет. Ата-энелердин көбү үчүн бул — жакындап келаткан карылыктын биринчи жышааны. Балдардын чоңоюшуна кубанганы менен, алар балдарды өз алдынча жашоого тийиштүү түрдө даярдай алдыкпы, жокпу деп тынчсызданышы, бөлүнүп кеткен балдарын сагынышы мүмкүн.

5 Балдар бөлүнүп кеткен күндө да, ата-эне аларды ойлоп, кабатыр болору түшүнүктүү. «Алардан куш тилиндей болсо да бат-баттан кабар алып, ал-абалын билип турсам, сүйүнбөйт белем»,— дейт бир эне. Бир ата: «Кызыбыз турмушка чыгып кеткенде, абдан кыйналдык. Үйүбүз кадимкидей ээн калгандай сезилди, себеби биз бардыгын чогуу жасаганга көнүп алган элек»,— дейт. Бул ата-энелер балдарынын өзүнчө жашап кетишкенине кантип көнүшкөн? Көбүнесе башкаларга кам көрүү жана жардам берүүнүн аркасында.

6. Үй-бүлөдөгү өз ара мамилелерге туура көзкарашта болууга эмне жардам берет?

6 Балдар үй-бүлөлүү болушканда ата-эненин ролу өзгөрөт. Башталыш 2:24: «Адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот»,— деп айтылган. Кудайдын башчылыкка жана тартипке байланыштуу принциптерине баш ийүү ата-энеге бардыгына туура көзкараш менен кароого жардам берет (1 Корунттуктарга 11:3; 14:33, 40).

7. Кыздары турмушка чыгып кеткенде, бир ата кандай туура көзкараш өрчүткөн?

7 Бир ата-эне, эки кызы турмушка чыгып кеткенде, абдан жалгызсыраган. Башында атасы күйөө балдарына таарынып жүргөн. Бирок башчылык принциби жөнүндө ой жүгүрткөн соң, эми күйөө балдары өз үй-бүлөлөрү үчүн жооптуу экенин түшүнгөн. Ошондуктан кыздары ага кеңеш сурап кайрылышканда, ал суроо тууралуу күйөөлөрү кандай ойдо экенин сурап, анан күйөө балдарынын оюн мүмкүн болушунча колдоого аракет кылган. Азыр күйөө балдары аны досундай көрүшөт жана кеңештерин даярдуулук менен кабыл алышат.

8, 9. Чоңойгон балдарынын өз алдынча турмуш кура башташына кээ бир ата-энелер кантип көнүшкөн?

8 Айрым учурларда жаңы үйлөнгөн жаштардын кылган иштери Ыйык Китепке каршы келбесе да, ата-энелери туура көбөшү мүмкүн. Андайда кантүү керек? Балдары үй-бүлөлүү жубайлар: «Биз ар дайым аларга Жахабанын көзкарашын түшүнүүгө жардам беребиз. Ал эми алардын чечимин туура көрбөсөк, талашып-тартышпайбыз, кайра балдарыбызды жөлөп-таёого, көңүлүн көтөрүүгө аракеттенебиз»,— дешет.

9 Азиянын айрым өлкөлөрүндө энелер үчүн уулдарынын алардан көзкаранды болбой калгандыгына көнүү өзгөчө кыйын. Бирок алар Кудайдын белгилеген тартибин, башчылык принцибин сыйлашса, келиндери менен тирешүүлөр азаярын байкашат. Кудайга кызмат кылган бир аял балдарынын өз алдынча турмуш курушу «барган сайын өсө берген ыраазычылыктын булагы» болду деп эсептейт. Себеби ал балдарынын жаңы милдеттерин жакшы аткарып жатышканын көрүп абдан кубанат. Ушунун аркасында күйөөсү экөөнүн жашы өткөн сайын көтөргөн денелик жана психологиялык жүгү да жеңилдеп баратканын билдирген.

ӨЗ АРА МАМИЛЕҢЕРДИ БЕКЕМДЕГИЛЕ

10, 11. Орто жашта айрым тузактарга түшүп калбоого Ыйык Китептин кайсы кеңеши жардам берет?

10 Орто жаштан өтүп калганын ар ким ар кандай кабыл алат. Айрым эркектер, жашыраак көрүнүш үчүн, башкача кийине башташат. Аялдардын көбү этек кирдин токтошуна (менопаузага) байланыштуу өзгөрүүлөргө тынчсызданышат. Өкүнүчтүүсү, орто жашка барып калгандардын кээси өзүнөн жаш бирөөнө тийишип, жубайынын жүрөгүн оорутуп, кызгануу сезиминин пайда болушуна шарт түзөт. Ал эми Кудайдан корккон эркектер андай курагында да «акылдуу болуп», өзүлөрүнүн орунсуз каалоолорун тыйышат (1 Петир 4:7). Күйөөлөрүн сүйгөн жана Жахабага жагууну каалаган эстүү аялдар да никесин бекем бойдон сактап калууга аракеттенишет.

