ГРУЗИЯ
«Кудайдын колунан баары келет»
Натела Григориадис
-
ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1960
-
ЧӨМҮЛГӨН ЖЫЛЫ: 1987
-
КЫСКАЧА ТАРЖЫМАЛЫ: Соода тармагында топтогон тажрыйбасын, тааныштарын колдонуп, адабияттарды жашыруун басууга жардам берген.
1980-ЖЫЛДАРДЫН аягында «Күзөт мунарасынын» кол менен көчүрүлгөн нускасы изилдөөнү алпарган бир тууганда эле болчу. Мен Генадий Гудадзе деген аксакалга барып, журналдарды өзүбүз баспайлыбы деп айттым.
Ага чейин бир туугандар адабияттарды кол менен жасалган мимеограф менен аз эле санда көбөйтүшчү. Журналдарды үзбөй көбөйтүш үчүн жакшыраак мимеограф, терип жаза турган тажрыйбалуу бирөө, машинке жана трафареттер керек болду. Тилекке каршы, ушунун баары, атүгүл кагаз да өкмөт тарабынан катталып, мамлекеттик коопсуздук кызматынын көзөмөлү менен сатылчу.
Мен бир таанышымды салып, жарактан чыккан, тизмеден чийилген машинке алдым. Терип жазганды билген эжем жардам бермей болду. Бир туугандар жаңы мимеограф жасап, трафарет ала турган жер табышты. Бардыгы ойдогудай болду. Көп өтпөй «Күзөт мунарасынын»
грузин тилиндеги биринчи нускасы жарык көрдү.Бирок бир кыйынчылык пайда болду. Генадий: «Трафареттерди башка жерден алышыбыз керек болуп жатат»,— деди. Көрсө, анын аркасынан аңдып жүрүшүптүр. Ошон үчүн өкмөттүн көзөмөлү астындагы кеңседен трафареттерди сатып ала албай калыптыр. «Эми эмне кылабыз?» — деп отуруп калдык. Мен кайра-кайра эле: «Бүттү, ишибиз бүттү!» — дей бериптирмин. Генадий: «Антип айтпа. Кудайдын колунан баары келет!» — дегенде, эсиме келе түштүм (Мт. 19:26).
Ушул сөздөр оюман кетпей, эртеси калтырап-титиреп ошол кеңсеге бардым. Жахаба мени түз эле табиятынан жумшак келген катчыга багыттаптыр. Ал өтүнүчүмдү дароо эле жетекчисине билдирди. Көрсө, ал күйөөсү экен. Трафареттерди ошол кеңседен ала баштадым. Ошондон тартып трафарет калбай калган учурлар болгон жок.