Былтыркы жылдын орчундуу окуялары
1 Кор. 15:58). Төмөндөгү окуялардан дүйнө жүзү боюнча Жахабанын элинин кандайча «Жахабага таянып», «жакшылык кылып», ишенимдүүлүгүнөн жазбай келатканын билүүгө болот (Заб. 37:3).
ШАЙТАНДЫН бийлиги астындагы дүйнөдө кырсык-каргашанын аягы үзүлбөй жатса, Жахабанын кызматчылары анын ишин аткаруу үчүн «көп эмгектенип» жатышат (Башкы башкармалыктын жана филиалдын көчүшү
Уолкиллдеги (Нью-Йорк) имараттарды кеңейтүү долбоору 2016-жылдын 1-февралында соңуна чыгып, Кошмо Штаттардагы филиалдын комитетин, кызмат бөлүмүн жана башка бөлүмдөрдү көчүрүүгө шарт түзүлдү. Уориктеги жаңы башкы башкармалык курулуп бүтүп, улуу көч башталды. Бруклиндеги Бейтел үй-бүлөсү Нью-Йорк шаарынан анын чет жакасына көчүүдө.
2017-жылдын 3-апрелинен, дүйшөмбүдөн, тартып Уориктеги башкы башкармалыкта экскурсиялар өткөрүлө баштайт. 3 көргөзмөнү өз алдынча кыдырса болот. Ал эми имараттарды, короону экскурсовод көрсөтөт.
-
«Ыйык Китеп жана Кудайдын ысмы». Бул көргөзмөдө сейрек кездешкен Ыйык Китептер жана Кудайдын ысмынын Ыйык Жазмада жазылганын тастыктаган көптөгөн далилдер бар.
-
«Кудайдын ысмы менен аталган эл». Бул көргөзмөдө Жахабанын Күбөлөрүнүн рухий мурасы жөнүндө баяндалат. Ошондой эле Жахабанын өз элин кантип жетектегенин, билим бергенин, уюштурганын билүүгө болот.
-
«Бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалык. Ишенимди иш жүзүндө көрсөтүү». Бул интерактивдүү көргөзмөдө Жетектөөчү Кеңештин комитеттеринин кантип иш алпарары жана Жахабанын Күбөлөрүнө чогулуп турууга, шакирт даярдоого, рухий тамак менен азыктанууга, бири-бирине сүйүү көрсөтүүгө кантип жардам берип жатканы түшүндүрүлөт.
Көргөзмөлөрдү дүйшөмбүдөн жумага чейин 8:00—16:00гө чейин өз алдынча кыдырса болот. Экскурсовод 20 мүнөттүн ичинде Бейтелге келгендерге Кеңселер/Тейлөө кызматтары жайгашкан имаратты жана Бейтелдин короосун көрсөтөт. Мындай экскурсиялар дүйшөмбүдөн жумага чейин 8:00—11:00гө чейин жана 13:00—16:00гө чейин өткөрүлүп турат.
Бейтелге барардан мурун jw.org сайтына кирип, БИЗ ЖӨНҮНДӨ > ФИЛИАЛДАР ЖАНА ЭКСКУРСИЯЛАР > Кошмо Штаттар деген жерди карагыла.
БУЛ БӨЛҮКТӨ
Кабар айтуу ишине басым жасалууда
Бейтелден кетип, кабар айтуу ишине көбүрөөк катышып жаткандар өзгөргөн жагдайга кантип ылайыкташып жатышат?
«Эч ким силердей жакшы кошуна боло албайт го»
2016-жылдын 7, 8-майында башкы башкармалыктын Колумбия-Хайтс, 25теги имаратында ачык эшик күнү болду. Кошуналар жакшы сөздөрүн айтышты. Кудайдын ысмы даңкталды.
Ыйык кызматыбыз жана жашообуз деген жаңы жолугушуубуз
2016-жылы январдан тартып жаңы жолугушуу өткөрүлө баштаган.
JW телеберүүсү аркылуу «бекемделип, сергип жатабыз!»
JW телеберүүсү 2014-жылы эфирге чыккан. Аны азыр 90дон ашык тилде көрүүгө болот. Көрөрмандар кандай баа берип жатышат?
Филиалдардын арноо аземи
Кыргызстандагы, Армениядагы филиалдардын арноо аземи жергиликтүү бир туугандар үчүн жүрөк козгоорлук учур болду.
Юридикалык отчёт 2016
2016-жылы Жахабанын Күбөлөрү сот майданында кандай кыйынчылыктарга туш болушкан?
Келип түшкөн каттар. Дүйнө жүзүндөгү кабарлардан
Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине байланыштуу акыркы жаңылыктар. Германия, Белиз, Бурунди, Непал, Италия, Аргентина, Уганда, Конго (Киншаса), Папуа-Жаңы Гвинея.