ГРУЗИЯ | 1924—1990
Чындыкты издегендердин алгачкылары
1920-ЖЫЛДАРДЫН башында Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Грузиядагы чындыкты издегендерди тапканга күч жумшай башташкан. Арменияда, Грузияда, Сирияда, Түркияда кабар айтуу ишин жетектеш үчүн 1924-жылы Ливандын борбору Бейрутта кеңсе ачылган.
Чындыктын үрөнү Грузияга ошол убакта себилсе да, башында көп деле өсүш болгон эмес (Мт. 13:33). Убакыттын өтүшү менен жакшы кабар кеңири тарап, көптөрдүн жашоосу түп-тамыры менен өзгөргөн.
Адилеттүүлүктү самап келген
Экинчи дүйнөлүк согуш тутанганда, Васо Квениашвили өспүрүм болчу. Грузия Советтер Союзуна киргендиктен, Васонун атасы согушка чакырылган. Апасынын ага чейин эле көзү өтүп кеткен. Васо үйдүн улуусу болгондуктан бөбөктөрүн багыш үчүн уурулук кыла баштаган.
Васо жаман балдар менен жүрүп, бара-бара кылмыштуу топко кошулуп кеткен. Ал: «Өкмөт менен коомго караганда, кылмыш дүйнөсүндө көбүрөөк адилеттүүлүк бар деп ойлочумун»,— дейт. Бирок ал издеп жүргөн нерсесин эч ким бере албай турганын түшүнгөн. «Мен адилеттүүлүктү аябай самап келгем»,— деп эскерет ал.
Васо кылмыш иштери үчүн акыры кармалып, Сибирдеги түзөтүү-эмгек абагына айдалган. Ал жактан ишеними үчүн камалган Жахабанын Күбөсүнө жолуккан. Васо: «Көктөн издегенимди жерден таптым. Бизде бир да адабият жок болчу. Ошон үчүн бир туугандын айткан ар бир сөзүн кулак түрүп укчумун»,—дейт.
Васо 1964-жылы бошотулуп, Грузияга кайтып келгенден кийин Жахабанын Күбөлөрүн издей баштаган. Ал ортодо түрмөдө чогуу отурган бир тууган менен кат алышып турган. Өкүнүчтүүсү, ал бир тууган кайтыш болуп калгандыктан, Васо Кудайдын эли менен байланыша албай калган. Ага кайрадан байланышканга чейин дээрлик 20 жыл күтүүгө туура келген. Васо жөнүндө кийинчерээк көбүрөөк билебиз.
Батага айланган кыйынчылык
Нацисттик концлагерге түшүп калган грузиялык Валентина Миминошвили деген жаш кыздын кыйынчылыктары батага айланган. Ал Жахабанын Күбөлөрүнө биринчи жолу ошол концлагерден жолуккан. Ага алардын күчтүү ишеними таасир эткен. Ыйык Китептен айтып бергендери жүрөгүн козгогон.
Согуш бүткөндөн кийин үйүнө кайтып келип, билгендерин башкаларга айта баштаган. Муну байкап калган бийликтегилер аны 10 жылга Орусиядагы түзөтүү-эмгек абагына айдап жиберишкен. Абактан ал Жахабанын Күбөлөрүнө кайра жолугуп, кийинчерээк чөмүлгөн.
1967-жылы бошотулгандан кийин Грузиянын батышына көчүп барып, кабарды акылдуулук менен айта баштаган. Ал башка бирөөнүн тиленүүсүнө жооп болорун билген да эмес.
Тилеги кабыл болгон
1962-жылы Антонина Гудадзе Жахабанын Күбөсү эмес күйөөсү менен Сибирден Грузияга көчүп келген. Өзү сибирлик болгондуктан кабарды сүргүнгө айдалган Жахабанын Күбөлөрүнөн уккан. Алар Грузиянын чыгышындагы Хашуриде жашап калышкан. Ошентип, Антонинанын Кудайдын эли менен байланышы үзүлүп калган.
Антонина Жахабанын анын тилегине кантип жооп бергенин мындайча эскерет: «Бир күнү Сибирдеги апам бирдемелерди салып жибериптир. Ичинде жакшылап катылган адабияттар да бар экен. Адабияттарды алты жыл бою ошентип алып жүрдүм. Аларды алган сайын Жахабага жетектегени, бекемдегени, кам көрүп жатканы үчүн ыраазы болчумун».
Бирок ал бир туугандарга зар болуп жалгызсырай берген. Ошондуктан Жахабадан бир туугандары менен кезиктиришин жалбарып сурачу. Ал мындай дейт: «Бир күнү мен иштеген дүкөнгө эки аял келип калды. Алар: „Сиз Антонинасызбы?“ — деп сурашты. Алардын нур жанган жүзүнөн бир туугандарым экенин дароо түшүндүм. Кучакташып, бир топко чейин ыйладык».
