Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Аталар канткенде балдары менен ынак мамиледе боло алышат?

Аталар канткенде балдары менен ынак мамиледе боло алышат?

Аталар канткенде балдары менен ынак мамиледе боло алышат?

«АТА, булардын баарын каяктан билесиз?» Уулуңар ушинтип сураган учурлар болду беле? Ошондо ата болгонуңарга аябай сыймыктанып, сүйүнсөңөр керек. Ал эми уулуңар акыл-кеңешиңерге кулак кагып, пайдасын көрсө, андан бетер сүйүнгөндүрсүңөр * (Накыл сөздөр 23:15, 24).

Бирок жылдардын өтүшү менен балаңар силерге мурункудай болуп суктанбай калгандыр. Же улам чоңойгон сайын силерди анча урматтап-сыйлабай калгандай сезилип жаткандыр. Анда эр жете баштаган балаңар менен канткенде мурдагыдай ынак боло аласыңар? Бул суроого жооп алардан мурда, келгиле, аталар кабылган айрым кыйынчылыктарга токтололу.

Үч кыйынчылык

1. УБАКЫТТЫН ЖЕТИШСИЗДИГИ. Көп өлкөлөрдө үй-бүлөсүн көбүнчө эркектер багат. Аларга эртеден кечке иштегенге туура келгендиктен үйүнө кеч келишет. Айрым жерлерде болсо аталар балдарына өтө эле аз убакыт бөлүшөт. Францияда жакында эле жүргүзүлгөн бир сурамжылоого ылайык, ал жактагы аталар балдары менен бир күндө орто эсеп менен 12 мүнөттөй эле убакыт өткөрүшөт.

ОЙЛОНУП КӨРГҮЛӨ: Силер уулуңарга канча убакыт бөлөсүңөр? Балким, кийинки бир же эки жума бою күн сайын балаңарга канча убакыт бөлөрүңөрдү жазып көрөттүрсүңөр. Жыйынтыгы силерди таң калтырышы мүмкүн.

2. АТАЛАРДЫН ӨЗ АТАСЫНАН КӨРГӨНДӨРҮ. Кээ бир эркектер өздөрү атасы менен дээрлик сүйлөшпөй чоңоюшкан. Францияда жашаган Жан-Мари: «Атам экөөбүз көп деле сүйлөшчү эмеспиз»,— дейт. Бул ага кандай таасир эткен? «Ошонун айынан такыр ойлобогон кыйынчылыктарга туш болуп жатам. Мисалы, өз балдарым менен ата баладай болуп жакшылап сүйлөшө албайм»,— дейт ал. Ал эми айрым эркектер атасы менен көп эле убакыт өткөрсө да, бири бирине ынак эмес. 43 жаштагы Филипп: «Атам мени жакшы көрөрүн билдире алчу эмес. Ошон үчүн мага да балдарыма мээримимди төгүп, сезимдеримди билдириш кыйын»,— дейт.

ОЙЛОНУП КӨРГҮЛӨ: Атаңардын силерге жасаган мамилеси балаңарга жасаган мамилеңерге таасир этип жатабы? Жакшы болобу, жаман болобу, атаңардын адатын туурап жатканыңарды байкаган учуруңар болобу? Эмнелерди байкайсыңар?

3. МАДАНИЯТТЫН ТААСИРИ. Айрым маданияттарда бала тарбиялоону атанын милдети катары көрүшпөйт. Алсак, Батыш Европа өлкөлөрүнүн биринде жашаган Лука: «Мен чоңоюп-өскөн жерде баланы энеси тарбиялашы керек деп эсептешчү»,— дейт. Башка маданияттарда болсо атанын милдети тек гана балдарын тартипке салуу деп эсептелет. Мисалга Африкада чоңойгон Жоржду алалы. Ал мындай дейт: «Биздин маданиятта аталар балдары менен ойнобойт. Анткени кадырым түшүп калат деп коркушат. Ошон үчүн мага да балам менен чогуу убакыт өткөрүү дайыма кыйын болчу».

ОЙЛОНУП КӨРГҮЛӨ: Силер жашаган жерде атанын милдети кандай? Баланы тарбиялаганга энеси гана жооптуу деп эсептелеби? Аталар балдарын жакшы көрөрүн көрсөтөбү же мындайды көпчүлүк жактырбайбы?

Эгер жогоруда айтылгандардын бири же бир нечеси силерге тиешелүү болсо, эмне кылсаңар болот? Төмөнкү кеңештерди колдонуп көргүлө.

