ГРУЗИЯ | 1998—2006
«Ыңгайлуу убакта да, ыңгайсыз убакта да» болгон өсүш (2 Тим. 4:2)
Эскерүү кечесине 32 409 киши катышкан.
1990-ЖЫЛДАРДЫН аягынан тартып Грузиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн да, кабарга кызыккандардын да саны көбөйгөн. 1998-жылыЖарчылардын көбү, алардын ичинде аксакалдар чындык жолуна жаңы түшкөндүктөн тажрыйбасы аз болчу. Көптөр рухий иштерди жакшы аткарууга үйрөнүшү керек эле. Алар кантип үйрөнүшмөк?
Жахабанын уюму жиберген жардамчылар
Германияда өткөрүлгөн Гилат мектебинин бүтүрүүчүлөрү Арно менен Соня Тюнглер бир туугандар 1998-жылы мартта Грузияга дайындалышкан. Ошол жылы Жетектөөчү Кеңеш Грузияда кеңсенин ачылышына уруксат берген. Ага Орусиядагы филиал кам көрмөк.
Көп өтпөй өлкөнүн комитети кабар айтуу ишин көзөмөлдөй баштаган. Ишибиз мыйзамдуу түрдө катталгандыктан, адабияттар түз эле Германиядагы филиалдан (азыр Борбордук Европа филиалы) келе баштаган. Расмий түрдө катталгандын аркасында Падышалык залдарын жана филиалды куруу үчүн жер сатып алууга жол ачылган.
Окуп-үйрөнүүгө эшик кенен ачылган
Союз маалында кабар айтуу ишине тыюу салынгандыктан, жарчылар үймө-үй кабар айтууга үйрөнүшкөн эмес. Арно Тюнглер: «Жарчылардын көбү көбүнчө көчөдө кабар айтышчу. Үйдөн үйгө кабар
айтып, кызыккандарга кайра барганга көнүшкөн эмес»,— деп эскерет.1999-жылы жаңы уюшулган кеңседе кызмат кыла баштаган Давит Девидзе мындай дейт: «Талаа кызматында да, Бейтелде да иш чачтан көп болчу. Окуганын окучубуз, бирок кантип кылышты билчү эмеспиз. Ошол себептен Жетектөөчү Кеңеш дайындаган тажрыйбалуу бир туугандардан көп нерсе үйрөндүк».
Ошентип, Грузиядагы бир туугандарга окуп-үйрөнүүгө эшик кенен ачылган. Жарчыларга жардам керек болгон жерлердин бир окшош жагы бар: жергиликтүү жарчылар да, келгендер да бири-биринен үйрөнүшөт (Накыл 27:17). Ооба, башка өлкөдөн келгендер грузин бир туугандардан көп нерсеге үйрөнүшкөн.
Жергиликтүү бир туугандарга суктанышкан
Арно менен Соня Грузиядагы ишенимдештеринин аларды жылуу тосуп алганын эч качан унутушпайт. Жергиликтүү бир туугандар аларга көнүп кеткенге
жардам бериш үчүн колунан келгендин баарын кылышкан.Соня алардын берешендигин өзгөчө баса белгилеп: «Кошуна турган жубайлар даамдуу тамак-ашын көтөрүп көп келишчү. Бир эже кызматка алып чыгып, жаңы жыйналышыбыз менен тааныштырып, грузиндердин маданияты жөнүндө көп айтып берди. Башка эже чыдамдуулук менен грузин тилин үйрөттү»,— дейт.
Канададан Грузияга 1999-жылы дайындалган Уоррен менен Лесли Шуфелт бир туугандар мындай дейт: «Грузин бир туугандардын сонун сапаттарын көрүп суктанчубуз. Алардан үлгү алчубуз. Жаш-кары дебей — баары сезимдерин жашырбаган ачык-айрым эл экен».
Чет өлкөдөн дайындалгандар туш болгон кыйынчылыктарына эмес, жергиликтүү элдин жакшы
сапаттарына көңүл топтошкон. Өз кезегинде, жергиликтүү бир туугандар да камкор, момун миссионерлерди бат эле жакшы көрүп калышкан.Кудайдан корккон элдин чындыкка кулак кагышы
1990-жылдары көптөгөн жүрөгү таза кишилер чындык жолуна түшкөн. Бир эле жылдын ичинде, 1998-жылы, 1724 киши чөмүлгөн. Грузин элине жакшы кабарга кулак кагууга эмне түрткү берген?
