Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Колумбия

БЫЛТЫРКЫ ЖЫЛДЫН ОРЧУНДУУ ОКУЯЛАРЫ

Кабар айтуу ишине басым жасалууда

Кабар айтуу ишине басым жасалууда

ЖЕТЕКТӨӨЧҮ КЕҢЕШ 2015-жылдын 23-сентябрында, шаршембиде, тартуу кылынган каражаттарды дагы натыйжалуураак колдонуш үчүн уюмда чоң өзгөрүүлөр болорун дүйнө жүзүндөгү Бейтел үй-бүлөсүнө кулактандырган. 2015-жылдын 3-октябрында ошол кулактандыруунун мааниси мындай деп түшүндүрүлгөн: «Филипиликтер 1:10до: „Эмне маанилүүрөөк экенин баамдагыла“,— деп айтылган. Ушул даанышман кеңешке ылайык, биз [Жетектөөчү Кеңеш] Кудайдын элинин рухий саламаттыгынын жакшы болушуна жана дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүп жаткан кабар айтуу ишинин кеңири кулач жайышына шарт түзө турган иштерге көбүрөөк көңүл бурууну чечтик».

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Стивен Летт JW телеберүүсүндө мындай деген: «Жетектөөчү Кеңеш кабар айтуу ишинин дагы кенен кулач жайышына олуттуу көңүл буруп жатат. Ошол себептен филиалдардагы кызматчылардын санын кыскартып, каражатты кабар айтуу ишине көбүрөөк жумшоону туура көрдү. Мисалга Бейтелдеги көптөн бери аткарылып келаткан кызматтын түрлөрү, айрым иш-чаралар кыскартылды. Кээ бирлери такыр эле жоюлду. Мунун аркасында эми Бейтелдеги жумуштарды аз эле киши аткарат».

2015-жылдын сентябрынан бери 5 500дөй бейтелдик талаа кызматына дайындалды. Ушундан улам көп нерсени өзгөртүүгө туура келсе да, Жахабанын батасын төгүп жатканы айкын. Бул өзгөрүүлөр кабар айтуу жана окутуу ишинин тездешине чоң салым кошуп жатат.

Шри-Ланкадагы Бейтелде кызмат кылган жубайлар талаа кызматына дайындалышкан. Алар муну Жахабага канчалык таянарын, уюмга канчалык ишеним артарын далилдөөгө жакшы мүмкүнчүлүк катары карашкан. Алар мындай деп жазышкан: «Алдыда эмне күтүп турганын билген эмеспиз. Бир билгенибиз Жахаба бизди эч качан калтырбайт болчу. Биз: „Суранабыз, Жахаба, кандай жагдай болбосун, экөөбүз тең үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кыла алышыбыз үчүн бардык нерсеге ылайыкташып кеткенге жардам бер“,— деп тиленгенбиз. Биринчи айда акча жагынан кыйналдык. Бирок Жахабанын бизди жакшы көрөрүн, кам көрүп жатканын сезип жаттык. Азыр туруктуу жумушубуз бар. Колубуз такыр бошобойт: иштейбиз, үйдөгү иштерди бүтүрөбүз, пионердик кызматты аткарып жатабыз. Бейтелден алган тарбиябыз убакытты туура пайдаланууга жардам берүүдө. Башкаларга чындык жолуна түшүүгө жардам берүүдөн артык эч нерсе жок. Пионер катары ушул ишке салым кошуп жатканыбызга аябай сүйүнөбүз».

Колумбиядагы Бейтелден талаа кызматына дайындалгандардын айрымдары жаңы тил үйрөнүп, жакшы кабарды айтыш үчүн алыс жактарга көчүп кетишти. Алар жергиликтүү жыйналыштар үчүн чоң бата болууда. Райондук көзөмөлчү анын районундагы жыйналышка дайындалган бир жубайлар жөнүндө мындай деп жазган: «Жергиликтүү бир туугандар аларга аябай ыраазы. Жарчылар жанданып, кызматка көбүрөөк чыгып жатышат. Ага-инилер болсо алардан жыйналыштагы иштерди жакшы аткарууга үйрөнүүдө». Бейтелден кеткен көп бир туугандар жумасына бир же бир нече күн Бейтелге келип, жардам берүүдө.

