Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ГРУЗИЯ

Чыныгы сүйүү эч качан жок болбойт

Чыныгы сүйүү эч качан жок болбойт

Игор: Экөөбүз Абхазиядагы Ткварчели шаарындагы топто кызмат кылчубуз. Биздин топ 85 чакырымдай алыс жайгашкан Жвари шаарындагы жыйналышка карачу. Ай сайын адабияттарды ошол жакка барып алып келчүмүн. Советтер Союзу кулагандан көп өтпөй, 1992-жылы, Абхазия эгемендүүлүккө умтулуп, бөлүнгөнгө аракет кылган. Ошентип, Абхазия менен Грузиянын ортосунда согуш чыгып, эл көп азап-кайгыга дуушар болгон.

Гизо Нармания жана Игор Очигава

Бул бир туугандар Абхазиядагы согуш учурунда өзүнүн ишенимдештерине кам көргөн.

Гизо: 21 жашымда, согуш башталгандан бир жыл мурун, чөмүлгөм. Согуш тутанганда бир туугандар коркуп, кантип кабар айтыш керектигин билбей калышкан. Бирок камкор койчу болгон Игор бизди: «Эл азыр жылуу сөзгө зар болуп турат. Кызматыбызды талыкпай аткара берсек, рухий жактан күчтүү болобуз»,— деп бекемдечү. Андыктан үмүт берерлик кабарды күн сайын абайлап айта бердик.

Игор: Кагылышуунун айынан адатыбызча Жвариге барып адабият алып келе албай калдык. Мен ошол жерде чоңойгондуктан чай өскөн талаалар, тоолор аркылуу өткөн коопсуз жолду таап алдым. Ошентсе да куралчан кишилерге жолугуп калышым же мина басып алышым толук мүмкүн болчу. Бирок ишенимдештеримдин өмүрүн тобокелге салгым келген жок. Ошон үчүн айына бир жолу жалгыз барып келчүмүн. Жахабанын жардамы менен рухий тамакты өз убагында алып келип турдум. Бул бизге рухий жактан бекем турганга жардам берди.

Ткварчелиде тынч болсо да, шаарыбыз курчоодо калды. Ошентип, согуштун азабын биз да тарттык. Кышка жакын азык-түлүк түгөнүп бараткандыктан, эмне кылабыз деп сарсанаа боло баштадык. Ырас, Жваридеги бир туугандар бизге жардам көрсөтүүнү чечишиптир.

Гизо: Бир күнү Игор бизден үйүбүздү азык-түлүк сактап, таратыш үчүн убактылуу колдонуп турсак болобу деп сурады. Ал Жвариден азык-түлүк алып келмек экен. Жолдон ал бир нече текшерүүдөн өтмөк, ууруларга, куралчан кишилерге да кабылып калмак. Ошон үчүн аман-эсен келсе экен деп тынчсыздандык (Жкн. 15:13).

Анын бир нече күндөн кийин кыш айларына жетерлик азык-түлүк жүктөп алып, аман-эсен келгенине аябай сүйүндүк! Ошол опурталдуу учурда эч качан жок болбой турган чыныгы сүйүүнүн кандай болорун сезип көрдүк (1 Кор. 13:8).