ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ
Үйдө ээнбаш бар болсо...
1, 2. а) Жүйүт диний жетекчилеринин ишенимсиздигин көрсөтүш үчүн Ыйса кандай мисал келтирген? б) Ыйсанын мисалынан өспүрүмдөр тууралуу эмнени биле алабыз?
ЫЙСА өлөрүнө бир нече күн калганда жүйүт диний жетекчилеринин тобуна ойлонорлук бир суроо берет. «Кандай деп ойлойсуңар, бир адамдын эки уулу болгон экен. Ал биринчисине келип: „Уулум, барып, жүзүмдүгүмдө иштегин“,— дейт. Бирок ал: „Барбайм“,— деп коюп, кийин анысына өкүнүп, иштегени барат. Экинчи уулуна келип, ошону эле айтат. Анысы: „Баратам, кожоюн“,— деп коюп, барбай коёт. Экөөнүн кимиси атасынын каалоосун аткарды?» — деп сурайт ал. Жүйүт жетекчилери: «Биринчиси»,— деп жооп беришет (Матай 21:28—31).
2 Бул мисал менен Ыйса жүйүт жетекчилеринин ишенимсиздигин белгилеген. Алар алиги экинчи уулга окшоп, Кудайдын эркин аткарууну убада кылып коюшуп, аткарышкан эмес. Ата-энелердин көптөрү Ыйсанын бул мисалынан анын үй-бүлөлүк жашоону жакшы билгенин түшүнүшөт. Анда айкын көрсөтүлгөндөй, көп учурда жаштардын эмне ойлоп, эмне коюп жатканын айтуу же эмне кылып жиберерин күн мурун билүү кыйын. Өспүрүм курагында бала убайым тарттырганы менен, кийин жоопкерчиликтүү, кадыр-барктуу адам болуп чыгышы мүмкүн. Эмесе, өспүрүмдүк ээнбаштык тууралуу сүйлөшүп жатканда ушуну эстен чыгарбайлы.
ЭЭНБАШ КАНДАЙ БОЛОТ?
3. Эмне себептен ата-эне баласын ээнбаштардын катарына кошууга шашылбашы керек?
3 Кээде ата-энесине ачык эле каршы чыккан балдар тууралуу угуп калабыз. Өспүрүм баласы ээнбаш көрүнгөн үй-бүлөлөрдү өзүңөр да билет чыгарсыңар. Бирок, бала чынында эле ээнбашпы, жокпу, билүү кээде оңой эмес. Анын үстүнө, эмне себептен балдардын кээси ээнбаш болуп, ал эми ошол эле үй-бүлөдө чоңойгон башка балдардын андай эмес экенин түшүнүү татаал. Эгерде баласы ээ-жаа бербеген ээнбаш болуп бараткандай сезилсе, ата-эне эмне кылышы керек? Бул суроого жооп бериш үчүн, келгиле, адегенде ээнбаштын кандай болорун карап көрөлү.
4—6. а) Ээнбаш кандай болот? б) Өспүрүм кээде тил албай койсо, ата-эне эмнени унутпашы керек?
4 Жалпысынан айтканда, ээнбаш — бул атайы жана дайым кежирлик көрсөткөн, бийликке каршы чыккан, аны назарына алгысы да келбеген адам. Албетте, «өспүрүмдүн жүрөгүнө акылсыздык байлана» берет (Накыл сөздөр 22:15). Ошондуктан бала аттуунун баары эле кээде ата-энесинин бийлигине же кандайдыр бир башка бийликке каршы чыгат. Мындай көрүнүш өзгөчө бала денелик жана эмоциялык жактан жетилип жаткан өспүрүм курагында көп байкалат. Жашоосундагы өзгөрүүлөргө көнүү кайсы адам үчүн болбосун оңой эмес, ал эми өспүрүмдүк курак болсо жалаң өзгөрүүлөрдөн турат. Өспүрүм кезинде кызыңар же уулуңар балалыктан чоң адамдар «дүйнөсүнө» бет алат. Ошондуктан айрым өспүрүмдөр менен ата-энелердин ортосунда ар кандай кыйынчылыктар пайда болот. Балдар өспүрүмдүк жылдардын тезирээк өтүшүн кааласа, ата-энелер көп байкас албагандыктан аны жайлатууга аракеттенет.
