Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

БЫЛТЫРКЫ ЖЫЛДЫН ОРЧУНДУУ ОКУЯЛАРЫ

«Эч ким силердей жакшы кошуна боло албайт го»

«Эч ким силердей жакшы кошуна боло албайт го»

2016-ЖЫЛДЫН 7, 8-майында башкы башкармалыктын Колумбия-Хайтс, 25теги (Бруклин, Нью-Йорк) имаратынын кабылдамасында бейтелдиктер конокторду күтүп, толкунданып жатышты. Адатта, дем алыш күндөрү кабылдама иштечү эмес, көргөзмөлөр да болчу эмес. Бирок ошол күндөрү ачык эшик күнү болуп, Бейтелдин тегерегиндеги кошуна-колоңдор Ыйык Китеп жөнүндөгү тарыхый көргөзмөгө чакырылышкан.

Ачык эшик күнүнө чакыруу өнөктүгүнө катышкандар рухий жактан сергип, кошуналарга жакшы күбөлөндүрүү бере алышты. Айрыкча, көп жылдан бери кошуна тургандардын айткандары жүрөк жылытарлык болду.

«Мен бул жакта [Бейтелдин тегерегинде] 1960-жылдардан бери ар кайсы үйдө жашадым. Бирок силердей кошунаны таппайм го. Силерди сагынат болушубуз керек. Көчпөй эле койсоңор жакшы болмок»,— деген бир киши.

Бир аял: «Силер болбогондо бул жер азыркыдай сонун болмок эмес. Ушунча жыл кошуна болгонубузга аябай сүйүнөм»,— деген.

Өнөктүккө катышкан пионерлер кошуналардын жылуу мамилесине, жакшы укканына аябай таң калышкан. Квартал башчысы биздин уюмду жогору баалаарын жана ачык эшик күнү, тилекке каршы, шаарда болбой турганын айткан.

Өнөктүккө катышкандардын баары бекемделишкен. Эки күндүн ичинде Ыйык Китептин көргөзмөсүнө Жахабанын Күбөсү болбогон 48 киши келген. Ачык эшик күнүндө көптөгөн бейтелдиктер кабылдамада туруп, келген конокторду жылуу тосуп алып, пикирлешип жатышты.

30дарга чукулдап калган Салли деген кыз көргөзмөдө бир жарым сааттай жүргөн. Ал келгенде ага чакыруу барагын берген пионерлер кабылдамада турушуптур. Салли: «Ыйык Китептин көргөзмөсү бар экенин билбептирмин»,— деген. Пионерлер ага илимдүү-билимдүү жаш кыздын Ыйык Китепке кызыкканы мактоого татырлык экенин айтышкан. Салли: «Кызыкпагандачы. Кудай жөнүндө Ыйык Китептен эле билебиз да. Ал — жашоого абдан зарыл болгон китеп»,— деп айткан.

Ал Ыйык Китепти жогору баалагандыктан латын, грек тилдерин изилдей баштаптыр жана котормо ишине кызыгат экен. Котормонун так болушу, ага кимдир бирөөнүн көз карашынын таасир этпеши маанилүү экенин да баса белгилеген. Пионерлер Саллиге jw.org сайтындагы Ыйык Китепке негизделген маалымат 800дөн ашык тилге которуларын айтканда, ал ишене албай туруп калган. Бир туугандар көп котормочулардын Ыйык Китептен Кудайдын ысмын алып салышканын айтканда, Салли: «Эмнеге алып салышкан?» — деп таң калган. Кетип баратканда: «Бала чагыман бери ушул жерде жашайм. Эч ким силердей жакшы кошуна боло албайт го»,— деген.

Ачык эшик күнүнөн кийин, дүйшөмбүдө, адабият текчесинин жанында кабар айтып турган Жон деген бейтелдикке бир дин кызматчы келген. Ал көргөзмөнүн аябай жакканын, биздин Ыйык Китепке ылайык жашаарыбызга баа берерин айткан. Бирок бир аз сүйлөшкөндөн кийин: «Силерге жиним келип жатат»,— деген. Түшүнбөй калган Жон себебин сураса, ал мындай деп түшүндүргөн: «Көчүп кетип жатпайсыңарбы! БУЛ ЖЕРДЕ ЭЛЕ КАЛА БЕРБЕЙСИҢЕРБИ! Чоңураак имараттарды сатып алгыла же каалаган жериңерге башкасын куруп алгыла. Иши кылып, кетпей эле койгулачы! Силер барда бул жер тынч болчу. Түндүккө көчүп кетип жатканыңарга жаман болуп жатам».

Ооба, чакыруу өнөктүгү, ачык эшик күнү, Ыйык Китептин көргөзмөсү аркылуу кошуна-колоңдорго жакшы күбөлөндүрүү берилди. Эң негизгиси, Кудайдын ысмы болуп көрбөгөндөй даңазаланды.