Жапониядагы Бейтелде 31 жыл кызмат кылган бир байке эки эле аксакал бар жыйналышка дайындалган. Так ошол мезгилде Падышалык залын оңдоп-түзөө иши жүргүзүлмөк экен. Андыктан ал 2 жумадай жумушка орношпой турууну чечкен. Оңдоп-түзөө иши башталардын алдында зал жайгашкан Кумамото өрөөнүндө 7 баллга жеткен жер титирөө болгон. Тиги бир туугандын жумушка орношпой турганы жакшы болуптур, себеби табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүү ишинде жетекчиликти колго алып, жер титирөөдөн кийин бир туугандарды жубата алган. «Көрсө, Жахаба мени жардам абдан керек боло турган жерге дайындаптыр»,— деген ал.

Австралазия филиалында кызмат кылган Фил менен Сугар бир туугандар мындай дешкен: «Талаа кызматына дайындалганда жөнөкөй жашайбыз деп чечип алганбыз. Жахабадан туура чечим чыгарууга жардам беришин жана чечимдерибизге батасын беришин сурап тилендик. Биз баарынан да чет өлкөдөгү жыйналышта кызмат кылууну каалачубуз. Ошон үчүн болгон аракетибизди жумшадык. Жан-дилден кызмат кыла алышыбыз үчүн, Жахаба чечимдерибизге батасын берип, жолдорубузду түздөдү». Учурда алар Филиппиндеги Самаль аралындагы Давао шаарында кызмат кылып жатышат. Ал жерде 34 жарчы, 9 үзгүлтүксүз пионер бар. Жергиликтүү жарчылар аларга кабарга кызыккан 120 кишинин дарегин беришкен. «Бул жакта иш кайнап жатат. Жахабага толугу менен таянганыбызга эч өкүнбөйбүз. Ага болгон ишенимибиз, сүйүүбүз мурункудан да күчтүү болуп калды»,— деген алар.

Орусиядагы Бейтелде кызмат кылган бойдок эже атайын пионер болуп дайындалган. Ал: «Пионердик кызмат аябай маанилүү, эч качан кайталанбай турган кабар айтуу ишине көбүрөөк катышууга сонун шарт түзөт. Жахабанын колунда баалуу курал боло аларым жан дүйнөмдү кубанычка бөлөйт»,— деген. Азыркы тапта ал Ирактан, Нигериядан, Шри-Ланкадан, Сириядан, Замбиядан келгендер менен 6 изилдөө өткөрүүдө.

Замбиядагы айрым бейтелдиктер жаңы дайындоо алышты. Аларды жыйналыштагы бир туугандар жылуу тосуп алышты

Замбияда жашаган, үзгүлтүксүз пионер болуп дайындалган көптөгөн бейтелдиктер кызматка көбүрөөк катышуу жан сергитерлик экенин айтышкан. Аялы менен пионер болуп кызмат кылып жаткан Эндрю мындай деп ой бөлүшөт: «Бейтелден кеткенибизден көп өтпөй эле сабатсыз эки кишиге окуганды, жазганды үйрөттүк. Биз менен изилдеп жаткан 10 жаштагы бала жакында иш күндөрүндөгү жолугушуудан биринчи жолу тапшырма менен чыгат. Биз кабар айткан бир жубайлар Эскерүү кечесине катышып, ошондон бери жыйналышка үзбөй келип жатышат. Алар жакшы ийгиликтерди кылууда. Эгер Жахабанын жетекчилигине баш ийбесек, колдоосун сезбесек, бата берерин күтпөсөк, ушунун баары болмок эмес».

Замбияда жашаган Эдсон менен Эртнесс үйлөнгөнүнө бир нече ай болгондон кийин эле талаа кызматына дайындалышкан. «Бейтелдин тарбиясы чектелүү акчабызды үнөмдөгөнгө, карызга батпаганга, топук кылып жашаганга жардам берүүдө. Бейтелде кызмат кылганыбыз үчүн такыр өкүнбөйбүз. Биз рухий максаттарыбызды өзгөрткөндү үйрөндүк. Жахабанын жардамы менен аларга жетип жатабыз. Ишенимибиз сыналып, күчтүү болуп калды. Жахабага берилгендик көрсөтүп жашай бергенге бел байладык»,— дейт Эртнесс.