Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ОН АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ

Үй-бүлөңөрдү түбөлүк келечек күтүп турат

Үй-бүлөңөрдү түбөлүк келечек күтүп турат

1. Жахабанын үй-бүлөгө карата кандай ниети бар эле?

 ЖАХАБА Адам менен Обону баш коштурганда, Адам кубанганынан эврей тилиндеги эң алгачкы ырды чыгарган (Башталыш 2:22, 23). А бирок Жараткандын ниети жердеги балдарына жыргал турмуш берүү менен гана чектелген эмес. Ал жубайлардын жана үй-бүлөлөрдүн анын эркин аткарышын каалаган. Биринчи түгөйлөргө Кудай: «Укумдап-тукумдагыла, жер жүзүн толтургула, жерди ээлегиле жана деңиздеги балыктарга, асмандагы канаттууларга, жер үстүндөгү бардык жан-жаныбарларга бийлик кылгыла»,— деген (Башталыш 1:28). Бул ары эбегейсиз, ары үзүрлүү тапшырма болгону шексиз. Эгерде Адам менен Обо Жахабанын эркин толук тил алуу менен аткарышса, өзүлөрү да, болочок балдары да кандай гана бакытка бөлөнүп өмүр сүрүшмөк!

2, 3. Үй-бүлөлөр азыркы күндө канткенде бактылуу боло алышат?

2 Бүгүн да Кудайдын эркин биримдикте аткарып жаткан үй-бүлөлөр — эң бактылуу үй-бүлөлөр. Элчи Пабыл: «Такыбаалык бардык нерсеге пайдалуу, анда азыркы жана келечектеги жашоо үчүн убадалар камтылган»,— деген (1 Тиметейге 4:8). Жахабага берилген жана анын Ыйык Китепте жазылган жетекчилигин колдонгон үй-бүлөлөр «азыркы... жашоодо» да бакыт табат (Забур 1:1—3; 118:105; 2 Тиметейге 3:16). Ыйык китептик принциптерди үйдөгүлөрдүн эч кимиси колдонбогонго караганда, жок дегенде, бири колдонсо, үй-бүлөдөгү жагдай алда канча жакшы болот.

3 Бул китепте үй-бүлөнүн бактылуу болушуна жардам берген көптөгөн ыйык китептик принциптер талкууланды. Алардын кээси бир нече ирет кайталанганын байкаган чыгарсыңар. Эмне себептен кайталанды? Анткени аларды үй-бүлөлүк жашоонун ар тарабында колдонуу баарына пайда алып келет. Үй-бүлө мүчөлөрү ошол принциптерге ылайык жашоого умтулушса, Кудайга берилгендик, чынында эле, «азыркы жана келечектеги жашоо үчүн» убадаларды камтырын көрүшөт. Келгиле, ошол маанилүү принциптердин төртөөнө кайрадан токтолуп кетели.

ӨЗҮН ТОКТОТО БИЛҮҮНҮН МААНИЛҮҮЛҮГҮ

4. Эмне себептен никеде өзүн кармай билүү маанилүү?

4 Сулайман падыша: «Өз рухун башкара албаган адам ураган, дубалы жок шаарга окшош»,— деген (Накыл сөздөр 25:28; 29:11). Никеде бактылуу болууну каалаган адам «өз рухун башкарышы», башкача айтканда, өзүн токтото билиши абзел. Ачуулануу сыяктуу терс сезимдерге же адеп-ахлаксыз каалоолорго алдыруу үй-бүлөнү олуттуу зыянга учуратат. Ал эми анын кесепеттерин оңдоого, ошондо да оңдоого мүмкүн болсо, бир нече жыл керектелет.

5. Жеткилең эмес адам өзүн токтото билүү сапатын кантип өрчүтө алат жана анын кандай пайдасы бар?

