Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ГРУЗИЯ

Жахабадан жетекчилик издеген

Тамази Библая

Жахабадан жетекчилик издеген
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1954

    ЧӨМҮЛГӨН ЖЫЛЫ: 1982

    КЫСКАЧА ТАРЖЫМАЛЫ: Адабияттарды жашыруун басууга жардам берген. 4 баласы болсо да, өлкөдөгү биринчи кыдыруучу көзөмөлчү болгон.

АЯЛЫМ Тсетсо экөөбүз Жахабанын Күбөсү болгондо, апам аябай ачууланган. Бир күнү бизди Жахабадан баш тарттырыш үчүн, үйгө бардык туугандарыбыз келиптир. Алар оюңду өзгөрт же топурагыбызды түйүп беребиз дешти.

Шаардан көчүп кетели деп чечтик. Темир уста болгондуктан оңой эле жумуш таап аламбы деп Грузиядагы чоң шаарлардын экинчиси болгон Кутаисиге көчүп баруу жөнүндө ойлондук. Анын үстүнө, ал жакта жарчылар да аз болчу. Ошон үчүн Жахабадан жетекчилик беришин сурандым.

Көп өтпөй Жвари деген шаарчада жашаган, мени менен изилдеген бир жигитке жолугуп калдым. Кутаисиге көчөйүн деп жатканымды айтсам, ал Жвариге көчүп келбейсиңби деп аябай суранды. Ал: «Менин үйүм бар. Аялым, балдарым менен бир бөлмөсүндө жашасам, сен бир бөлмөсүндө жашайсың»,— деди.

Жахабадан жетекчилик издеп жаткандыктан жумуш, жашаганга үй бат эле табылса, убактылуу көчүп барарымды айттым. Ошол эле күнү кечинде ал бир нече жумуш таап койгонун айтып келсе болобу!

Ошентип, бир нече күндөн кийин Жвариге көчүп бардык. Барган күнү эле маянасы көп жумушка орноштум. Жетекчим ишкананын менчиги болгон чоң үйдү жашаганга берди. Көп өтпөй бир туугандар менден адабияттарды жашыруун басып чыгарууга жардам беришимди суранышты. Үйүбүз аябай кенен болчу, ошон үчүн аялым экөөбүз үйдө иштей баштадык.

Көп жылдар бою үйүбүздө Эскерүү кечеси жана башка жолугушуулар өткөрүлүп келди. Үйдөн 500дөн ашык киши чөмүлдү. Жахаба айкын эле жетекчилик берип жатты. Ошондо ага ылайык иш кылганыма аябай сүйүнөм!