11 Лемуел падыша Кудайдын шыктандыруусу менен «күйөөсүнө өмүрү өткөнчө жамандык менен эмес, жакшылык менен гана жооп берген» жакшы аял тууралуу жазган. Кудайга ишенген күйөө орто жашка келген аялына дайым өзгөрүп турган маанайы менен күрөшүү кээде канчалык кыйын болорун түшүнөт. Ал сүйүүсүнөн улам аны мактап турат (Накыл сөздөр 31:10, 12, 28).

12. Жылдар оошкон сайын жубайлар өз ара мамилелерин кантип бекемдей алышат?

12 Балдарыңарды чоңойтуп жатканда өз каалооңордон даярдуулук менен баш тартып, адегенде алардын муктаждыктарын канааттандырууга кам көрүп келген чыгарсыңар. Эми, балдар өз-өзүнчө жашап кетишкенде, жубайың экөөң кайрадан өз ара мамилеңерге көңүл бурууга убакыт келди. «Кыздарыбыз үйдөн кеткенде, кайрадан аялыма сүйлөшүп жүргөн кезибиздегидей мамиле кыла баштадым»,— дейт бир киши. Башка бир күйөө: «Биз бири-бирибиздин денсоолугубузга кам көрүп, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасаш керектигин эскертип турабыз»,— дейт. Жалгызсырабаш үчүн алар жыйналыштагы тааныштары менен жоро-жолдошторун конокко чакырып турушат. Ооба, башкаларга көңүл буруу жакшы. Андан тышкары, ал Жахабаны да кубантат (Филипиликтерге 2:4; Эврейлерге 13:2, 16).

13. Карылыкты бирге тосуп жаткан жарлардын мамилелери үчүн ачыктык менен акниеттүүлүк канчалык маанилүү?

13 Пикир алмашуунун жетишсиздигинен араңар алыстап кетишине жол бербегиле. Ачык сүйлөшкүлө (Накыл сөздөр 17:27). «Биз бири-бирибизге кам көрүүгө жана өз ара сыйлашууга аракеттенебиз, ошондуктан бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз»,— дейт бир күйөө. Аялы болсо: «Жаш өткөн сайын, бир чыны болсо да, чогуу чай ичүүдөн, баарлашуудан, аны-мунуларды чогуу жасоодон ыракат ала баштадык»,— деп кошумчалайт. Ачык-айрым, акниет болуу менен өз ара мамилеңерди бекемдеп, никени бүлдүрүүчү Шайтандын кол салууларына туруштук бересиңер.

НЕБЕРЕЛЕРИҢЕР МЕНЕН БААРЛАШКЫЛА

14. Тиметейдин Ыйык Китеп боюнча тарбияланышына таенеси кандай салым кошкон?

14 Неберелер — «карылардын таажысы» (Накыл сөздөр 17:6). Алар менен баарлашуу, чынында эле, кубантып, жандандырып, сергитүү бериши мүмкүн. Ыйык Китепте кичинекей небереси Тиметейге кызы Ойнике экөө ишеними тууралуу айтып берген Лойис аттуу жакшы таене тууралуу айтылган. Тиметей апасы менен таенеси Ыйык Китептеги чындыкты жогору баалашарын көрүп чоңойгон (2 Тиметейге 1:5; 3:14, 15).

15. Неберелерди тарбиялоого кандай салым кошсо болот, бирок эмне кылуудан сак болуу керек?

15 Неберелерин тарбиялоого чоңата, чоңене, таята, таенелер көп салым кошо алышат. Чоңата-чоңенелер жана таята-таенелер, силер Жахабанын ой-ниеттери жөнүндөгү билгендериңерди балдарыңар менен бөлүшкөнсүңөр. Эми ошол билимиңерди небере-чөбөрөлөрүңөр менен бөлүшсөңөр болот. Чоңата же чоңенеси, таята же таенеси ыйык китептик аңгемелерден айтып беришкенде, кичинекейлер көбүнесе «жата калып» угушат. Албетте, балдарынын жүрөгүнө чындыктын үрөнүн себүүгө болгон аталык милдетти өз мойнуңарга албайсыңар (Мыйзам 6:7). Силер алардын атасынын жасаган аракеттерин толуктаган гана болосуңар. Силер да: «Кудайым, мени карыганымда да, чачым агарганда да калтырба. Сенин күчүңдү ушул тукумга, Сенин кудуретиңди келе жаткан тукумга жарыя кылганча, мени таштаба»,— деген забурчудай болуп тиленеттирсиңер (Забур 70:18; 77:5, 6).

