Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1. Жер титирөөлөр

1. Жер титирөөлөр

1. Жер титирөөлөр

«Катуу жер титирөө... болот» (ЛУКА 21:11).

● Гаитиде бир жарым жаштагы Винини урандылардын арасынан алып чыгышкан. Ал жакта болгон жер титирөө жөнүндө баяндап жаткан телекабарчылар анын ыйлап жатканын угуп калышкан. Ошентип, ал аман калган. Ата-энеси болсо набыт болгон.

ФАКТЫЛАР ЭМНЕНИ КӨРСӨТҮП ТУРАТ? 2010-жылы январда Гаитиде 7 баллга жеткен жер титирөө болгондо, 300 000ден ашык киши каза тапкан. Ал эми 1 миллион 300 000 киши үй-жайынан айрылган. Бирок мындай каргашалуу кырсык Гаитиде эле болгон эмес. 2009-жылдын апрелинен 2010-жылдын апрелине чейин дүйнө жүзү боюнча, бери дегенде, 18 чоң жер титирөө болгон.

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕЙТ? Жер титирөөлөр көп болгон жок. Болгону эле, техника өнүккөндүктөн, алар тууралуу мурункуга караганда көбүрөөк билип жатабыз.

ЧЫН ЭЛЕ ОШОНДОЙБУ? Бул тууралуу ойлонуп көрсөңөр: Ыйык Китепте акыркы күндөрдө канчалык көп жер титирөө болору жазылган эмес. Бирок анда жер-жерлерде «катуу жер титирөөлөр» болору айтылган. Бул азыркы өзгөчө мезгилди айырмалап турган белгилердин бири болмок (Марк 13:8; Лука 21:11).

СИЛЕР КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢАР? Ыйык Китепте алдын ала айтылгандай, катуу жер титирөөлөр болуп жатабы?

Жер титирөөлөр акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды көрсөткөн жалгыз далил эмес. Алар — бир эле пайгамбарлыктын аткарылышы. Анда дагы бир пайгамбарлыкка көңүл буралы.

[Кыстырма]

«Биз, геофизиктер, аларды катуу жер титирөөлөр дейбиз. Ал эми башкалар каргашалуу жер титирөө дешет». КЕН ХАДНАТ (АКШнын ГЕОЛОГИЯЛЫК КЫЗМАТЫ).

[Сүрөттүн булагы]

© William Daniels/​Panos Pictures