ГРУЗИЯ | 1924—1990
Ишенимди бекемдеген жолугушуулар
Жыйналыштар чындык жолуна жаңы түшкөндөргө ишенимин бекемдөөгө абдан жардам берген. Көп жылдан бери кызмат кылып келаткандардай эле, алар да үйлөрүн жолугушуу өткөрүүгө даярдуулук менен беришкен. Бир туугандар жыйналышка келгендердин баарын жылуу кабыл алып, натыйжада сүйүү түйүнү чыңдала берген.
Бир нече киши чөмүлүүгө даяр болгондо, сактык менен атайын жолугушуулар уюштурулчу. Андай жолугушуулардын бири 1973-жылдын августунда Сухуминин чет-жакасында, Кара деңизге жакын жерде, өткөрүлгөн. Бирок 35 киши чөмүлүүгө жетишпей калган. Себеби милиция келип, бир нече бир тууганды, анын ичинде Владимир Гладиукту кармап кеткен.
Владимир менен башка бир туугандар бошотулгандан кийин чөмүлөйүн деп жаткандар менен дароо байланышкан. Жогорудагы жолугушуудан эки күн өткөндөн кийин жаңылар акыры чөмүлүшкөн. Владимир: «Жахабанын биз тарапта экенин сезип жаттык. Чөмүлүү расмиси бүткөндөн кийин баарыбыз чогуу Жахабага ыраазычылык билдирип тилендик»,— деп эскерет.
Каршылыктын аркасында тараган кабар
35 киши чөмүлгөндөн эки күн өткөндөн кийин Владимир Гладиук кайра камалган. Итта Сударенко менен Натела Чаргеишвилини бир нече жылга кесип жиберишкен. Бир туугандар капа болушса да, абайлап кабар айта беришкен.
Бийликтегилердин көзүнө урунбаш үчүн жарчылар башка шаарларга, айылдарга барып кабар айтышкан. Ошентип, каршылыктын аркасында кабар башка жактарга да тарай берген.
Коммунисттик режим убагында чоң шаарларда жашаган жарчылар тынчыраак көчөлөрдө, сейил бактарда кабар айтышкан. Алар башка шаарлардан, айылдардан соода кылганы же туугандарына келгендерге көп жолуга турган. Кимдир бирөө кызыгып калса, дарегин алып, кайра жолукканга аракет кылышчу.
Грузиянын батышын түрө кыдыргандардын бири Бабутса Жежелава болчу. Ал мындай дейт: «Ар кайсы жерлерде туугандарым көп болгондуктан жер-жерлерди кыдырганым көп деле шек туудурчу эмес. Эки жылдай Зугдидиде 20дан ашык киши менен, Чхороцкуда 5 киши менен изилдеп жүрдүм. Баары чөмүлдү».
Адабияттарды басуунун зарылдыгы
Убакыттын өтүшү менен грузин тилиндеги адабияттарды басып чыгаруу зарыл боло баштаган. Кызыккандарга кайра барганга, изилдөө өткөргөнгө эл түшүнгөн тилдеги Ыйык Китеп жана ага негизделген адабияттар керек болгон *.
Грузин тилинде эч кандай адабият жок болгондуктан, изилдөө өткөрүү кыйын болгон. Бабутса: «Колдо бар Ыйык Китебим да, адабияттарым да орусча болчу. Ошон үчүн изилдөө өткөргөнүмдө баарын которуп берчүмүн»,— деп эскерет. Ал макалаларды грузин тилине бир эле сөздүк менен которчу. Атүгүл Матайдын Инжилин толугу менен которуп койгон.
Эне тилине которулган макалалар жүрөгүн ушунчалык козгогондуктан, кызыккандар аларды өздөрүнө көчүрүп алышчу. Грузинче Ыйык Китепти табыш кыйын болгондуктан изилдегендердин айрымдары Кудайдын Сөзүнүн заманбап «көчүрмөчүлөрү» болуп калышкан.
«Баш көтөрбөй көчүрчүмүн»
Грузин тилине которулган адабияттарды бир туугандар да, изилдегендер да кезектешип алып окушчу. Окуганга бир нече күн же бир нече жума эле бериле турган. Заманбап грузин тилиндеги Грек Жазмалары колго тийгенде, бир үй-бүлө аны дароо көчүрүп алууну чечкен.
Атасы Грек Жазмаларын көчүрүшүн суранганда, Рауль Карчава 13 эле жашта болчу. Рауль мындай дейт: «Бир китепти толугу менен кантип көчүрөм деп тынчсызданбашым үчүн, атам толтура дептер менен түрлүү калемсаптарды сатып келди. Бир аз корксом да, ишке кириштим. Анда-санда керилип алганым эле болбосо, бир күн кечке баш көтөрбөй көчүрүп жаттым».