5 Ээнбаш өспүрүм ата-энеси баалаган нерселерди четке кагат. Бирок бала бир нече жолу тил албай койсо эле ээнбаш болуп калбасын унутпагыла. Ал эми рухий жакты алсак, айрым балдар адегенде ыйык китептик чындыкка анча-мынча эле кызыгышы же таптакыр кызыкпашы мүмкүн, бирок ээнбаш болбошу деле ыктымал. Ошондуктан балаңарды ээнбаш деп эсептөөгө шашылбагыла.
6 Өспүрүм куракта балдардын баары эле ата-энелеринин башчылыгына каршы чыгабы? Жок. Тажрыйбадан көрүнгөндөй, аз гана өспүрүмдөр накта ээнбаш болушат. Ээнбаштыгын өжөрлүк менен уланта берген балага кандай мамиле кылыш керек? Баланын андай болушуна эмне себеп болушу мүмкүн?
ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЭЭНБАШ БОЛУП КЕТИШЕТ?
7. Шайтандын дүйнөсү баланы ээнбаш болууга кандайча түртүшү мүмкүн?
7 Буга, биринчи кезекте, бизди курчап турган Шайтандын дүйнөсү себеп болот. «Бүт дүйнө амалкөйдүн бийлиги астында» (1 Жакан 5:19). Шайтандын бийлиги астында жаткан дүйнө бузуку жорук-жосундарга толгон; Кудайдын эли андан оолак болууга тийиш (Жакан 17:15). Азыркы адамдардын жүрүм-туруму мурдагыдан да жаман, кооптуу жана терс таасирдүү (2 Тиметейге 3:1—5, 13). Ата-энелер балдарын үйрөтүп, коргоп, аларга акыл-насаат айтып турушпаса, балдар «баш ийбеген адамдарда азыркы учурда аракеттенип жаткан рухтун» таасирине алдырып коюшу ыктымал (Эфестиктерге 2:2). Бул айтылгандар курбулардын кысымына да тийиштүү. Ыйык Китепте: «Акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат»,— делген (Накыл сөздөр 13:20). Андыктан ким бул дүйнөнүн рухун чагылдырган адамдар менен достошсо, ал ошол рухтун таасиринде калары шексиз. Кудайдын принциптерине баш ийүү жашоонун эң жакшы жолуна багыттаарын түшүнүш үчүн, жаштар үзгүлтүксүз жардамга муктаж (Ышайа 48:17, 18).
8. Эмнелерден улам бала ээнбаш болушу мүмкүн?
8 Баланын ээнбаш болушуна кээде үйдөгү жагдай да себеп болот. Мисалы, ата-энесинин бири аракеч же баңги болгон, же жарына зордук көрсөткөн үй-бүлөдө чоңойгон баланын жашоого болгон көзкарашы бузулушу ыктымал. Салыштырмалуу тынч үй-бүлөдө жашаган бала да, ага ата-энеси кайдыгер мамиле жасагандай сезилсе, ээнбаштык жолуна түшүшү мүмкүн. Бирок өспүрүмдүн ээнбаш болуп кетишине ар дайым эле сырткы таасирлер себеп боло бербейт. Кээ бир бала, ата-энеси Кудайдын принциптери боюнча жашап, аны дүйнөнүн таасиринен колдон келишинче коргоп жатса да, алардын баалуулуктарын четке кагат. Эмне үчүн? Кыязы, кыйынчылыктарыбыздын дагы бир себеби болгон адамдык жеткилеңсиздиктен улам көрүнөт. Пабыл: «Дүйнөгө бир адам [Адам ата] аркылуу күнөө кирди, күнөө аркылуу өлүм кирди. Ошентип, өлүм бардык адамдарга өттү. Себеби бардыгы күнөө кетиришти»,— деген (Римдиктерге 5:12). Адам ата керт башын гана ойлогон ээнбаш болгондуктан, урпактарынын баарына жаман мурас калтырган. Андыктан өспүрүмдөрдүн кээси түпкү атасын тартып, ээнбаш болуп кетишет.