Алардын бири Валентина Миминошвили болгон. Жолугушуулар Грузиянын батышында өткөрүлөрүн билгенде Антонинанын кубанычы койнуна батпай сүйүнгөн. Жыйналыш үйүнөн 300 чакырым алыс болсо да, айына бир жолу барып турчу.
Үрөндүн Грузиянын батышында өсүшү
1960-жылдары совет бийлиги тарабынан куугунтукталган ишенимдештерибиз тынчыраак жерлерге көчүп кете башташкан. Алардын бири ынталуу, чарчаганды билбеген Владимир Гладиук болгон. Ал 1969-жылы Украинадан Грузиянын батышындагы Зугдиди шаарына көчүп барган.
Грузияга көчүп келгендер жыйналышты алгач орус тилинде өткөрүшчү. Грузиндер көп келе баштагандыктан, жолугушуулар грузин тилинде өткөрүлө баштаган. Шакирт даярдоо иши күч алып, 1970-жылдын августунда 12 киши чөмүлгөн.
1972-жылы жазында Владимир үй-бүлөсү менен Кара деңиздин жээгиндеги Сухумиге көчүп кеткен. Ал: «Биз рухий жактан аябай байыдык. Жахабага төккөн баталары үчүн миң мертебе ыраазыбыз. Жыйналыш тез эле көбөйүп кетти»,— дейт. Ошол жазда Сухумиде биринчи жолу өткөрүлгөн Эскерүү кечесине 45 киши келген.
«Бүт дитимди коюп угуп жаттым»
Азыр 90дон ашып калган Бабутса Жежелава — 1973-жылдын башында Сухумиде чындыкты дароо кабыл алгандардын бири. Ал: «Бир күнү төрт аялдын берилип алып сүйлөшүп жатканын кулагым чалып калды. Алардын экөө — кечил, экөө Жахабанын Күбөсү экен. Аны кийинчерээк билдим»,— дейт. Бири — Владимир Гладиуктун аялы Люба, экинчиси Украинадан көчүп келген ынталуу пионер Итта Сударенко болчу.
Бабутса алардын сүйлөшкөнүн эскерип: «Бүт дитимди коюп угуп жаттым»,— дейт. Ал Кудайдын ысмы бар экенин укканда шып этип жандарына отура калып, аны Ыйык Китептен көрсөтүп беришин суранган. Суроолорду жаадырып, үч сааттай сүйлөшүп отурушкан.
Жахабанын Күбөлөрүн экинчи көрбөй каламбы деп сарсанаа болгондуктан: «Мени таштап кетип каласыңарбы?» — деп сураган.
Бир туугандар: «Жок, таштабайбыз. Эмки ишембиде кайра келебиз»,— дешкен.
Сөзүнө туруп, ишемби күнү келишкенде, Бабутса аябай сүйүнүп, Ыйык Китепти дароо изилдей баштаган. Аягында: «Мени таштап кетпейсиңерби?» — деп дагы сураган. Ал ичинен: «Кудайдын элин таптым. Буларга жармашып алышым керек»,— деп ойлонгон.
Оюн ишке ашырыш үчүн Бабутса бирдеме ойлоп тапкан. Ал мындай деп эскерет: «Любанын күйөөсү бар экенин билчүмүн. Ошон үчүн Иттадан турмушка чыккан-чыкпаганын сурадым. Ал күйөөсү жок экенин айтканда, сүйүнүп кетип: „Анда меникине көчүп келбейсиңби. Үйдө эки керебет бар. Ортосунда чырак турат. Ыйык Китепти коюп алып, түнү менен сүйлөшүп жата беребиз“,— дедим». Итта макул болуп, Бабутсаныкына көчүп барган.
Бабутса сөзүн мындай деп улайт: «Кээде түнү бою кирпик какпай, билгендерим жөнүндө ойлонуп жата берчүмүн. Бир маалда Иттаны ойготуп: „Ыйык Китебиңди аччы. Бир суроо пайда болду“,— дечүмүн. Байкушум көздөрүн ушалап: „Макул, ачайын“,— деп суроомо жооп берер эле». Итта көчүп келгенден үч күн өтүп-өтпөй, Бабутса кабарга чыга баштаган.
Анын Натела Чаргеишвили деген жакын досу бар эле. «Бардар үй-бүлөдөн болгон Натела кабарды укпайт го деп ойлогом, бирок жаңылыптырмын. Жакшы кабарды угары менен жүрөгү жалындай баштады»,— дейт Бабутса. Көп өтпөй экөө досторуна, кесиптештерине, кошуналарына кабарды күйүп-жанып айта башташкан.