Бир туугандар Рауль көчүрүп бүтсүн деп көптөн күткөн Ыйык Китепти дагы бир нече жумага калтырууга уруксат беришкенде, Раулдун туугандары аябай сүйүнүшкөн. Рауль оор тапшырмасын соңуна чыгарып, 27 китептен турган Грек Жазмаларын эки эле айдын ичинде көчүрүп бүткөн.
Көчүрмөчүлөр ушинтип баш көтөрбөй эмгектенишсе да, күн санап өсүп жаткан кызыгуучулардын рухий муктаждыгын канааттандырууга бул жетишсиз болгон. Ошон үчүн эр жүрөк бир туугандар өмүрүн тобокелге салып, адабияттарды үйлөрүнөн көбөйтүп, тарата башташкан.
Ошентип, Грузиянын батышында кабар айтуу иши күч ала берген. Ал эми чыгышындачы? Борбор калаа Тбилисиде Васо Квениашвилидей болгон жүрөгү таза кишилерге жардам берген бирөөлөр болгонбу?
Чындыктын борбор калаага жетиши
1970-жылдары Совет өкмөтү ишенимдештерибиздин кайратын качырыш үчүн бир жерден экинчи жерге кубалап, тынчтык бербей койгон. Украинадан Тбилисиге көчүп келген Алексей менен Лидия Курдас деген жубайлар да так ушундай жагдайга туш болгон. Алар ишеними үчүн түрмөлөрдө көп жыл отурган.
Заур менен Этери Кессаев деген динчил жубайларга Алексей менен Лидия кабар айткан. Алардын кызы Лариса ал убакта 15 жашта болчу. Ал Алексей менен Лидияга биринчи жолу жолукканы жөнүндө мындай дейт: «Биз православие дининин чыныгы дин экенин далилдегенге аябай аракет кылдык. Бир нече жолу сүйлөшкөндөн кийин далилдерибиз калбай калды. Алар болсо Ыйык Жазманын негизинде көп далилдерди келтире беришти».
Лариса мындай деп улайт: «Чиркөөгө барган сайын дубалдагы эки иконанын ортосунда жазылган Он осуятты дайыма окучумун. Бир күнү Алексей Чыгуу 20:4, 5-аяттарды окуп бергенде, дал болуп туруп калдым. Ошол түнү: „Иконаларга сыйынганыбыз чын эле Кудайдын мыйзамын бузгандыкка жатабы?“ — деп ойлонуп уктабай чыктым».
Суроосуна жооп алыш үчүн Лариса таң атары менен чиркөөгө чуркап барып, дубалдагы: «Нерселердин сөлөкөттөрүн же түспөлүн жасаба. Аларга табынба»,— деген осуятты дагы бир жолу окуган. Ошол осуяттын маанисин ал өмүрүндө биринчи жолу түшүнгөн. Лариса ата-энеси менен чөмүлүп, Тбилисидеги алгачкы Жахабанын Күбөлөрүнөн болуп калган.
Эңсеп келген адилеттүүлүктү акыры тапкан
Кабарды укканына дээрлик 20 жыл болуп калганда Васо Квениашвили Тбилисидеги жыйналышка барып жүргөн бирөөгө жолуккан. Ал Кудайдын элин акыры тапканына аябай сүйүнгөн. Муну көп жыл бою күтүп келген эле.
Васо мурун кылмышкер болгондуктан, бир туугандар шектенип, андан оолактап жүрүшкөн. Айрымдар атүгүл Совет өкмөтүнүн тыңчысы эмеспи деп кооптонушкан. Ошон үчүн Васо төрт жыл бою жолугушууларга катыша алган эмес.
Жаман ою жок экени айкын болгондон кийин Васо чөмүлүп, жыйналыштын мүчөсү болгон. Акыры, жаш кезинен эңсеп келген «акыйкат Кудай» менен ынак мамиле түзгөн (Ыш. 30:18). Васо жаш кезиндеги чечкиндүүлүгүнөн жазбай, 2014-жылы көз жумганга чейин Жахабага ишенимдүүлүк менен кызмат кылган.
Ошентип, 1990-жылга чейин Грузиянын чыгышында да, батышында да кабар айтуу иши кеңири кулач жая берген. 900дөй жарчы 942 изилдөө өткөрчү. Ошол убакыт аралыгында андан кийинки чоң өсүшкө бекем пайдубал салынган.
^ 12-абз. Ыйык Китептин айрым бөлүктөрү грузин тилине б.з. 5-кылымында эле которулса да, коммунисттик режим убагында көптөрдө Ыйык Китеп жок болчу («Грузин тилиндеги Ыйык Китеп» деген кутучаны кара).