5 Албетте, Адам атанын тукумдарынын бири да жеткилең эмес денесин толук башкара албайт (Римдиктерге 7:21, 22). Анткен менен өзүн өзү токтото билүү рухтун жемишине кирет (Галаттыктарга 5:22, 23). Демек, биз ушу сапатты сурап тиленсек, Ыйык Жазманын ылайыктуу кеңештерин колдонсок, ал сапатка ээ болгондор менен пикирлешип, ээ болбогондордон алыс болсок, Кудайдын руху бизде өзүн токтото билүү сапатын өрчүтөт (Забур 118:100, 101, 130; Накыл сөздөр 13:20; 1 Петир 4:7). Бул болсо азгырыкка кабылганда да ойноштуктан качууга жардам берет (1 Корунттуктарга 6:18). Андан сырткары, зордук-зомбулук көрсөтүүдөн, аракечтиктен оолак болобуз же андай адаттарыбызды жеңебиз. Кыжырланткан жагдайларды жана кыйынчылыктарды оорбасырыктуулук менен көтөрөбүз. Келгиле, анда баарыбыз, балдарыбыз да ыйык рухтун ушул маанилүү жемишин өрчүтөлү (Забур 118:1, 2).

БАШЧЫЛЫККА КАРАТА ТУУРА КӨЗКАРАШ

6. а) Кудай башчылыктын кандай тартибин бекиткен? б) Үй-бүлөсү бактылуу болушу үчүн, күйөө башчылык кылууда эмнени унутпоого тийиш?

6 Экинчи маанилүү принцип — башчылыкка баш ийүү. Пабыл тийиштүү тартипти төмөнкүдөй түшүндүргөн: «Муну билип алышыңарды каалайм: ар бир эркектин башчысы Машайак, аялдын башчысы эркек, Машайактын башчысы Кудай» (1 Корунттуктарга 11:3). Бул үй-бүлөдө күйөө жетекчилик кыларын, аялы аны берилгендик менен колдоорун, ал эми балдары алардын тилин аларын билдирет (Эфестиктерге 5:22—25, 28—33; 6:1—4). Бирок күйөө туура башчылык кылганда гана үй-бүлө бактылуу болорун белгилеп кетүү кажет. Кудайга берилген күйөөлөр башчылык кылуу баарын «кыңк» эттирбей баш ийдирүүнү билдирбесин түшүнүшөт. Бул жагынан алар өз Башчысын, Ыйсаны, туурашат. Ыйса «бардыгынын үстүнөн... Башчы кылып коюлган» болсо да, «Өзүнө кызмат кылдыруу үчүн эмес, тескерисинче, Өзү кызмат кылуу үчүн... келген» (Эфестиктерге 1:22; Матай 20:28). Ошо сыяктуу эле, Ыйсадан үлгү алган эркек башчылыгын өзүнүн пайдасы үчүн эмес, аялынын жана бала-чакасынын кызыкчылыктарына кам көрүү үчүн пайдаланат (1 Корунттуктарга 13:4, 5).

7. Ыйык китептик кайсы принциптер аялга үй-бүлөдөгү ролун аткарууга жардам берет?

7 Ал эми Кудайга берилген аял күйөөсү менен теңтайлашпайт жана аны башкарып алууга умтулбайт. Кайра, күйөөсүн кубаныч менен колдоп, андан жардамын аябайт. Кээде Ыйык Китепте аялдын күйөөсүнө «таандык» экени айтылат, ошонун өзү күйөөсү анын башчысы экенин айкындайт (Башталыш 20:3, «ЖД»). Күйөөгө чыккандан кийин аял күйөөсүнө «мыйзам менен байланат» (Римдиктерге 7:2). Ошол эле учурда Ыйык Китепте аялдын күйөөсүнө «ылайык жардамчы» экени айтылат (Башталыш 2:20). Эркекке жетишсиз сапаттар менен жөндөмдүүлүктөр аялда бар болгондуктан, аялы күйөөсүнө зарыл колдоо көрсөтө алат (Накыл сөздөр 31:10—31). Ыйык Китепте аялдын күйөөсү менен эриш-аркак эмгектенген «өмүрлүк жолдош» экени айтылат (Малахия 2:14). Ушул ыйык китептик принциптер күйөөсү менен аялына өз милдеттерин түшүнүүгө жана бири-бирине татыктуу сый көрсөтүп, тийиштүү мамиле кылууга жардам берет.

