Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жетектөөчү Кеңештин каты

Жетектөөчү Кеңештин каты

Кымбаттуу бир туугандар!

Биздин заманга чейинки 7-кылымда Кудай Жезекиел пайгамбарга укмуштуудай аян берген. Жезекиел пайгамбар Ааламдын Эгедери башкарган абдан чоң асман арабасын көргөн. Баарынан да арабанын кандайча жүрүп баратканы таң калтырат. Жарыктын ылдамдыгы менен зымырап кетип бараткан арабанын ылдамдыгы багытын өзгөрткөндө да, бурулганда да басаңдабайт (Жез. 1:4, 9, 12, 14, 16—27).

Бул аяндан Жахабанын ааламдагы уюмунун бир бөлүгү болгон асман арабасынын болуп көрбөгөндөй тездик менен кетип баратканын биле алабыз. Ал эми жердеги бөлүгү тууралуу эмне дешке болот? Былтыркы кызмат жылында Жахабанын жердеги кызматчыларынын да чоң ылдамдык менен алдыга илгерилегени айкын болду.

Жахабанын уюмунун асмандагы бөлүгү тездик менен кетип баратат

Кошмо Штаттардагы Бейтел үй-бүлөсүнүн айрым мүчөлөрү Бруклинден башкы башкармалыктын Уориктеги (Нью-Йорк) жаңы имаратына жана башка комплекстерге көчүп жатышса, кээ бирлери талаа кызматына дайындалып жатат. Дүйнө жүзүндөгү филиалдардагы бейтелдиктер да куруу, оңдоп-түзөө, башка жерлерге көчүү менен алек болуп жатышат. Айрымдары дайындоосунун өзгөрөрүн күтүүдө. Силерчи? Сөздүн түз маанисинде бир жакка көчпөсөңөр да, башка жактардан алдыга илгерилеп жатканыңар шексиз.

Жетектөөчү Кеңеш Кудайдын төгөрөктүн төрт бурчундагы элинин асман арабасынан артта калбаганга аракет кылып, жеңин түрүп кызмат кылып жатканын көрүп бекемделип жатат. Көптөр жарчыларга жардам керек болгон жактарга көчүп барышты. Башкалары кызматтын жаңы түрүн башташты, мисалы, чет тилдеги жыйналыштарга которулушту. Айрымдар кызматтын мурун кылып көрбөгөн түрлөрүнө катышууга аракет кылууда. Дагы бирөөлөрү көбүрөөк кызмат кылуунун башка жолдорун таап жатышат. Ооба, Кудайдын ишенимдүү кызматчыларынын баары: улгайгандары да, бейкаруулары да өмүр жарышында берилгендик менен чуркап баратышат. Алар Жахабанын кызматын жан-дилден аткарып, Шайтандын жалганчы экенин далилдөөдө (1 Кор. 9:24).

Силердин эң сонун рух чагылдырып жатканыңарды Жахаба байкабай койбойт (Евр. 6:10). Баарына даярдуулук менен баш ийип жатканыңар Ыбрайым менен Саараны эсибизге салат. Ыбрайым 70тен ашканда Ур шаарын таштап, үй-бүлөсү менен тээ алыскы Канаан жерине көчүп кеткен. Ал жерде ал жүз жылдай чатырда жашамак. Өзү да, аялы Саара да кандай сонун рух чагылдырышкан! (Башт. 11:31; Элч. 7:2, 3).

Силер да алардыкындай рух чагылдырып жатасыңарбы? Азыркы оор мезгилде баарыңар тең Иса Машаяк тапшырган ишти туруктуулук менен аткарып жатасыңар. Ал: «Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла. Аларды Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атынан чөмүлдүргүлө»,— деген (Мт. 28:19).

Исанын «баргыла» деген сөздү колдонгонуна көңүл бурсаңар. Бул биздин бир жакка барышыбыз, иш менен алек болушубуз керектигин көрсөтүп турат. Машаяктын жигердүү жолдоочуларынын былтыркы жылы тоодой иштерди бүтүргөнү жүрөктү козгобой койбойт! Падышалык жөнүндөгү жакшы кабардын бардык элдерге таратылышын Жахаба күчтүү колдору менен колдоп жатат (Мр. 13:10).

Кабарга көптөр кулак кагып жатышат. Былтыркы жылы жарчылардын жогорку саны 8 340 847ге жетти. Ал эми ай сайын орто эсеп менен 10 115 264 изилдөө өткөрүлдү. Ооба, асман арабасы да, силер да зуулдап кетип баратасыңар! Жахаба куткарылгандардын артынан «эшикти» жаба турган убакка аз эле калды. Андыктан жүрүшүңөрдөн жазбай, жакшы иштерди кыла бергиле.

Ошол себептен 2017-жылга жылдык аят катары Забур 37:3төгү: «Жахабага таян, жакшылык кыл»,— деген аяттын тандалганы абдан ылайыктуу болду. Ушул сөздөргө ылайык иш кылып, ыйык кызматыңарды аткаруунун аркасында жакшы иштерди кыла берсеңер, Кудайга таянган болосуңар. Жалгыз эмес экениңерди эч качан унутпагыла. Иса пайгамбар: «Дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин, мен ар дайым силер менен болом»,— деп убада берген. Ал сөзүнө турат (Мт. 28:20).

2017-ЖЫЛДЫН ЖЫЛДЫК АЯТЫ

«Жахабага таян, жакшылык кыл»

Ишенимдүүлүк менен кылган кызматыңарга Жахабанын мындан ары да батасын берерине ынандыргыбыз келет. Кошкон салымыңар чоңбу, кичинекейби, Жахаба үчүн туура маанай менен эң жакшысын берип жатканыңар маанилүү. Бардык тартууңар анын жүрөгүн козгойт. Анын силерге аябай ыраазы болору шексиз (2 Кор. 9:6, 7). Андыктан күн сайын тиленип, Ыйык Китепти изилдеп, жыйналыш жолугушууларын калтырбай, кызматка жигердүү катышып, сүйүктүү Атабыз менен болгон мамилеңерди бекемдей бергиле.

«Убактысынын аз калганын билген» Ибилис, Кудайга каршы чыккан козголоңчу, кынтыксыздыгыбыздан тайдырыш үчүн болгон амалын колдонот (Аян 12:12). Жахаба менен ынак болсоңор, ал эч нерсе кыла албайт (Заб. 16:8). Биз силердин азыркы акыркы күндөрдө Мырзабыздын Падышалыгынын ишин алга илгерилетүүгө кошкон салымыңарды жогору баалайбыз жана баарыңарды жакшы көрөбүз.

Бир туугандарыңар,

Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши.