ГРУЗИЯ
Телегейим тегиз деп ойлогом
Мадона Канкия
-
ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1962
-
ЧӨМҮЛГӨН ЖЫЛЫ: 1990
-
КЫСКАЧА ТАРЖЫМАЛЫ: Коммунисттик партиянын мүчөсү болгон. Көптөргө чындыкты табууга жардам берген. 2015-жылы Падышалыктын жарчылары үчүн мектептин 1-классын бүтүргөн.
1989-ЖЫЛЫ Ыйык Китептеги чындык жөнүндө укканда киндик каным тамган Сенаки шаарындагы коммунисттик партиянын берилген мүчөсү болчумун. Күн сайын Грузиянын Жогорку Кеңешинде, азыркы тил менен айтканда, парламентте отурчумун. Сүйлөшкөн жигитиме турмушка чыкканы жаткам. Телегейим тегиз деп ойлогом.
Ата-энем Кудайдан корк деп тарбиялаган. Коммунист болсом да, Кудайга ишенчүмүн. Ыйык Китептен бардык суроолорума канааттандырарлык жооп алгандыктан өмүрүмдү Жахабага арнайын деп чечтим. Тилекке каршы, үйдөгүлөрүм, досторум, кесиптештерим, жигитим каршы болушту.
Ыйык Китепти изилдегеним үчүн туугандарыман чыгып калдым. Саясатка да аралашпашым керектигин түшүндүм. Үйдөн кеткенден башка аргам калган жок. Жигитим менен болгон мамилемди үзүп, жумушумду таштадым.
Коммунисттик партиядан чыгып, Жогорку Кеңештен да кеттим. Чөмүлгөндөн кийин үйдөгүлөрүм, досторум катуу куугунтуктай баштады. Жашаган жеримдегилер мени жакшы таанышчу. Кысымдан улам кыйналып кетип Кутаисиге көчүп кеттим. Ал жактан дароо пионердик кызматты баштадым.Башкалар: «Дин үчүн ушунча азап тарткандын кереги бар беле?» — деп сураганда, мен: «Ошондой чечим чыгарганым үчүн кенедей да өкүнбөйм»,— деп айтам. Ата-энем эмне үчүн ушинткенимди түшүнбөсө да, аларга бала кезимен Кудайдан коркконду, жакындарымды сүйгөндү үйрөткөнү үчүн ыраазымын. Бул менин жашоомду түп-тамыры менен өзгөрттү.