Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Алдыда жаркын келечек!

Алдыда жаркын келечек!

Алдыда жаркын келечек!

«Дагы бир аздан кийин ыймансыз жок болот... Ал эми мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат да, мол тынчтыкка ырахаттанышат» (ЗАБУР 37:10, 11).

УШУЛ пайгамбарлыктын аткарылышын көргүңөр келеби? Буга шек жок. Анын жакында аткарыларына бекем ишенсек болот.

Буга чейинки макалаларда Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын айрымдарын караганбыз. Алар «акыркы күндөрдө» жашап жатканыбызды көрсөтүп турат (2 Тиметей 3:1—5). Келечекке үмүт бериш үчүн Кудай ушул пайгамбарлыктарды жаздырып койгон (Римдиктер 15:4). Алардын аткарылышы азыркы учурда биз туш болуп жаткан кыйынчылыктардын жакында бүтөрүнөн кабар берет.

Акыркы күндөр бүткөндөн кийин эмне болот? Бүт жер жүзүн Кудайдын Падышалыгы башкарат (Матай 6:9, 10). Ошол учурда жашоо кандай болот? Ыйык Китепте бул туурасында эмне делет?

Ачарчылык болбойт. «Дан жер бетинде мол болот, тоолордун чокусу эгинге толот» (Забур 72:16).

Оору болбойт. «Тургундардын бири да: „Ооруп жатам“,— дебейт» (Ышая 33:24).

Жер калыбына келет. «Ээн талаа менен какшыган жер шаттанат, чөлдүү түздүк сүйүнүп, шафрандай гүлдөйт» (Ышая 35:1).

Булар Ыйык Китептеги жакында аткарыла турган дем-күч берерлик пайгамбарлыктардын айрымдары гана. Жахабанын Күбөлөрү силерге жакында жакшы жашоо болоруна эмне үчүн бекем ишенишерин түшүндүрүп бере алышат.