ӨТӨ ЖУМШАК ЭЙЛИ ЖАНА КААРДУУ РЕХАБАМ
9. Тарбиялоодо кайсы эки чектен чыгып кетүү баланын ээнбаш болушуна алып келиши мүмкүн?
9 Өспүрүмдүн ээнбаш болушуна ата-эненин бала тарбиялоого теңсалмактуу мамиле жасабаганы да себеп болот (Колостуктарга 3:21). Кээ бир акниет ата-эне катуу чек коюп, балдарын катуу жазалайт. Башкалары өтө жумшактык кылып, тажрыйбасы тайкы өспүрүмдөргө коргоо берерлик жол-жоболорду үйрөтүшпөйт. Ооба, катаалдык менен жумшактыктын ортосун табуу оңой эмес. Ар баланын муктаждыктары да ар башка келет. Алардын бири экинчисине караганда көз салууга көбүрөөк муктаж болушу мүмкүн. Бирок Ыйык Китептеги эки мисал өтө каардуу же өтө жумшак мамиле жасоонун кооптуу экенин таасындайт.
10. Эмне себептен Эйли, кыязы, ишенимдүү башкы ыйык кызмат кылуучу болгону менен, начар ата эле?
10 Байыркы Ысрайылда Эйли аттуу башкы ыйык кызмат кылуучу жашаган. Ал 40 жыл бою кызмат кылгандыктан, албетте, Кудайдын Мыйзамын жакшы билген. Өзүнүн ыйык кызматын ишенимдүү аткаргандан тышкары, Эйли уулдары Копни менен Пинехаска Кудайдын Мыйзамын ынта коюп үйрөтсө керек. Бирок ал уулдарына чектен аша жумшак мамиле кылган. Копни менен Пинехас ыйык кызмат кылуучулар катары кызмат кылышканы менен, өз кулкунун толтурууну жана бузуку кумарларын кандырууну гана ойлошкон «болбогон адамдар эле». Алар ыйык жерде уятсыз иштерди жасап жатышса да, кызматтан четтетип коюуга Эйлинин эрки жеткен эмес. Ал аларды болор-болбос гана жемелеп койчу. Өзүнүн чечкинсиздиги менен Эйли балдарын Кудайдан өйдө көргөн. Ушундан улам уулдары Жахабанын таза сыйынуусуна каршы чыгып, акыры Эйлинин үйүндөгүлөрдүн баары зыян тарткан (1 Шемуел 2:12—17, 22—25, 29; 3:13, 14; 4:11—22).
11. Ата-энелер Эйлинин мисалынан кандай сабак ала алышат?
11 Бул окуялар болуп жаткан кезде Эйлинин уулдары баралына келип калган болчу. Бирок бул мисал тарбия бербей коюунун канчалык кесепеттүү экенин көрсөтөт. (Салыштыргыла: Накыл сөздөр 29:21.) Кээ бир ата-энелер сүйүүнү өтө жумшактык менен чаташтырып, балдарына так, ырааттуу жана акылга сыярлык эрежелерди үйрөтпөй да, аларды аткарууну талап кылбай да калат. Андай ата-энелер сүйүүгө негизделген жазалоо чараларын Кудайдын принциптери баркка алынбай жаткан маалдарда да колдонушпайт. Мындай жумшактыктын айынан балдар ата-энесинин бийлигин же башка бийликтерди барктабай калышы мүмкүн. (Салыштыргыла: Насаатчы 8:11.)
12. Бийлик жүргүзүүдө Рехабам кандай ката кетирген?
12 Ал эми бийликти кыянаттык менен колдонууну Рехабамдын мисалынан көрүүгө болот. Ал бөлүнө элек Ысрайыл падышалыгынын акыркы, начар падышасы болгон. Атасы Сулаймандын оор эзүүсүнө эл нааразычылык билдирип, бир аз жеңилдик сураганда, Рехабам аларга түшүнүү менен мамиле кылганбы? Жок. Тескерисинче, улуулардын акылман кеңешине кулак салбай, элди ого бетер эзүүнү буйрук кылган. Анын кежирлигинин кесепетинен түштүк он уруу козголоң чыгарып, падышалык экиге бөлүнүп кеткен (1 Падышалар 12:1—21; 2 Жылнаама 10:19).