Көп жыл бою кыдыруучу көзөмөлчү болгон Тамази Библая: «Грузиндердин бир өзгөчөлүгү бар: алар бала кезинен Кудайды сүйүүгө үйрөнүшөт. Ошон үчүн Ыйык Ки тептеги кабарга дароо кулак кагышат»,— деп ой бөлүшөт.
Падышалыктын жарчылары үчүн мектептин нускоочусу Давит Самхарадзе мындай дейт: «Кимдир бирөө Ыйык Китепти изилдей баштаганда, көбүнчө туугандары, кошуналары кийлигише баштайт. Алар изилдегениңди токтот деп жатып эле, бир күнү өздөрү изилдей башташат».
Жакшы кабар өлкөнүн булуң-бурчуна тарап, көптөрдүн жашоосу өзгөргөн. 1999-жылы апрелде Эскерүү кечесине келгендердин жаңы жогорку саны 36 669га жеткен!
«Каршылык көрсөткөндөр да көп»
Элчи Пабыл Эфестеги кызматы жөнүндө: «Кызмат кылышым үчүн мага эшик кенен ачылды. Бирок каршылык көрсөткөндөр да көп»,— деп жазган (1 Кор. 16:9). Бул сөздөр грузин бир туугандардын 1999-жылы Эскерүү кечесине көп киши келгенден бир нече ай өткөндөн кийин туш болгон жагдайын таамай сүрөттөп турат.
Ошол жылы августта православие чиркөөсүнүн диний наамынан ажыратылган Василий Мкалавишвили жетектеген экстремисттик топ Тбилисиде тополоң уюштуруп, эл чогулган жерде адабияттарыбызды өрттөгөн. Ошентип, 4 жылга созулган катуу куугунтук башталган.
Бир нече экстремист 1999-жылы 17-октябрда 200дөй киши чогултуп, Тбилисидеги «Глдани» жыйналышы өтүп жаткан жерге кирип барып, жолугушууну токтоткон. Анан союлдар, темир кресттер менен бир туугандарды сабашкан. Оор жаракат алган бир туугандардын көбү ооруканага жатышкан.
Тилекке каршы, кол салгандар жоопко тартылган эмес. Куугунтук болсо күч ала берген. Бийликтегилер, анын ичинде президент Шеварднадзе кол салгандарды катуу айыпташканы менен, эч кандай чара көрүшкөн эмес. Милиция кызматкерлери, көбүнчө сүрмө топ Жахабанын Күбөлөрүн сабап кеткенден кийин, шашпай келчү.
Ошол мезгилде Грузиянын парламентинин мүчөсү Гурам Шарадзе Жахабанын Күбөлөрүн каралаш үчүн катуу чабуул койгон. Ал Жахабанын Күбөлөрүнө коркунучтуу уюм деген жалаа жапкан. Ошондо кабар айтууга «ыңгайлуу убак» соңуна чыккандай көрүнгөн.
Жахабанын уюму кол куушуруп отура берген эмес
Уюм Грузиядагы Жахабанын Күбөлөрүн коргоо максатында дароо иш-аракет кылган. Бир туугандарга кол салынган учурларда эмне кылуу керектигине байланыштуу көрсөтмө берилген. Кудайдын эли эмне үчүн куугунтукталары да түшүндүрүлгөн (2 Тим. 3:12).
*.
Мындан тышкары, уюм соттордо бир туугандардын укугун коргогон. Грузиядагы филиалдын юридикалык бөлүмүндө кызмат кылган бир тууган мындай деп эскерет: «Ошол жылдары Василий Мкалавишвилинин тобу жүргүзгөн иштерге каршы 800дөн ашык доо-арыз жаздык. Жардам сурап өкмөттөгүлөргө, адам укуктарын коргогон уюмдарга кайрылдык. Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгы көпчүлүккө маалымдоо ишин жүргүзүп жатты. Бирок куугунтук токтогон эмес»^ 30-абз. Сот майданында укуктарыбызды кантип коргогонубуз тууралуу окуп көргүлө: «Ойгонгула!», 2002-жыл, 22-январь, 18—24-беттер, ор.