Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ГРУЗИЯ

Буга чейин каякта жүрдүңөр?

Артур Герехелия

Буга чейин каякта жүрдүңөр?
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1956

  • ЧӨМҮЛГӨН ЖЫЛЫ: 1991

  • КЫСКАЧА ТАРЖЫМАЛЫ: Чөмүлгөнүнөн 8 эле ай өткөндөн кийин үйүн, кирешелүү жумушун таштап, муктаждык бар жерге көчүп кеткен.

ЧӨМҮЛГӨНҮМӨН көп өтпөй аксакалдар менден көбүрөөк кызмат кылгым келер-келбесин сурады. 1992-жылы 4-майда муктаждык бар жерде кызмат кылууга каалоосу барлар үчүн уюштурулган атайын жолугушууга бардым. Эртеси шеригим экөөбүз Ажария аймагындагы Батуми кеме жайына көчүп кеттик.

Батумиге барып кабар айта баштаганда аябай тынчсыздандым. «Эмне деп сөз баштайм? Кантип айтам?» — деп бир аз корктум. Анан бир аялга кабар айтсам, ал: «Буга чейин каякта жүрдүңөр?» — деди. Ошондо таң калып эле туруп калдым. Ал Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө көбүрөөк билгиси келип, эртеси эле Ыйык Китепти изилдей баштады.

Батумиге барардын алдында бир кат алганбыз. Ал кызыккан адамдардын дареги жазылган тизме экен. Шаарды жакшы билбегендиктен тургундардан көчөлөрдүн аттарын сурап жүрдүк. Көчөлөрдүн аттары жакында эле өзгөргөндүктөн, көптөр жардам бере алышпаса да, кабарга кызыгып жатышты. Көп өтпөй 10—15 кишиден турган топтор менен Ыйык Китепти изилдей баштадык.

Келгенибизден 4 эле ай өткөндөн кийин 40тан ашуун киши жолугушууга үзбөй келе баштады. Ошондо: «Булардын баарына ким кам көрөт?» — деп ойлондук. Көз карандысыздык үчүн күрөшкөн Абхазия менен Грузиянын ортосунда кагылышуу болуп, мурунку жыйналышымдагылардын баары Батумиге көчүп келишти. Бир эле күндүн ичинде тажрыйбалуу аксакалдар менен пионерлерден турган жыйналыш уюшулуп калды.