13. Ата-эне канткенде Рехабамдыкындай ката кетирбейт?
13 Рехабам жөнүндөгү билдирүүдөн ата-энелер бир нече маанилүү сабак ала алат. Алар тиленүү аркылуу «Теңирди... издеп» жана өзүлөрүнүн тарбиялоо ыкмаларын ыйык китептик принциптердин негизинде текшерип жүрүшү керек (Забур 104:4). Насаатчы 7:7де («ЖД»): «Кысым акылдууну акылсыздык кылууга мажбурлашы мүмкүн»,— деп айтылган. Чектөөлөр жакшылап ойлонуп коюлса, өспүрүмдөргө жетилгенге мүмкүндүк берет жана аларды жамандыктан сактайт. Ал эми ыксыз каардуулук, ашыкча чектөөлөр балдарга өзүнө, өз жөндөмдүүлүктөрүнө ишенген адамдардан болуп чоңоюуга тоскоолдук кылат. Эгерде ата-энелер жетиштүү эркиндик берүүнү бекем жана айкын белгиленген чектөөлөр менен теңсалмактоого умтулушса, өспүрүмдөрдүн көбү ээнбаш болбойт.
КАМ КӨРҮҮ БАЛАНЫ ЭЭНБАШ БОЛУП КЕТҮҮДӨН САКТАЙТ
14, 15. Ата-эне баласынын чоңоюшуна кандай карашы керек?
14 Ата-эне өспүрүмдүн чоңоюп келатканын көрүп сүйүнсө да, анын мурдагыдан көзкарандысызыраак болуп, өзүнө өзү ишене баштаганын көрүп чочулашы ыктымал. Ушул өтмө мезгилде бала кез-кезде кежирленсе же эпке-тилге келбесе, таң калбагыла. Ошондой эле Кудайга ишенген ата-эненин максаты балдарын жетилген, теңсалмактуу жоопкерчиликтүү жана Кудайга ишенген адам кылып чоңойтуу экенин унутпагыла. (Салыштыргыла: 1 Корунттуктарга 13:11; Эфестиктерге 4:13, 14.)
15 Канчалык кыйын болбосун, ата-эне өспүрүм баласынын көбүрөөк эркиндик берүү жөнүндөгү суранычын терс кабыл алуу адаты менен күрөшүүгө тийиш. Эртели-кеч бала инсан катары өрчүп-жетилиши керек да. Кээ бир өспүрүмдөр, салыштырмалуу жаш болушса да, чоң адамдардай ой жүгүртүшөт. Мисалы, Ыйык Китепте жаш падыша Жошия жөнүндө: «Өспүрүм кезинде [болжол менен 15 жашында] эле, атасы Дөөттүн Кудайына кайрыла баштаган»,— деп айтылат. Өспүрүм болсо да, анын жоопкерчиликтүү болгону шексиз (2 Жылнаама 34:1—3).
16. Чоңураак жоопкерчилик ыйгарылган сайын, балдар эмнени түшүнүшү керек?
16 Бирок эркиндик жоопкерчиликти талап кылат. Ошондуктан ал эми «чоң киши» болгондуктан, өзүнүн айрым чечимдеринин, жүрүм-турумунун натыйжасын көрүүгө, тартууга жол бергиле. «Адам эмнени сепсе, ошону орот»,— деген чоң кишилерге гана эмес, өспүрүмдөргө да тиешелүү (Галаттыктарга 6:7). Аларды өмүр бою эле бөпөлөп кыйынчылыктардан коргой берүүгө болбойт. А бирок балаңар жаман иш жасагысы келип жатса, эмне кылуу керек? Анда ата-энелик жоопкерчиликке ээ болгондуктан, «жок» дешке тийишсиңер. Албетте, эмне үчүн макул эмесиңерди түшүндүрүп берсеңер болот, бирок «жок» дегениңерди эч нерсе «ообага» өзгөртпөгүдөй болсун. (Салыштыргыла: Матай 5:37.) «Жок» дегенди чыр-чатаксыз түшүндүрүүгө, ишендире айтууга аракеттенгиле, кантсе да «момундук менен айтылган жооп каарды токтотот» эмеспи (Накыл сөздөр 15:1).