Баланы башынан

Эркек балдардын баарында эле атасын туурагысы келген тубаса каалоосу бар сыяктанат. Андыктан балаңар кичинекей кезинде ошондой мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калгыла. Ан үчүн эмне кылсаңар болот? Кайсы учурларда аны менен чогуу убакыт өткөргөнүңөр жакшы?

Мүмкүн болсо, күнүмдүк иштер менен алектенип жатканда уулуңарды да кошуп алгыла. Мисалы, үй жумуштарын кылып жатсаңар, балаңарга да бирдеме берип койгула. Колуна кичинекей тырмоок же күрөк карматып койсоңор болот. Силерди баарынан кыйын көрүп, үлгү туткан балаңар жаныңарда иштеп жатканына кудуңдап сүйүнөрү шексиз! Албетте, ишти бир аз кечирээк бүтүшүңөр мүмкүн. Бирок чогуу бир нерсе кылгандын аркасында бири-бириңерге ынак болуп каласыңар. Ошондой эле балаңарды эмгекке үйрөтөсүңөр. Тээ илгери эле Кудайдын Сөзүндө аталар балдарын күнүмдүк иштерге аралаштырып, ошондой учурларда алар менен сүйлөшүшү, пайдалуу бир нерселерге үйрөтүшү керектиги айтылган (Мыйзам 6:6—9). Ал кеңеш азыр деле күчүндө.

Чогуу бир нерсе кылгандан тышкары, кээде балаңар менен ойноп да тургула. Оюн бул жөн эле көңүл ачуу эмес. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, атасы менен ойногон балдар чечкиндүүрөөк, кайраттуураак болуп чоңоёт.

Ата баланын чогуу ойногонунун дагы бир абдан пайдалуу жагы бар. Мишель Физ деген изилдөөчү: «Атасы менен ойноп жатканда бала аны менен жакшыраак сүйлөшө алат»,— деген. Оюн учурунда атасы баласын жакшы көрөрүн сөзү менен да, иши менен да көрсөтө алат. Ошентип баласына да сезимдерин ачык билдиргенге үйрөтөт. Германияда жашаган Андре: «Балам кичинекей кезинде экөөбүз көп ойночубуз. Аны жакшы көрүп кучактай берчүмүн. Ошон үчүн балам да мени жакшы көрөрүн билдиргенден уялбайт. Ошого үйрөнгөн»,— дейт.

Ортодогу ынактыкты бекемдеш үчүн жатар алдындагы убакытты да жакшы пайдаланса болот. Мисалы, балаңарга китеп окуп бергиле, жаман болобу, жакшы болобу, айтып бергендерин кунт коюп уккула. Ошентсеңер, чоңойгондо да ага силер менен сүйлөшкөн жеңилирээк болот.

Ал кызыккан нерселерге кызыккыла

Кээ бир өспүрүмдөр атасы канчалык аракет кылса деле сүйлөшкүсү келбей жаткандай сезилиши мүмкүн. Эгер силердин да балаңар сүйлөшкөндөн качып жаткандай сезилсе, такыр эле каалабай жатат деп ойлоп албагыла. Кайра, ага ылайыкташа билгиле. Ошондо ачылышы мүмкүн.

Франциялык Жак деген киши кээде уулу Жеромдун тилин таба албай кыйналчу экен. Бирок уулун күчкө салбай, ага ылайыкташканга аракет кылып, аны менен футбол ойночу экен. Ал: «Бир аз ойногондон кийин чөпкө отуруп алып эс алчубуз. Ошондо уулум ачылып бирдемкелерди кобурап берчү. Жөн эле чогуу жүргөнүбүздүн өзү эле, анан дагы экөөбүздүн эле жалгыз болгонубуз арабызды жакындатты деп ойлойм»,— дейт.

Ал эми балаңар спорт оюндарын жакшы көрбөсөчү? Андре уулу экөө жылдыздарга бир топко чейин суктанып отурган күндөрүн жылуу сезим менен эскерет. Ал мындай дейт: «Бүктөмө отургучтарды алып алып жылуу кийинип алып түндө эшикке чыкчубуз. Анан ысык чайдан уурттап коюп жымыңдаган жылдыздарды карап отурчубуз. Жылдыздарды жараткан Кудай жөнүндө сүйлөшчүбүз, сырдашчубуз. Иши кылса, бүт баарын сүйлөшчүбүз» (Ышая 40:25, 26).