«УККАНГА ДАЯР БОЛГУЛА»

8, 9. Үй-бүлө мүчөлөрүнө жакшы пикир алышууга үйрөнүүгө кайсы принциптер жардам берерин түшүндүргүлө.

8 Бул китепте пикир алмашуунун зарылдыгы көп айтылды. Эмне себептен? Анткени кыйынчылыктарды сүйлөшүү жана бири-бирин кунт коюп угуунун аркасында чечүү оңоюраак. Пикирлешүүнү эки багыттуу жол менен салыштырууга болот. Бул ой улам-улам баса көрсөтүлдү. Ыйсанын шакирти Жакып муну: «Ар бир адам укканга даяр болсун, ойлонуп сүйлөсүн, ачууга алдырбасын»,— деп белгилеген (Жакып 1:19).

9 Кантип сүйлөп жатканыбызга көңүл буруу да маанилүү. Ойлонбой айтылган, какшыктуу же сын маанай менен айтылган сөздөр пикир алышууну бузат (Накыл сөздөр 15:1; 21:9; 29:11, 20). Айтып жаткан сөздөрүбүз туура болсо да, аларды суз маанай менен, бойкөтөрүп же башканын сезимин тырмактай да эске албай айтсак, анын пайдасынан зыяны көп болору бышык. Кебибиз «туз менен татытылгандай» жагымдуу болууга тийиш (Колостуктарга 4:6). Сүйлөгөн сөздөрүбүздүн «жаркыраган күмүш идиштеги алтын алмадай» болушу абзел (Накыл сөздөр 25:11). Ар бир мүчөсү жакшы маанайда пикир алышууга үйрөнүүгө дилгир үй-бүлөлөр бактылуу болууну көздөй чоң арыш жасаган болушат.

СҮЙҮҮНҮН МААНИЛҮҮЛҮГҮ

10. Никеде сүйүүнүн кайсы түрү маанилүү?

10 Бул китепте «сүйүү» деген сөз көп кездешти. Сүйүүнүн кайсы түрүнө басым коюлганы эсиңердеби? Ооба, никеде махабат сезими (грекче э́рос) чоң маани ойноору чын, ал эми бактылуу никеде күйөөсү менен аялынын ортосунда терең ынактык, достук сезими (грекче фили́а) пайда болот. Бирок алардан да маанилүүсү — ага́пе деген грек сөзү менен берилген сүйүү. Бул сүйүүнү биз Жахабага, Ыйсага жана жакындарыбызга карата өрчүтөбүз (Матай 22:37—39). Жахаба адамзатка сүйүүнүн ушу түрүн көрсөтөт (Жакан 3:16). Өмүрлүк жарыбызга жана балдарыбызга дал ушундай сүйүү көрсөтө аларыбыз кандай сонун! (1 Жакан 4:19).

11. Сүйүү үй-бүлөнүн жыргалчылыгына кандайча шарт түзөт?

11 Сүйүүнүн бул өзгөчө түрү — үй-бүлөнү бириктирген «жеткилеңдиктин куру» (Колостуктарга 3:14). Ал жубайлардын ортосуна ынтымак орнотот, аларга бири-биринин жана балдарынын жыргалчылыгы үчүн бардык күч-аракетин аябоого түрткү берет. Кандай кыйынчылыктар пайда болбосун, алар аны сүйүүнүн жардамы менен чогуу чечүүгө аракеттенишет. Жашы өткөн сайын жубайлар сүйүүнүн күчү менен бири-бирин жөлөп-таяп, баалашканын көрсөтүшөт. «Сүйүү... өз пайдасын көздөбөйт баарын жаап коёт, баарына ишенет, баарына үмүттөнөт, баарын көтөрөт. Сүйүү түбөлүк жашайт» (1 Корунттуктарга 13:4—8).

12. Эмне себептен жубайлардын Кудайга болгон сүйүүсү никесин бекемдейт?

