ДҮЙНӨ ЖҮЗҮ БОЮНЧА КАБАР АЙТУУ ЖАНА ОКУТУУ
Түндүк жана Түштүк Америка
-
ӨЛКӨЛӨР: 57
-
КАЛКЫ: 998 254 087
-
ЖАРЧЫЛАРДЫН САНЫ: 4 154 608
-
ИЗИЛДӨӨЛӨР: 4 353 152
«Чогуу үйрөнөбүз»
Мексикада жашаган Исмаел Ыйык Китепти толугу менен окуп чыгууну чечип, бир жылдын ичинде аны эки ирет окуп чыккан. Тилекке каршы, ошондон көп өтпөй көзү көрбөй калган. Бир нече жылдан кийин Анкел деген Жахабанын Күбөсү Исмаелге кабар айтып, Кудайдын убадалары жөнүндө айтып берген. Дагы көбүрөөк билүүнү
каалаган Исмаел: «Көзүм көрбөй калбадыбы. Ыйык Китепти окуй албайм»,— деген.Анкел: «Коркпо. Мен сага Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берем»,— деген.
«Брайл арибин билесиңби?» — деп сураган Исмаел.
Анкел: «Жок. Чогуу үйрөнөбүз»,— деп жооп берген. Исмаел уккан кулагына ишене албай туруп калган. Анкел болсо үйүнө барып, Брайл арибин кантип үйрөнсө болоруна байланыштуу маалымат издеп, тактайчага тактиль тамгаларын чегип чыккан. Андан соң ал Исмаелге Ыйык Китепти окуганды үйрөтө баштаган. Көп өтпөй Исмаел Брайл арибин үйрөнүп, жыйналыштарга барып, ошол арипте жазылган адабияттарды окуй баштаган. Азыр Анкел көзү көрбөгөн төрт киши менен Ыйык Китепти изилдейт. Алар Бейиш заманда көздөрү кайра көрөрү жөнүндө кобурашканды жакшы көрүшөт.
«Аны дароо тааныган жокмун»
Кошмо Штаттардагы 14 жаштагы Виена деген бир тууганыбыз мындай деп жазган: «Бир жолу сабагыбызды башка агай өткөрүп калды. Ал дин жөнүндө сөз кылып, кандай диндер бар экенин сурады. Мен Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө айттым. Ошондо классташтарым каткырып: „Кой десе, болбой келе бересиңер. Берген адабияттарыңарды ыргытып жиберебиз“,— дешкен. Аларга мугалим да кошулуп алган.
Мен Жахабадан кабар айтканга күч беришин сурап
тилендим. Анан аларга: „Биз элдин убактысын алыш үчүн эмес, Жахаба Кудай Ыйык Китептеги жакшы кеңештерди айтууну буйруганы үчүн үймө-үй кыдырабыз. Адабияттарды ыргытпагыла. Алар жашоону өзгөртө алат. Атүгүл өмүрдү сактап калат“,— деп айттым. Ошондо агай кечирим сурап, эмкиде Жахабанын Күбөлөрү келсе, аларды угуп, адабияттарын окуп көрөрүн айтты. Бирок мен жөн эле айтып койду окшойт деп ойлогом.Агайды ошондон 4 ай өткөндөн кийин көрдүм. Ыйык Китепти изилдеп жатыптыр. Дагы 6 айдан кийин мени мектептен издеп таап, кабар айтканым үчүн ыраазычылык билдирди. Аны дароо тааныган жокмун. Чачын кырктырып, сакалын алып коюптур. Азыр чөмүлө элек жарчы».
Амазонкада кабар айтуу
Өткөн жылы Кудайдын Бразилиядагы эли Амазонканы бойлой жаткан аймактарды жакшы иштетти.
Ал жакта көптөр жакшы кабарды эзели угушкан эмес. Андыктан Жетектөөчү Кеңеш Амазонканын булуң-бурчунда жашагандарга жакшы кабарды жеткириш үчүн бир жылга созулган атайын өнөктүк уюштурууга уруксат берген.Бразилиядагы филиал, өнөктүккө катыша турган жарчылар кабар айтышы үчүн, Амазонка дарыясынын жээктеринде жайгашкан 53 шаарды тандаган. 4 эле айдын ичинде 6 500дөн ашуун жарчы өнөктүккө катышууга макул болгон.