16. Чоңата-чоңене же таята-таене үй-бүлөдө татаал жагдайды пайда кылуудан кантип кача алышат?

16 Тилекке каршы, кээде неберелерин ашыкча эркелете беришкендиктен, чоңата-чоңене же таята-таене балдары менен чатакташканга чейин барышат. Анткен менен силердин боорукер мамилеңерден улам небереңерге ата-энесине айткысы келбеген кандайдыр бир нерселерди силерге айтып берүү оңойдур. Кээде неберелер көзүнө карап турган чоңата-чоңенеси (же таята-таенеси) атасы менен апасынын эмес, алардын тарабында болот деп үмүттөнөт. Мындай учурда эмне кылуу керек? Акылмандуулук көрсөтүп, небереңерге бардыгын ата-энесине жашырбай айтып берүүнү кеңеш кылгыла жана ошондо Жахабаны сүйүнтөрүн түшүндүргүлө (Эфестиктерге 6:1—3). Керек болсо, ата-энеси менен алдын ала сүйлөшүп, небереңерге «жол камдап берүүнү» сунуш кылсаңар болот. Жылдар бою чогулткан тажрыйбаңар тууралуу небереңерге ачык айтып бергиле. Чынчылдыгыңар менен акниеттүүлүгүңөр аларга пайда гана алып келери шексиз.

ЖАШ ӨТКӨНДӨ БОЛУУЧУ ӨЗГӨРҮҮЛӨРГӨ КӨНГҮЛӨ

17. Кудайдын улгайган кызматчылары, забурчуга окшоп, эмне кылууга чечкиндүү болушу керек?

17 Жыл үстүнө жыл кошулуп, адам мурун жасап жүргөн же али да жасагысы келген иштердин көбүн жасоого дарманы жетпей калганын түшүнөт. Карып баратканына адам кандай кароого тийиш? Өзүңдү дагы деле отуздамын деп эсептей берсең болот, а бирок «кой» десе болбой, күзгү башканы «айтып» турат. Капаланба. Забурчу: «Картайганымда, менден баш тартпа, алдан-күчтөн тайыганымда, мени таштап салба»,— деп Жахабага жалынган. Забурчудай чечкиндүү болууну максат кыл. Ал: «Мен болсо ар дайым Сенден үмүттөнөм, Сени кайра-кайра даңктай берем»,— деген (Забур 70:9, 14).

18. Кудайдын жетилген кызматчылары пенсияга чыкканда убактысын кантип пайдалана алышат?

18 Көптөр пенсияга чыккандан кийин Жахабаны көбүрөөк даңктоого даярдык көрүшөт. Азыр пенсиядагы бир киши: «Кызым мектепти бүткөндөн кийин эмне кыларымды алдын ала ойлонуштуруп койгом. Толук убакыттуу кызматты баштагым келген, ошондуктан Жахабага көбүрөөк кызмат кылайын деп ишканамды сатып жибердим. Кудайдан жетекчилик сурап тиленгем»,— дейт. Силер да жакында пенсияга чыга турган болсоңор, Улуу Жаратканыбыздын: «Силер карыганга чейин, Мен ошол эле Теңирмин, чачыңар агарганга чейин силерди Мен көтөрүп жүрөм. Мен жараттым, ошондуктан силерди көтөрүп, колдоп, сактап жүрөм»,— деген сөздөрү жубатсын (Ышайа 46:4).

19. Улгайган адамдарга кандай кеңеш берилет?

19 Пенсияга чыккан адамга жаңы жашоого көнүү оңой эмес болушу ыктымал. Элчи Пабыл улгайган эркектерге салабаттуу болууну кеңеш кылган. Ал үчүн оңой жашоо издебей, өзүн өзү колго ала билүү зарыл. Пенсияга чыккандан кийин күнтартипке кармануу жана өзүн тартипке салып туруу, сыягы, мурдагыдан да зарыл. Ошондуктан иш менен алек болгула, «Теңирдин ишин ар дайым жан-дилиңер менен кылгыла, анткени Теңир үчүн кылган эмгегиңер текке кетпестигин билесиңер» (1 Корунттуктарга 15:58). Башкаларга жардамдашкыла (2 Корунттуктарга 6:13). Ал үчүн Кудайдын көптөгөн кызматчылары, жашы мүмкүнчүлүк беришинче, жакшы кабарды дилгирлик менен таратышат. Жылдар өтүп жатса да, «ишенимиңер, сүйүүңөр жана чыдамдуулугуңар туура болсун» (Титке 2:2).

