Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн Такомадагы жыйыны, Вашингтон, АКШ

Жүз жыл мурун 1917

Жүз жыл мурун 1917

«Жаңы жыл согуш-жаңжал, баш аламандык, кан төгүү менен башталды»,— деп жазылган «Күзөт мунарасынын» 1917-жылдын 1-январындагы санында. Ооба, башында Улуу согуш деп аталган Биринчи дүйнөлүк согуш Европанын таш-талканын чыгарып, кан суудай аккан.

Ал кезде Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр бейтараптуулук маселесин толук түшүнбөсө да, көптөрдүн кан төгүүдөн баш тартканы мактоого татырлык болгон. Маселен, 19 жаштагы англиялык Стенли Уиллис бейтараптуулукту сактоого чечкиндүү болгон. Ал ушул иш боюнча сот алдына барарда мындай деп жазган: «Кудай жөнүндө күбөлөндүрүүгө жол берилгенин зор сыймык деп эсептейм. Бүгүн эртең менен аскер башы мага аскер кийимин кий деди. Баш тартсам, аскер сотунда соттолорумду айтты».

Стенли баш тартканы үчүн кесилип, оор жумушка салынган. Ошого карабай оң маанай сактай берген. Эки айдан кийин жазган катында мындай деген: «Чындык ээ кылган „күчтүн... рухунун“ жардамы менен башкалар оңой менен көтөрө албаган кыйынчылыктарды чыдамдуулук менен көтөрүп жатам». Ал түрмөдөн убактысын акылмандык менен пайдаланган. Сөзүн мындай деп улап: «Тынч жерде тиленүүгө, ой жүгүртүүгө жана изилдөөгө жетиштүү убактым болуп жатканын кыйынчылыктарымдын аркасында ээ болгон зор баталарымдын бири деп эсептейм»,— деген.

Бир аз убакыт мурун Кошмо Штаттар согушка аттанганын расмий түрдө билдирген. Президент Вудро Вильсон 1917-жылдын 2-апрелинде Кошмо Штаттардын Конгрессине кайрылган сөзүндө Германияга согуш ачылганын расмий түрдө билдирген. Төрт күндөн кийин Кошмо Штаттар согушка киришишкен. Өлкөдө бейтараптуулук маселеси курчуй баштаган.

Аскер жыйнаш керек болгондуктан, Кошмо Штаттарда май айында «аскер кызматына чакыруу мыйзамы» күчүнө кирген. Бир айдан кийин «тыңчылык боюнча мыйзам» күчүнө кирген. Биринчи мыйзамга ылайык, өкмөт миңдеген эркектерди согушка чакыруу укугун колго алса, экинчисине ылайык, аскерден баш тарткандарды соттоо укугуна ээ болгон. Көп өтпөй чындыктын душмандары бул «мыйзамды колдонуп», Жахабанын тынчтыкты сүйгөн кызматчыларына «кыянаттык кыла» башташкан (Заб. 94:20).

Андыктан согуштун эпкини Ыйык Китеп Изилдөөчүлөргө да тийген. Алар ондогон жылдар бою элдин көңүлүн дүйнөдөгү абалдын кескин өзгөрөрү жөнүндөгү пайгамбарлыктарга буруп келишкен. Бирок Жахабанын көптөгөн кызматчыларын баарынан да уюмдагы талаш-тартыштар тынчсыздандырган.

Сыналуу, калбырдан өтүү

Уюмдагы кыйынчылыктар Чарлз Тейз Расселл көз жумгандан көп өтпөй башталган. Жахабанын кызматчыларынын ишин эми ким жетектейт деген маселе кабыргасынан коюлган. Расселл бир тууган 1884-жылы Сион күзөт мунарасы жана баракчалар коомун негиздеп, 1916-жылы октябрда каза болгонго чейин ушул юридикалык бирикменин президенти катары кызмат кылып келген. Ишти Жозеф Рутерфорд жетектей баштаганда, уюмдагы көрүнүктүү абалды ээлегендердин айрымдары, алардын ичинде деректирлер кеңешине кирген төрт киши бийлик талаша баштаган.

Аларга жана дагы башкаларга Рутерфорд бир туугандын кантип жетекчилик кылганы жаккан эмес. Мындан тышкары, Пол Жонсон деген кыдыруучу көзөмөлчүнүн кызматы да суроолорду туудурган.

Расселл көз жумганга чейин Полду уюмдун кыдыруучу өкүлү катары Англияга жөнөткөн болчу. Ал жакшы кабар таратып, жыйналыштарды кыдырып, ошол аймактагы иштин жүрүшү тууралуу жазып турмак. Англиядагы бир туугандар аны 1916-жылы ноябрда кучак жайып тосуп алышкан. Бирок элдин туу тутканына манчыркаган Полдун ниети бузулуп, Расселдин ордун басышым керек деп ойлой баштаган.

Ал өз билгендик кылып, аны колдобогон айрым бейтелдиктерди Бейтелден кетирип жиберген. Ошондой эле уюмдун Лондондогу банк эсебин колго алууга умтулган. Так ошол маалда Рутерфорд аны Кошмо Штаттарга чакырган.