Бир да Жахабанын Күбөсү жок Анаман деген алыскы шаарда 10 жарчы 11 күн жашап, 12 500 адабият тараткан жана 200дөй изилдөө баштаган. Азыр ал изилдөөлөр телефон аркылуу өткөрүлүүдө. Ошол убакыт аралыгында алар жолугушууларды да өткөрүшкөн. Кетердин алдында өткөрүлгөн жолугушууга 90 киши келгенин көргөндө бир туугандар төбөсү көккө жете сүйүнүшкөн! Өнөктүктүн дагы кандай натыйжа берерин убакыт көрсөтөт.
jw.org сайтынын дарегин берген
Венесуэлада жашаган Жехизиела менен Мариана акыркы алты жыл бир класста окушту. Жехизиела Жахабанын Күбөсү болгону үчүн, Мариана аны дайыма эле шылдыңдай берчү. Мариана: «Сен жыргап жашаганды билбейсиң»,— деп айта берчү. Бир жолу ал дагы шылдыңдаганда, Жехизиела: «Мариана, биздин jw.org сайтыбызга кирип көрсөң. Ал жактан „Видеотасмалар“ дегенди таап, „Өспүрүмдөр“ дегенге кирип көр»,— деп айткан.
Ошол күнү түштө Мариана Жехизиелага чалып: «Сенин эмнеге башкача экениңди эми түшүнбөдүмбү»,— деген.
Эмнени айткысы келип жатканын түшүнбөгөн Жехизиела: «Дагы шылдыңдайын деп жатасыңбы?» — деп сураган.
«Жок, бүттү, мен сени экинчи шылдыңдабайм. Көрсө, „жыргал жашоо“ деп жүрө берип, көйгөйдүн баарын башыма үйүп алыптырмын. Муну түшүнгөнгө сен жардам бердиң»,— деп жооп берген ал. Мариана Ыйык Китепти изилдей баштаган. Азыр жыйналышты калтырбай барып жатат.
Пасторго узатылган суроолор
Жероли Гаитиде жашайт. Ал чиркөөдө катчы болуп иштечү. Жахабанын Күбөлөрүнүн бардык суроолоруна Ыйык Китептин негизинде жооп бергенине
аябай таасирленип, кызы экөө Ыйык Китепти изилдей башташкан. Окуп-билгендери жүрөктөрүн козгогондуктан, Жахабанын Күбөлөрүнөн жумасына эки жолу келишин суранышкан.Үч ай изилдегенден кийин Жероли чиркөөсүндөгү пасторго мындай төрт суроо берген: «Иса Машаяк канчанчы жылы Падыша болуп такка отурган? Жакшы кишилер өлгөндөн кийин каякка барышат? Ыймансыз кишилерчи? Иса Машаяк айкаш жыгачка кадалды беле же устунгабы?» Пастор экинчи жана үчүнчү эле суроосуна жооп бере аларын айткан. Ал: «Жахабанын Күбөлөрү асманга 144 000 эле киши барат деп айтышат. Бирок мен Кудайдын эркин аткаргандардын баары барат деп эсептейм. Ал эми ыймансыз кишилер тозок отунда түбөлүккө күйүшөт»,— деп жооп берген. Жероли андан айткандарын Ыйык Китептин негизинде далилдеп беришин суранганда, ал бир да далил келтире алган эмес. Андан көңүлү калган Жероли Ыйык Китепти изилдегенин улантканга мурункудан да чечкиндүү болуп калган. Ал чиркөөдөн расмий түрдө чыгып кеткен. «Чиркөөгө 30 жылдан ашык убакыт барып жүрүп, Ыйык Китеп жөнүндө эчтеке билбептирмин. Жахабанын Күбөлөрү менен үч ай изилдегенден кийин эле көп нерсени билип алдым»,— деген ал. Жероли кызы менен жакында чөмүлүп, айылдагы 23 киши менен Ыйык Китепти изилдеп жатышат.