Бирок балаңар кызыккан нерселер силерге кызыксыз болсочу? Андай болсо, өзүңөрдүкүнөн да балаңардыкын жогору коюшуңар керек болот (Филипиликтер 2:4). Түштүк Африкада жашаган Иен мындай дейт: «Мен спорт дегенде жата калчумун. Уулум Вон болсо такыр кызыкчу эмес. Ал учактарга, компьютерге кызыкчу. Ошон үчүн мен да ошол нерселерге кызыга баштадым. Баламды учактар учурулган ар кандай оюн-зоокторго алып барчумун. Экөөбүз компьютерден ошондой оюндарды ойночубуз. Мени менен ушундан улам эркин сүйлөшчү болуш керек деп ойлойм».

Өзүн ишенимдүү сезгенге жардам бергиле

«Ата! Ата! Карасаңыз!» Кичинекей балаңар бир нерсе жасаганды үйрөнүп алганда ушинтип силерге көрсөткүчө шашкан учурлар болду беле? Азыр ал өспүрүм болсо, дагы деле ошентеби? Кылган ишин жактырарыңарды дагы деле билгиси келеби? Балким, муну мурункудай ачык көрсөтпөйттүр. Бирок анын тең салмактуу киши болуп чоңоюшун кааласаңар, кылган ишине баа берип, айтып турушуңар керек. Ал буга аябай муктаж.

Жахабанын өз уулдарынын бирине жасаган мамилесин мисалга алалы. Иса жердеги жашоосундагы маанилүү ишке киришердин алдында Кудай аны колдой турганын, жакшы көрөрүн ачык билдирген. Ал: «Бул — менин сүйүктүү Уулум, мен Уулумду колдойм»,— деген (Матай 3:17; 5:48). Албетте, уулуңарды тартипке салып, окутуп-үйрөткөнгө тийишсиңер (Эфестиктер 6:4). Бирок кайсы бир жакшы сөзү же иши үчүн ар дайым мактап, жылуу сөз айтканды да унутпагыла.

Кээ бир эркектерге жакшы көрүп жатса да ошонусун билдириш кыйын. Балким, алар ата-энеси кылган жакшы иштерин көрбөй эле кынтык издей берген үй-бүлөдө чоңойгондур. Эгер силер да ушундай үй-бүлөдө чоңойсоңор, уулуңарга өзүн ишенимдүү сезгенге жардам бериш үчүн өзгөчө аракет кылышыңар керек болот. Муну кантип кылсаңар болот? Жогоруда айтылган Лука он беш жашар уулу Мануэл менен үй иштерин дайыма чогуу жасайт. Ал мындай дейт: «Кээде Мануэлге бир иш тапшырып коём. Анан керектүү учурда эле жардам берип турам. Көпчүлүк учурда ишти өзү эле бүтүрөт. Ошондо өзү да сүйүнүп, өзүн ишенимдүүрөөк сезип калат. Ишти жакшы аткарганда мактап турам. Өзү каалагандай болбой калса да аракети үчүн мактайм».

Балаңар өзүн ишенимдүү сезиши үчүн чоңураак максаттарга жеткенге да жардам бергиле. Бирок максаттарына силер ойлогондой бат жетпесечи? Же койгон максаттары жакшы эле болгону менен силер каалагандай эмес болсочу? Андай болсо, оюңарды өзгөртүшүңөр керек болот. Жогоруда сөз кылынган Жак: «Уулума жете алчу максаттарды койгонго жардам берем. Бирок мен каалаган эмес, өзү каалаган максаттарга жеткенге жардамдашам. Аларга өзүнүн алына жараша жетерин унутпаганга да аракет кылам»,— дейт. Уулуңардын оюн угуп, жакшы жактарын мактап, кээ бир нерселер колунан келбей жатканда багынбаганга үндөсөңөр, акыры, максатына жетет.

Чынын айтканда, ата баланын ортосундагы мамиле дайыма эле ойдогудай боло бербейт. Кыйынчылыктар сөзсүз болот. Ошого карабай аракет кыла берсеңер, уулуңар баары бир силерге тартылат. Ушунча жакшылык кылып, жардам берип жаткан кишиге ким эле жакындагысы келбесин?

[Шилтеме]

^ 2-абз. Бул макалада ата менен баланын ортосундагы өзгөчө ынактык жөнүндө сөз жүрөт. Анткен менен талкууланган принциптерди ата менен кыздын ортосундагы мамилеге карата да колдонсо болот.