Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Асма аркан жолдорунyн аялдамасында кабар айтып жатышат, Хуло

ГРУЗИЯ

«Жахабанын кызматчыларына берилген мурас» (Ыш. 54:17)

«Жахабанын кызматчыларына берилген мурас» (Ыш. 54:17)

ГРУЗИЯДАГЫ Жахабанын кызматчылары жакшы кабарды жарыялоого бүт күчүн жумшап келишет. Жахаба батасын мол төгүп жатат. Натыйжада жакшы кабар өлкөнүн булуң-бурчуна жетүүдө.

Жогоруда: Жарчылар деңиз деңгээлинен 2 200 м бийиктикте жайгашкан Ушгулиге кабар айтууга кетип баратышат

Акыркы жылдары ынталуу жарчылар, пионерлер сейрек иштетилген аймактарда кабар айтууга көбүрөөк көңүл бура башташты. Тоолуу аймактардагы алыскы айылдарга, кичинекей кыштактарга жол тандабас унаалар же асма аркан жолдору менен гана жетүүгө болот.

Сванети өрөөнүндөгү жарчылар

2009-жылдан бери Грузиядагы филиал бардык жыйналыштарга дайындалбаган аймактардын тизмесин берип, жарчыларды ал жерлерге барып кабар айтууга үндөп келет. Бул чараны колдош үчүн көптөгөн бир туугандар көп нерседен баш тартышты.

Эна менен Темур Блиадзе

Мисалы, Ажария тоолуу аймагына жарчылар керек экенин укканда Темур менен Эна Блиадзелердин баш кошконуна аз эле болгон. Алар жер алып, үй салайын деп жатышкан. Бирок аларга кызмат кылууга жаңы эшик ачылган.

Адегенде Ажарияда бир жума кызмат кылып келишкен. Темур ал жактагы алгачкы күндөрү жөнүндө мындай дейт: «Жергиликтүү жарчылар кичинекей айылдарга жөө барышат экен. Биздин жол тандабас чоң машинебиз бар болчу. Дароо эле аны айдап алалы деген ой келди».

Эна: «Жыйналышыбыздан, үйдөгүлөрдөн алыс жакка көчүп кетиш аябай оор болду. Бирок Жахабанын колдоосун сезип жаттык»,— деп кошумчалайт. Темур менен Эна 3 жылдан ашык убакыттан бери Ажария аймагындагы Кедадагы топто кызмат кылып жатышат.

Тапкыч пионерлер

Алыскы аймактарды иштетүүгө убактылуу атайын пионерлер чоң салым кошуп жатышат. Дайындалган мөөнөтү соңуна чыкса да, көбү Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга андан ары да жардам бериш үчүн ошол жерде калууну чечишкен.

Эки пионер Манглисиге дайындалышкан. Экөөнүн тең аты — Хатуна. Манглисиде бир да Жахабанын Күбөсү жок болчу. Ошого карабай экөө жемиштүү кызмат кылган. Алар алгачкы айда — 9, кийинки айда — 12, кийинкисинде — 15, андан кийинкисинде 18 изилдөө өткөрүшкөн. Изилдеп жаткандарга андан ары кам көрүш үчүн эки пионер Манглисиде калып калган.

Алар тапкычтык менен жан багып кетишкен. Манглисиге келгендер ал жердин өзгөчө бир нерсесин баалашат. Манглисиликтер кызыл карагайдын тобурчагынан дарылык касиети бар суюктук жасашат. Эки пионер тобурчакты көк кезинде терип алып, ошондой суюктук жасап, базарда сатып жан багып жүрүшкөн. Күтүлбөгөн жерден киреше табуунун дагы бир жолу табылган.

Ыйык Китепти изилдеп жаткан бир аял бир нече балапан көтөрүп келген. Көрсө, анын тоогу бир жерге жумуртка тууй берип, аларды басып чыгарып, ээрчитип келиптир. Тиги аял күтүлбөгөн жерден пайда болуп калган балапандарды экөөнө бергиси келиптир. Эки пионердин бири мурун тоок бакчу экен. Ошентип, алардын жөжөлөрү көбөйүп, оокаты өтө берген.

Пионерлердин бири: «Жахабанын, бир туугандардын, изилдеп жаткандардын жардамы менен Манглисиде 5 жылдан бери кызмат кылып жатабыз»,— деп ой бөлүшөт. Азыр ал жакта жигердүү жарчылардан турган топ бар.

Хатуна Харебашвили менен Хатуна Цулая, Манглиси

Чет тилди үйрөнгөн пионерлер

Акыркы жылдары Грузияга чет өлкөлүктөр агылып келүүдө. Пионерлер көбүрөөк кызмат кылууга жаңы эшик ачылганын түшүнүп, араб, азербайжан, кытай, англис, фарс, түрк тилдерин үйрөнө башташты.

Көп пионерлер чет тилдеги топтор менен жыйналыштарга которулушса, дагы башкалары жарчылардын жардамы аябай керек болгон коңшу өлкөлөргө көчүп барууда. 20лардан өтүп калган Гиорги менен Гела так ошондой кылышкан. «Биз Жахабага эң мыктысын бергибиз келчү. Коңшу өлкөгө көчүп барганда ошол максатыбыз ишке ашты»,— дейт Гиорги.

Ошол жылдар тууралуу Гела: «Муктаждык бар жерде аксакал болуп кызмат кылуунун аркасында көп нерсеге үйрөндүм. Жахабанын сени козуларына кам көрүүгө колдонгонунан өтөр эч нерсе жок экен»,— дейт (Жкн. 21:17).

Гиорги мындай деп кошумчалайт: «Кыйынчылыктар болбой койгон жок. Бирок көңүлүбүздү кызматка топтогондуктан артка кылчактаган жокпуз. Кылышыбыз керек болгон нерселерди эле кылдык».

Гела деген дагы башка бир тууган Түркияда бир нече жыл кызмат кылган. Ал мындай деп эскерет: «Башында тил билбегендин айынан кубанычымды сакташ кыйын болду. Бирок бара-бара бир туугандар, аймактагылар менен эне тилинде сүйлөшө баштаганда, кубанычым ашып-ташый баштады».

10 жылдан ашык убакыттан бери Түркиянын Стамбул шаарында кызмат кылып келаткан Нино: «Көчүп келерим менен Жахабанын колдоп жатканын сездим. Чет өлкөдө кызмат кылсаң, дээрлик күнүгө „Жылдык китептегидей“ окуялар болуп турат»,— дейт.