17. Өспүрүмдөр эмнелерге муктаж жана ата-энелер ал муктаждыктарды кантип канааттандыра алат?
17 Тарбиялоодогу ырааттуулук жаштарды, алар эреже-чектөөлөргө дайым эле көңүлдөнүп макул болушпаган күндө да, коргойт. Эрежелер ата-энесинин көңүлүнө жараша өзгөрө берсе, баланын башы маң болот. Мындан тышкары, өспүрүмдөр жүрөксүнүү, уяңдык жана өзүнө ишенбегендик сезимдерин жеңүү үчүн кубаттоо, жардам алып турушса, салабаттуураак болуп чоңоюшат. Ошондой эле ишенимге татыктуу өспүрүмдөр ата-энесинин аларга ишеним көрсөткөнүн баалашат. (Салыштыргыла: Ышайа 35:3, 4; Лука 16:10; 19:17.)
18. Өспүрүмдөр тууралуу эмнелерди билүү ата-энелерди тынчтандырат?
18 Үй-бүлөдө тынчтык, теңсалмактуулук жана сүйүү өкүм сүрүп турушу балдарга, адатта, жакшы таасир этерин билүү эне-атаны тынчтандырат (Эфестиктерге 4:31, 32; Жакып 3:17, 18). Үйлөрүндө дайым аракечтик, зордук-зомбулук же дагы башка терс көрүнүштөр эч кетпеген үй-бүлөдө чоңойгонуна карабай, жакшы адамдардан болуп чоңойгон өспүрүмдөр да аз эмес. Анда үйүңөрдө балдарыңар өзүн коопсуз сезгидей шарт түзүп, аларга сүйүү, ынактык жана камкордук көрсөтүп турсаңар (мейли камкордугуңар акылга сыярлык чектөөлөр, Ыйык Китепке негизделген акыл-насааттар менен коштолсо да), балдарыңар өзүңөр сыймыктанар адамдардан болуп чоңоюшу толук мүмкүн. (Салыштыргыла: Накыл сөздөр 27:11.)
БАЛДАР КЫЙЫНЧЫЛЫККА ТУШ БОЛГОНДО...
19. Ата-эне баланы башынан туура жолго салууга милдеттүү болсо, бала эмне кылууга милдеттүү?
19 Ата-энелик милдетти тийиштүү түрдө аткаруунун мааниси зор экени талашсыз. Накыл сөздөр 22:6да: «Баланы башынан түз жолго сал, ошондо ал жолдон карыганда да чыкпайт»,— делет. Бирок, жакшынакай ата-энелери бар болсо да, олуттуу кыйынчылыктарга кабылган балдар тууралуу эмне дешке болот? Ушундай болушу мүмкүнбү? Ооба. Муну Ыйык Китептеги балдар ата-энесинин тилин алууга, аларга баш ийүүгө милдеттүү экенин көрсөткөн башка аяттар менен байланыштырып караганда түшүнөбүз (Накыл сөздөр 1:8). Үй-бүлө ынтымактуу болушу үчүн, ата-эне менен балдар бири-бирине ыйык китептик принциптерди колдонууга көмөктөшүүгө тийиш. Алар биргелешип аракет кылышпаса, кыйынчылыктар пайда болбой койбойт.
20. Тажрыйбасыздыгынан улам жаңылыштык кетирген баласына ата-эне кандай мамиле жасаса акылмандуулук?
20 Өспүрүм ката кетирип, анын айынан жапа чегип жатса, ата-эне эмне кылышы керек? Бала өзгөчө ошондой кезде жардамга муктаж. Эгер ата-эне алдында тажрыйбасы тайкы өспүрүм турганын эстен чыгарбаса, болгон ишти кызуу кандуулук менен кабыл алышпайт. Пабыл жыйналыштагы жетилген ишенимдештерине: «Күнөө жасап айыбы ачылган адамды, силер, Рухтун жетеги менен жашагандар, момундук менен оң жолго салгыла»,— деп кеңеш берген (Галаттыктарга 6:1). Өйдө-ылдыйды көп аңдабагандыктан жаңылыштык жасап алган өспүрүмгө да ата-эне ушундай мамиле кылганы дурус. Анын жүрүм-туруму эмнеси менен туура эмес экенин жана андай катаны кайталабаш үчүн эмне кылышы керектигин түшүндүрүп жатканда ата-эне өспүрүмдүн өзүн эмес, анын туура эмес жүрүм-турумун жаман деп эсептешерин даана жеткиргидей болушу керек. (Салыштыргыла: Жүйүт 22, 23.)