ЖАРЫҢАРДАН АЙРЫЛГАНДА...

20, 21. а) Азыркы дүйнөдө жубайларды эртедир-кечтир эмне ажыратат? б) Жесир калгандарга Анна кандай үлгү калтырган?

20 Азыркы дүйнөдө, качып кутулгус бир жаман нерсе бар: жубайларды эртедир-кечтир өлүм ажыратат. Кудайдын жесир кызматчылары сүйүктүү жарларынын азыр уктап жатышканын билишет жана алар менен кайрадан жолугушарына шектенишпейт (Жакан 11:11, 25). Ошондой болсо да, жоготуунун күйүтү оңой эмес. Жарынан ажырагандар канткенде күйүткө туруштук бере алат? *

21 Андай жагдайга туш болгон ыйык китептик каармандар эмне кылышканы тууралуу ой жүгүртүүнүн жардамы чоң. Анна күйөөсү менен жети эле жыл жашагандан кийин жесир калган. Ал эми ал тууралуу билдирүүнү окуганыбызда анын 84 жашта болгонун билебиз. Албетте, күйөөсүнөн айрылганына ал кайгырбай койгон эмес. Ага эмне күч берген? Ал күнү-түнү ийбадатканада Жахабага ыйык кызмат кылган (Лука 2:36—38). Аннанын дайым тиленип, Кудайга кызмат кылуу менен алектенгени жесирликтин кайгысын жана жалгызсыроо сезимин жеңилдеткени күмөнсүз.

22. Айрым жесир аялдар менен эркектер жалгызсыроо сезими менен кантип күрөшүп жатышат?

22 «Азыр кобурашып олтура турган эч кимим жок болгондуктан, абдан кыйналам. Жолдошум ар дайым мени кунт коюп укчу. Экөөбүз жыйналыш, кызматыбыз тууралуу сүйлөшөр элек»,— дейт он жыл мурун жесир калган 72 жаштагы бир аял. Башка жесир аял мындай дейт: «Убакыт айыктырганы менен, адам өзү убактысын кандай пайдаланары айыгууга жардам берет деген туурараак бейм. Эми башкаларды жакшыраак түшүнгөндүктөн, аларга көбүрөөк жардам бере аласың». Анын айткандарына 67деги жесир киши: «Башкаларды жубатканың өз күйүтүңө алдырбоого абдан жардам берет»,— деп кошулат.

КУДАЙ УЛГАЙГАН КЫЗМАТЧЫЛАРЫН БААЛАЙТ

23, 24. Ыйык Китеп улгайган адамдарга, айрыкча, жесир калгандарга кандай жубатуу берет?

23 Өлүм сүйүктүү жарыбыздан ажыратса да, Жахаба берилгендигинен, ишенимдүүлүгүнөн эч качан жазбайт. Байыркы заманда жашаган Дөөт падыша мындай деп ырдаган: «Теңирден мен бир гана нерсени сурадым, ошону гана издеп келем: өмүр бою Теңирдин үйүндө болгум келет, Теңирдин сулуулугун көргүм келет, Анын ийбадатканасына барып тургум келет» (Забур 26:4).

24 «Чыныгы жесир аялдарды сыйла»,— дейт элчи Пабыл (1 Тиметейге 5:3). Ушул көрсөтмөдөн кийин берилген кеңеште жакын туугандары жок үлгүлүү жесирлерге жыйналыш тарабынан зарыл материалдык жардам көрсөтүлүшү мүмкүн экени белгиленет. Андан тышкары, «жесир аялдарды сыйлоо», аларды баалоо керектиги да айтылат. Жахабанын жесирлерди баалаарын жана ар дайым жөлөп-таёого даяр экенин билүү кандай гана жубатат! (Жакып 1:27).

25. Улгайган адамдар да алдына кандай максат коюшса пайдалуу?

25 «Даңктын таажысы — чындык жолу менен жүргөн ак чач»,— деп айтылат Кудайдын Сөзүндө. «Карылардын сөөлөтү — өздөрүнүн ак чачы» (Накыл сөздөр 16:31; 20:29). Жарыңар барбы же кайрадан жалгыз бойсуңарбы, Жахабага кызмат кылууну жашооңордо биринчи орунга коё бергиле. Ошондо Кудайдын алдында азыртадан эле жакшы атка ээ болосуңар жана келечекте карылыктын азаптары жок дүйнөдө түбөлүк жашоого үмүттөнө аласыңар (Забур 36:3—5; Ышайа 65:20).

^ Бул суроо Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жакын адамың өлгөндө» (ор.) аттуу китепчеде толугураак талкууланат.