Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар таратылат»

«Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар таратылат»

«Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар таратылат»

«Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат. Ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет» (МАТАЙ 24:14).

Бул эмнени билдирет? Инжилдердин бирин баяндаган Лука: «Иса шаарларды, айылдарды кыдырып, Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жакшы кабар айтып жүрдү»,— деп жазган (Лука 8:1). Иса өзү да: «Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды... жарыялашым керек, анткени мен ошол үчүн жиберилгем»,— деген (Лука 4:43). Ал шакирттерин жакшы кабар таратыш үчүн шаарларга, айылдарга жиберген. Кийинчерээк аларга: «Жердин учу-кыйырына чейин менин күбөлөрүм болосуңар»,— деп айткан (Элчилер 1:8; Лука 10:1).

Машаяктын алгачкы жолдоочулары жакшы кабар таратышкан. Алар Исанын айткандарын аткарганга дароо киришишкен. Ыйык Китепте: «Алар күн сайын элди ибадатканада жана үймө-үй кыдырып окутуп, Машаяк Иса жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялай беришти»,— делет (Элчилер 5:42). Жакшы кабарды атайын бир топ эле эмес, шакирттердин баары жарыялашкан. Тарыхчы Август Неандер Машаяктын жолдоочуларына биринчи болуп каршы пикирин жазган Цельс деген бир кишинин «жакшы кабарды эң эле сабатсыз, карапайым кишилердин, мисалы, жүн иштеткендердин, өтүкчүлөрдүн, тери иштеткендердин ынталуулук менен таратып жатканын шылдыңга алганын» жазган. Жан Бернарди өзүнүн бир эмгегинде мындай деген: «[Машаяктын жолдоочулары] бардык жерде бардыгына кабар айтышы керек болчу. Алар чоң жолдордо, шаарларда, коомдук жайларда жана үйлөрдө, аларды жактырышса да, жактырышпаса да, кабар айтышчу... Жердин учу-кыйырына чейин барышы керек болчу» («The Early Centuries of the Church»).

Бүгүнкү күндө кимдер жакшы кабар айтып жатышат? Англикан чиркөөсүнүн дин кызматчысы Дэйвид Уотсон мындай деп жазган: «Бүгүнкү күндө көптөрдүн Кудайга кызмат кылгысы келбегенинин бирден бир себеби чиркөөнүн кабар айтуу, окутуу иштерине шалаакы мамиле кылганында». Хосе Луис Перез Гваделупа деген жазуучу «Эмне үчүн католиктер чиркөөдөн кетип жатат?» деген китебинде евангелисттердин, адвентисттердин жана башкалардын кылган иштерине байкоо салып, «алардын үймө-үй кабар айтпай турганын жазган». Ал эми Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө: «Алар дайыма үйдөн үйгө кабар айтышат»,— деген.

Бир журналга АКШнын Жогорку соту кабыл алган чечимдер тууралуу Жонатан Төрли деген кишинин кызыктуу, ошол эле учурда ачык айткан сөздөрү жазылган. Ал мындай деген: «Жахабанын Күбөлөрү дегенде көптөр дароо эле үйүнө ыңгайсыз учурда кабар айтып келген кишилерди эстешет. Жахабанын Күбөлөрү башкаларды өз динине тартыш үчүн үймө-үй кабар айтышпайт. Бул алар үчүн аябай маанилүү иш болгондуктан айтышат» («Cato Supreme Court Review, 2001-2002»).

Машаяктын чыныгы жолдоочулары деп кимдерди айтса болот?

Ушул катар макалаларды эске алганда, кимдерди Машаяктын чыныгы жолдоочулары деп айтса болот деп ойлойсуң? Өздөрүн Машаяктын жолдоочуларыбыз деп эсептеген диндер жана диний топтор он миңдеп саналат. Бирок Исанын айткандарын эсибизде бек сактаганыбыз аябай маанилүү. Ал жолдоочуларына: «Мага „Мырзам, Мырзам“ деп кайрылгандардын баары эле асман Падышалыгына кире бербейт, асмандагы Атамдын эркин аткаргандар гана кирет»,— деген (Матай 7:21). Исанын Атасынын эркин аткаргандарды, тагыраак айтканда, Машаяктын чыныгы жолдоочуларын таап, аларга кошулсаң, Кудайдын Падышалыгы астында түбөлүккө жашай аласың. Биз сени Кудайдын Падышалыгы жана ал төгө турган баталар жөнүндө көбүрөөк билгенге чакырабыз. Ал үчүн Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаң болот (Лука 4:43).