21. Баласы олуттуу күнөө жасаса, жыйналыштагы тартип боюнча, ата-эне эмне кылышы керек?
21 Ал эми өспүрүмдүн катасы олуттуу болсочу? Анда бала өзгөчө жардамга жана тажрыйбалуу адамдын жетекчилигине муктаж. Жыйналыштын мүчөсү оор күнөө жасаган болсо, ал өкүнүп, жардам алыш үчүн аксакалдарга кайрылышы керек (Жакып 5:14—16). Өкүнгөн адамга аксакалдар рухий жактан кайра бутуна туруп кетүүгө жардам беришет. Үйүндө андай өспүрүмгө ата-эне жардам берүүгө милдеттүү, анткен менен алар ишти аксакалдар менен талкуулап чыгууну туура көрөттүр. Эгерде балдарынын бири оор күнөө жасаса, ата-эне аны эч качан аксакалдар кеңешинен жашырууга аракеттенбеши керек.
22. Баласы олуттуу күнөө кетирсе, ата-эне ага, Жахабанын үлгүсү боюнча, кандай мамиле кылууга аракеттенет?
22 Балдарынын чоң кыйынчылыкка кириптер болушу ата-энени абдан кейитет. Ызаланган ата-эне ачууланып, жолдон тайган өспүрүмдүн биротоло жүрөгүнүн үшүн алгысы келиши мүмкүн, бирок антүү баланын көңүлүн ого бетер чөктүрөт. Унутпагыла, мындай татаал жагдайда жасаган мамилеңерден анын келечеги көзкаранды болушу мүмкүн. Чындык жолунан тайып кеткен эли күнөөсү үчүн өкүнгөндө, Жахаба аларды кечирүүгө даяр болгонун да эсиңерден чыгарбагыла. Жахабанын мээримдүүлүк менен айткан мындай сөздөрүнө көңүл буралы: «Келгиле, ошондо талкуулап көрөбүз,— дейт Теңир.— Эгерде силердин күнөөлөрүңөр кыпкызыл болсо, Мен аны аппак кардай агартам. Эгерде кочкул кызыл болсо, Мен аны ак жүндөй агартам» (Ышайа 1:18). Ата-энелер үчүн бул — кандай сонун үлгү!
23. Балдарынын бири олуттуу күнөө жасаса, ата-эне эмне кылышы, ал эми эмнелерден качышы керек?
23 Ошондуктан жолдон адашкан балаңарга жүрүм-турумун өзгөртүүгө түрткү берүүгө умтулгула. Тажрыйбалуу ата-энелерден жана жыйналыш аксакалдарынан кеңеш издегиле (Накыл сөздөр 11:14). Андайда ачууга алдырбай, ойлонуп сүйлөп, ойлонуп иштегенге аракеттенбесеңер, балаңар силерге экинчи кайрылбас болушу ыктымал. Ээ-жаасыз ачуулануудан, заардуу сөздөрдөн качкыла (Колостуктарга 3:8). Үмүтүңөрдү бат эле үзө салбагыла (1 Корунттуктарга 13:4, 7). Жасалган ыпылас ишти жек көргүлө, а бирок балаңарга мерез, катаал мамиле кылбагыла. Баарынан маанилүүсү, балдарга жакшы үлгү көрсөтүүгө аракеттенгиле жана Кудайга болгон ишенимиңерди бекем сактагыла.
ӨЖӨР ЭЭНБАШТЫ ООЗДУКТОО
24. Кээде үй-бүлөдө кандай кыйынчылык пайда болот жана ата-эне андайда эмне кылууга тийиш?
