Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Бири-бириңерди сүйгүлө»

«Бири-бириңерди сүйгүлө»

«Бири-бириңерди сүйгүлө»

«Силерге жаңы осуят берем: бири-бириңерди сүйгүлө. Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири-бириңерди сүйгүлө. Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет» (ЖАКАН 13:34, 35).

Бул эмнени билдирет? Иса Машаяк шакирттерине: «Бири-бириңерди... мен силерди сүйгөндөй... сүйгүлө»,— деп айткан. Ал аларды сүйөрүн кантип көрсөткөн? Иса замандаштарынан айырмаланып турган: адамдарга улутуна карап мамиле кылган эмес жана аялдарды басынтпай, жогору баалаган (Жакан 4:7—10). Ал башкаларды ушунчалык сүйгөндүктөн өз кызыкчылыгынан баш тартып, бүт убактысын жана күчүн аларга жардам бергенге жумшаган (Марк 6:30—34). Иса теңдешсиз сүйүүсүн дагы кантип көрсөткөн? Бул анын: «Мен жакшы койчумун. Жакшы койчу койлору үчүн жанын берет»,— деген сөздөрүнөн айкын көрүнүп турат (Жакан 10:11).

Машаяктын алгачкы жолдоочулары бири-бирин сүйүшкөн. 1-кылымда алар бири-бирин «бир тууган» деп аташкан (Филемон 1, 2). Алар «жүйүт менен гректин ортосунда айырма жок» экенине жана «бардыгынын Теңири бир» экенине бекем ишенишкен. Ошондуктан башка улуттагы адамдар жыйналышка келгенде, аларды кучак жайып тосуп алышкан (Римдиктер 10:11, 12). Б. з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамынан кийин Иерусалимдеги шакирттер «өздөрүнүн жерин, бүт мүлкүн сатып, түшкөн акчаны баарына, ар кимисинин муктаждыгына жараша, бөлүп беришкен». Эмне үчүн? Анткени жаңы чөмүлгөн ишенимдештеринин Иерусалимде бир аз көбүрөөк убакытка калып, «элчилердин насааттарын түшүнүшүн» каалашкан (Элчилер 2:41—45). Аларга ушундай кылганга эмне түрткү берген? Элчилер көз жумгандан 200 жылга жетпеген убакыт өткөндөн кийин Тертуллиан деген бир тарыхчы Машаяктын жолдоочулары жөнүндө элдин эмне дегенин минтип жазган: «Алар бири-бирин ушунчалык сүйүшөт,.. атүгүл бири-бири үчүн өмүрүн бергенге да даяр».

Бүгүнкү күндө кимдер бири-бирине ушундай сүйүү көрсөтөт? 1837-жылы жарык көргөн бир эмгекте өздөрүн Машаяктын жолдоочуларыбыз деп эсептегендердин кылымдар бою «башка динди туткандарга караганда, өздөрүнүн эле ишенимдештеринин колунан көбүрөөк азап тартканы» жазылган («The History of the Decline and Fall of the Roman Empire»). Жакында эле АКШда жүргүзүлгөн бир изилдөөдө динчил кишилердин, анын ичинде өздөрүн Машаяктын жолдоочуларыбыз деп эсептегендердин көбүнүн башкаларга расасына карап мамиле кылары аныкталган. Бир эле динди туткан, эки башка өлкөдө жашаган адамдардын бири-бири менен иши да жок. Ишенимдештеринин башына мүшкүл түшкөндө, алар жардам бере албайт, бергиси да келбейт.

2004-жылы 2 айдын ичинде биринен сала бири келген чоң 4 куюн Флорида штатын бүлгүнгө учураткан. Ошондо Флорида штатынын өзгөчө кырдаалдар комитетинин төрагасы гуманитардык жардам максатына ылайык туура колдонулуп жаткан-жатпаганын текшерген. Ал Жахабанын Күбөлөрүндөй мыкты уюшулган бир да уюм жок экенин айткан. Ошондуктан аларга керектүү нерселердин баарынын берилишине кам көргөн. 1997-жылы болсо Жахабанын Күбөлөрү Конго Демократиялык Республикасындагы жардамга муктаж ишенимдештерине жана башкаларга дары-дармек, тамак-аш, кийим-кечек жеткирип беришкен. Баш-аягы миллион долларды түзгөн ушундай жардам Европадагы ишенимдештеринин тартууларынын эсебинен көрсөтүлгөн.