12 Жубайлар бири-бирин гана эмес, баарынан мурда, Жахабаны сүйүшсө, нике өзгөчө бекем болот (Насаатчы 4:9—12). Эмне үчүн? Элчи Жакан: «Кудайды сүйүү деген — Анын осуяттарын аткаруу»,— деп жазган (1 Жакан 5:3). Ошентип, жубайлар балдарын Жахабага берилгендик өрчүтүүгө, аларды абдан жакшы көрүшкөндүктөн гана эмес, Кудай талап кылгандыктан үйрөтүүгө тийиш (Мыйзам 6:6, 7). Алар адеп-ахлаксыздыктан, бири-бирин сүйгөндүктөн гана эмес, биринчи кезекте, «бузулгандар менен нике бузгандарды... соттой» турган Жахабаны сүйүшкөндүктөн качышы керек (Эврейлерге 13:4). Алардын бири никеде олуттуу кыйынчылыктардын келип чыгышына себепкер болуп жатса да, Жахабага болгон сүйүү экинчисине ыйык китептик принциптерге кармана берүүгө түрткү берет. Өз ара сүйүүсүн Жахабага болгон сүйүүсү менен чыңдаган үй-бүлөлөр кандай гана бактылуу!

КУДАЙДЫН ЭРКИН АТКАРГАН ҮЙ-БҮЛӨЛӨР

13. Кудайдын эркин аткарууга болгон чечкиндүүлүк маанилүү нерселерди көздөөгө кандайча жардам берет?

13 Кудайдын кызматчысынын жашоосу толугу менен Кудайдын эркин аткарууга багытталган (Забур 142:10). Кудайга берилгендик деген мына ушуну билдирет. Анын эркин аткаруу үй-бүлөлөргө чыныгы мааниге ээ, жакшы нерсени көз алдында кармоого жардам берет (Филипиликтерге 1:9, 10). Мисалы, Ыйса: «Мен баланы атасынан, кызды энесинен, келинди кайненесинен бөлүү үчүн келдим. Адамдын душманы — өз үйүндөгүлөрү»,— деп эскерткен (Матай 10:35, 36). Ыйсанын бул айткандарынын калетсиздигин анын жолдоочуларынын көбүнө өз үй-бүлөсү тараптан каршылык көрсөтүлүшү далилдейт. Мындай жагдайлар кандай гана капалантат! Бирок үй-бүлөлүк мамилелер Жахаба Кудайга жана Ыйса Машайакка болгон сүйүүбүздөн артык болуп кетпеши керек (Матай 10:37—39). Эгер адам үй-бүлөсүнүн каршылыгына чыдай берсе, анын Кудайга берилгендиги жакшы таасир тийгизип жатканын көрүп, үйүндөгүлөрү ой-пикирлерин өзгөртүшү мүмкүн (1 Корунттуктарга 7:12—16; 1 Петир 3:1, 2). Андай болбогон күндө да, адам каршылыктын айынан Кудайга кызмат кылганын токтотуп коюу менен кыйынчылыктарын биротоло чече албайт.

14. Кудайдын эркин аткарууну каалоо ата-энеге балдарынын жыргалчылыгын көздөп иш-аракет кылууга кандайча жардам берет?

14 Кудайдын эркин аткаруу ата-энелерге туура чечимдерди кабыл алууга жардам берет. Мисалы, айрым маданияттарда ата-энелер балдарын каражат өндүрүүнүн жакшы жолундай көрүшкөндүктөн, аларды карыганда кам көрүшөт деп эсептешет. Балдар картайган ата-энелерине кам көрүүгө милдеттүү экени чын жана адилеттүү. Бирок ошону ойлоп балдарга материалдык кызыкчылыктарды гана көздөп жашоого түрткү берүү туура эмес. Эгер ата-эне балдарын руханий дөөлөттөрдөн материалдык жыргалчылыкты жогору коюуга үйрөтсө, балдарга зыян гана келтирет (1 Тиметейге 6:9).