24 Кээде өспүрүмдүн ээнбаш болууну бек чечип алганы жана рухий нерселерди толук четке какканы ачыкка чыга баштайт. Андайда үй-бүлөнүн калган мүчөлөрүнүн сак-саламаттыгын сактап калууга же калыбына келтирүүгө көңүл буруу керек: болгон күчүңөрдү ээнбаш балага жумшап жатып, башка балдарыңарга көңүл бурулбай калбасын. Үйдөгүлөрдөн кыйынчылыкты жаап-жашырууга аракеттенүүнүн ордуна, алар менен анын жөн-жайын ашыкча майда-чүйдөлөрүн козгобой талкуулап чыккыла да, үй-бүлөңөрдү тынчтандырууга аракеттенгиле. (Салыштыргыла: Накыл сөздөр 20:18.)
25. а) Баласы ээнбаштыгын токтотпосо, жыйналыштагы тартип боюнча, ата-эне кандай чара көрүшү ыктымал? б) Балдарынын бири ээнбаш болуп кетсе, ата-эне эмнени унутпоого тийиш?
25 Элчи Жакан жыйналыштагы өкүнбөгөн күнөөкөр жөнүндө: «Үйүңөргө кабыл албагыла, ага салам бербегиле»,— деген (2 Жакан 10). Жашы жеткен баласы таптакыр ээ-жаа бербей кеткенде, ата-эне ушундай чара колдонууну чечиши мүмкүн. Бул чара канчалык кыйын жана жүрөк сыздатарлык болсо да, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүн коргош үчүн, кээде ошентүү талап кылынат. Үй-бүлөңөр коргоого, көңүл бурууга муктаж. Ошондуктан жүрүм-турумдун айкын, акылга сыярлык нормаларына карманууну талап кыла бергиле. Калган балдарыңар менен пикирлешкиле. Алардын мектептеги жана жыйналыштагы иштерине кызыккыла. Андан тышкары, алар ээнбаш балаңардын кылган иштерин жактырбасаңар да, анын өзүн жек көрбөгөнүңөрдү билсин. Баланын өзүн эмес, жаман иштерин айыптагыла. Жакыптын эки уулу кылган зулумдугу менен бүтүндөй үй-бүлөсүнө кыйынчылык туудурганда, Жакып уулдарын эмес, алардын ооздукталбаган ачуусун каргаган (Башталыш 34:1—31; 49:5—7).
26. Акниет ата-эне балдарынын бири ээнбаш болуп кетсе, эмнеден жубатуу ала алат?
26 Үй-бүлөңөрдө андай жагдайдын пайда болгонуна өзүңөрдү күнөөлөп жаткандырсыңар. Бирок силер бардыгын тиленип, Жахабанын кеңешине толук карманып жасасаңар, өзүңөрдү жөнү жок жемелей бербегиле. Жеткилең ата-эне жок экенин жана өзүңөр жакшы ата-эне болууга бардык аракетиңерди жумшаганыңарды ойлоп сооронгула. (Салыштыргыла: Элчилер 20:26.) Үй-бүлөдө өжөр ээнбаштын пайда болушу — оор сыноо. Андайды башыңардан өткөрүп жатсаңар, Кудайдын силерди түшүнүп жатканына жана ал өзүнүн берилген кызматчыларын эч качан калтырбасына шектенбегиле (Забур 26:10). Калган балдарыңар үчүн үйүңөр рухий жактан коопсуз жай болсун, ошондуктан чечкиндүүлүгүңөрдөн кайтпагыла.
27. Ээнбаш баланын ата-энеси, адашкан уул жөнүндөгү аңгемени эстеп, эмнеге үмүттөнө алат?
27 Андан тышкары, эч качан үмүт үзбөгүлө. Жумшаган мээнетиңер жаңылган өспүрүмдүн жүрөгүнө акыры таасир этиши, аны кайрадан акылга салышы мүмкүн (Насаатчы 11:6). Кудайга ишенген айрым үй-бүлөлөр силердикине окшогон абалды баштан өткөрүшкөн. Кээде ата-энелер, Ыйсанын адашкан уул жөнүндөгү аңгемесиндеги атага окшоп, жолдон тайган балдарынын кайрадан келгенин көрүшкөн (Лука 15:11—32). Силердин балаңар да акыры кыйрылып келиши ыктымал.