ГРУЗИЯ
Ыйык Китепте эмне деп жазылганын өз көзүм менен көрдүм!
Пепо Девидзе
-
ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1976
-
ЧӨМҮЛГӨН ЖЫЛЫ: 1993
-
КЫСКАЧА ТАРЖЫМАЛЫ: Бала кезинен чиркөгө барчу. Каада-салттарына бекем карманчу. Жахабанын Күбөсү болгондон кийин күйөөсү менен Бейтелде кызмат кылган. Азыр алар — атайын пионер.
ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮ жөнүндө Кутаисидеги коллежде окуп жүргөндө уккам. Кошунам: «Жахабанын Күбөлөрү сыйынганда сөлөкөттөрдү колдонушпайт, Исаны Кудай дешпейт»,— деп айтты. Бул мен туу тутуп келген нерселерге карама-каршы келген.
1992-жылы жайында туулуп өскөн шаарым Цагериге бардым. Ал жакта Жахабанын Күбөлөрү жигердүү кызмат кылып жатышыптыр. Апам алар жөнүндө көп жакшы сөздөрдү угуптур. Мен аларды жактыра берчү эмесмин. Ошон үчүн апам: «Миң уккандан, бир көргөн артык. Барып, өзүң көрүп кел»,— деди.
Павли менен Паата деген үзгүлтүксүз пионерлер кошуналарыбызга дайыма келип турушчу экен. Көптөр алар келгенде чогула калып, суроолорун беришчү экен. Мен да барып көрөйүн дедим. Суроо берсем эле, Ыйык Китепти ачып, окуп көрүңүз деп жатышты. Ыйык Китепте эмне деп жазылганын өз көзүм менен көрүп, аябай таасирлендим!
Көп өтпөй Ыйык Китепти изилдеген топко кошулдум. Кийинки жайда онообуз чөмүлдүк. Кийинчерээк апам да Жахабанын Күбөсү болду.
Бир туугандардын суроолорума Ыйык Китепти ачып жооп бергендерине аябай ыраазымын. Бул мага кан-жаныма сиңип калган нерселерди текшерип, туура жолго түшкөнгө жардам берди. Суроолорго Ыйык Китептин өзүнөн жооп берүү канчалык таасирдүү экенин билгендиктен кабар айтканда ушул ыкманы колдоном.