15. Тиметейдин энеси Ойнике Кудайдын эркин аткарууда кандай жакшы үлгү көрсөткөн?

15 Бул боюнча Пабылдын жаш досу Тиметейдин энеси Ойнике жакшы үлгү көрсөткөн (2 Тиметейге 1:5). Күйөөсү Кудайга ишенбеген адам болсо да, энеси Ойнике менен таенеси Лойис Тиметейди Кудайга берилген адамдардан кылып чоңойтушкан (2 Тиметейге 3:14, 15). Тиметей эресеге жетип калганда, Ойнике анын Пабылды миссионердик кызматында коштоп Падышалык тууралуу кабар айтышына тоскоолдук кылган эмес (Элчилер 16:1—5). Кийин уулу көрүнүктүү миссионер болгондо, ал абдан эле сүйүнсө керек! Кичинесинде алган билими Тиметейге чоңойгондо Кудайга берилип кызмат кылууга жардам берген. Албетте, Ойнике Тиметейди сагынбай койчу эмес, бирок уулунун ишенимдүү кызматы жөнүндө укканда ыраазы болуп, сүйүнчү (Филипиликтерге 2:19, 20).

ҮЙ-БҮЛӨҢ ЖАНА СЕНИН КЕЛЕЧЕГИҢ

16. Ыйса уул катары кандай камкордук көрсөткөн, бирок анын негизги максаты эмне эле?

16 Ыйса Машайак Кудай деген үй-бүлөдө тарбияланып, чоңойгон кезинде энесине уул катары камкордугун көрсөткөн (Лука 2:51, 52; Жакан 19:26). Бирок Ыйсанын негизги максаты адамдарга түбөлүк өмүргө жол ачып, Кудайдын эркин аткаруу болгон. Ан үчүн ал өзүнүн жеткилең адамдык өмүрүн күнөөлүү адамдар үчүн кун катары берген (Марк 10:45; Жакан 5:28, 29).

17. Ыйсанын берилгендиги Кудайдын эркин аткаргандарга кереметтүү кандай келечекке жол ачкан?

17 Ыйса өлгөндөн кийин, Жахаба аны асмандагы жашоого тирилткен жана асман Падышалыгынын Падышасы кылып дайындап, зор бийлик берген (Матай 28:18; Римдиктерге 14:9; Аян 11:15). Ыйсанын курмандыгынын аркасында Падышалыкта аны менен чогуу башкарууга айрым адамдарды тандап алууга мүмкүндүк ачылган. Анын курмандыгы дагы башка жүрөгү таза адамдарга кайрадан бейишке айландырылган жерде жеткилеңдикте жашоого жол ачты (Аян 5:9, 10; 14:1, 4; 21:3—5; 22:1—4). Жакындарыбызга ушул кереметтүү жакшы кабарды айтуу — биз үчүн чоң сыймык (Матай 24:14).

18. Үй-бүлөсү барлар да, бойдоктор да эмнеге чакырылат?

18 Элчи Пабыл айткандай, Кудайга берилгендикте кызмат кылгандар, аларга берилген убадага ылайык, «келечектеги жашоонун» баталарын алышат. Бакытка алып баруучу эң сонун жол — ушул! «Дүйнө өзүнүн кумарлары менен кошо жок болорун», «ал эми Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашаарын» унутпайлы (1 Жакан 2:17). Ошондуктан баласыңбы, ата же энесиңби, күйөө же аялсыңбы, балким, бойдоксуңбу, балдарың барбы, жокпу, Кудайдын эркин аткарууга умтул. Кысымга алынып же чоң кыйынчылыктарды башыңан өткөрүп жатсаң да, тирүү Кудайдын кызматчысы экениңди эч качан унутпа. Анда эмесе, жасаган иштериң менен Жахабаны сүйүнт (Накыл сөздөр 27:11). Ошондой эле жүрүм-турумуң сага азыр бак-таалай тартуулап, келечекте болсо жаңы дүйнөдө түбөлүк өмүр сүрүшүңө өбөлгө түзсүн!