Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4. Сүйүүнүн жетишсиздиги

4. Сүйүүнүн жетишсиздиги

4. Сүйүүнүн жетишсиздиги

«Адамдар... жакындарын сүйбөйт» (2 ТИМЕТЕЙ 3:1—3).

● Крис деген аял Түндүк Уэльстеги үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан жапа чеккендерге жардам берген топто иштейт. «Бир жолу бизге мурун кайрылган бир аял келди. Ал аябай катуу таяк жегендиктен, аны тааныбай калыптырмын. Башка аялдар ушунчалык тебеленип-тепселенгендиктен көзгө тике карай алышпайт»,— дейт Крис.

ФАКТЫЛАР ЭМНЕНИ КӨРСӨТҮП ТУРАТ? Африкадагы бир өлкөдө болжол менен 3 аялдын 1и бала кезинде зордукталган. Ошол эле өлкөдө жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, эркектердин 3төн 1 бөлүгүнөн көбүрөөгү аялын сабаганын туура деп эсептейт. Бирок үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан аялдар эле жабыр тартпайт. Мисалы, Канадада болжол менен 10 эркектин үчөө аялынан таяк жейт же башка жол менен кордук көрөт.

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕЙТ? Үй-бүлөдө зордук-зомбулук болуп эле келген. Болгону, акыркы маалда ага мурункуга караганда көбүрөөк көңүл бурулуп жатат.

ЧЫН ЭЛЕ ОШОНДУЙБУ? Акыркы ондогон жылдардан бери үй-бүлөдөгү зомбулук жөнүндө көбүрөөк айтылып жатканы чын. Бирок бул анын азайышына алып келдиби? Жок. Үй-бүлөдөгү сүйүү барган сайын сууп баратат.

СИЛЕР КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢАР? 2 Тиметей 3:1—3-аяттарда жазылгандар аткарылып жатабы? Көптөгөн үй-бүлөлөрдө ынактыктын жок экенин байкап жатасыңарбы?

Аткарылып жаткан пайгамбарлыктардын бешинчиси Жер планетасына тиешелүү. Бул туурасында Ыйык Китепте эмне делерин кийинки макаладан билебиз.

[Кыстырма]

«Үй-бүлөдөгү зомбулук дайыма эле каттала бербеген кылмыш болуп эсептелет. Орто эсеп менен, аялдар күйөөсүнөн 35 жолу кордук көргөндөн кийин гана полицияга кайрылышат» УЭЛСТЕГИ ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТАН ЖАБЫР ТАРТКАНДАРГА ЖАРДАМ БЕРҮҮ БОРБОРУНУН ӨКҮЛ