Ошентип, Пол Жонсон Бруклинге барган. Бирок кеңешти момундук менен кабыл алгандын ордуна, Рутерфордду аны кайра Англияга жиберүүгө көндүргөнгө аракет кылган. Ойлогону орундалбай калганда деректирлер кеңешинин төрт мүчөсүнө терс көз карашын таңуулап, өз тарабына өткөрүп алган.

Пол сыяктуу эле, алардын да уюмдун Кошмо Штаттардагы банк эсебине кол саларын көрө билген Рутерфорд төртөөнү тең деректирлер кеңешинен түшүрүүнү чечкен. Токтомго ылайык, деректирлер кеңешинин ар бир мүчөсү жыл сайын юридикалык бирикменин мүчөлөрү тарабынан добуш аркылуу тандалышы керек болчу. Бирок 1917-жылы 6-январда юридикалык бирикменин жылдык жолугушуусунда деректирлер кеңешинин мүчөлөрү катары Жозеф Рутерфорд, Эндрю Пирсон, Уильям ван Амбургдар гана тандалган. Саналып өткөн тартипке ылайык, алар бири — президент, экинчиси — вице-президент, үчүнчүсү катчы-бухгалтер болуп дайындалышкан. Деректирлер кеңешинин калган төрт ордуна эч ким тандалган эмес. Ушул орундарды ээлеп келген, каршы чыккан төрт киши кеңеш тарабынан мурун тандалган болчу. Ошондуктан айрымдар алар өмүр бою эле ушул орунда калат деп ойлошкон. Бирок алар жылдык жолугушууда кайрадан тандалбагандыктан, деректирлер кеңешинин мүчөсү болууга укугу жок болчу. Ошол себептен Рутерфорд өз бийлигин колдонуп, 1917-жылдын июлунда алардын ордуна кеңешке башка ишенимдүү төрт кишини тандаган.

Көптөр күткөндөй эле, ээлеген абалынан айрылган төрт киши ачууланып, бийлик талаша баштаган. Бирок аракетинен майнап чыккан эмес. Айрым Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр алар тарапка өтүп, башка уюмдарды негиздешсе, көпчүлүгү ишенимдүүлүгүн сактаган. Андыктан тиги төртөө кайрадан деректирлер кеңешинин мүчөсү боло алышкан эмес.

Каршылыктарга карабай гүлдөп-өсө беришкен

Ошол убакыт аралыгында Рутерфорд жана Бейтелдеги берилген башка бир туугандар Падышалыктын ишин алдыга илгерилете беришкен. Мурун пилигрим деп аталган кыдыруучу көзөмөлчүлөрдүн саны 69дан 93кө көбөйгөн. Ал эми адабият таратуучулардын, башкача айтканда, үзгүлтүксүз пионерлердин саны 372ден 461ге жеткен. Мындан тышкары, биринчи жолу атайын адабият таратуучулар, азыркы тил менен, көмөкчү пионерлер дайындалышкан. Айрым жыйналыштарда ошондой ынталуу жарчылардын саны 100гө жеткен.

1917-жылы 17-июлда «Толук ачылган сыр» деген китеп жарык көргөн. Жыл аягына чыкпай эле китеп таратылып бүтүп, басмаканага дагы 850 000 нусканы басууга буйрутма берилген *.

1916-жылы Расселл баштаган Бейтелдеги уюштуруу иши 1917-жылы аяктаган. Ошол жылдын декабрындагы «Күзөт мунарасында» мындай деп жазылган: «Бейтелдеги жумушчулардын иши... кайрадан уюштурулуп бүттү. Эми мыкты уюштурулган ар бир уюм сыяктуу эле, биз да шайкештикте иштеп, натыйжалуу иш жүргүзө баштадык... Бейтелдиктер укуктуу болгону үчүн эмес, зор сыймык ыйгарылганы үчүн кызмат кылып жатышканын түшүнүшөт».

«Күзөт мунарасынын» 1917-жылдын сентябрындагы санында: «1916-жылга салыштырмалуу 1-январдан баштап таратылган адабияттардын саны ай сайын өсүп жатат... Бул — Теңирибиздин Бруклинде жүргүзүлүп жаткан ишибизге батасын төгүп жатканынын айкын далили»,— деп жазылган.

Сыналып, калбырдан өтө беришкен

Каршылаштар кетип, уюм тазаланган жана бардык жыйналыштарда сурамжылоо иши жүргүзүлгөн. «Күзөт мунарасына» чыккан сурамжылоонун натыйжасынан бир туугандардын көпчүлүгүнүн Рутерфордду жана Бейтелдеги ишенимдүү ага-инилерди колдоору айкын көрүнгөн. Бирок жооптуу бир туугандар али сыналып бүтө элек болчу. 1918-жыл жакшы башталса да, заманбап тарыхыбыздын эң эле караңгы мезгили ошондо башталган.

^ 18-абз. 1920-жылга чейин адабияттарыбыз коммерциялык басмаканаларда басылчу.