БЫЛТЫРКЫ ЖЫЛДЫН ОРЧУНДУУ ОКУЯЛАРЫ
Филиалдардын арноо аземи
ЖЕРГИЛИКТҮҮ жана чет өлкөдөн келген куруучулар Кыргызстандын борбор калаасы Бишкектеги филиалды оңдоп-түзөө, кеңейтүү ишинде бир жарым жылдай талыкпай эмгектеништи. Арноо аземи курулуш бүткөндөн бир ай өткөндөн кийин эле, 2015-жылы 24-октябрда, өткөрүлдү. 18 Падышалык залына жана башка 5 жерге чогулган 3 000ден ашык киши аземди видео байланыш аркылуу көрө алды. Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Стивен Летт «Жахабага бүт жүрөгүң менен кызмат кыл» деген кызыктуу темада арноо сөзүн сүйлөдү. Эртеси күнү өлкөдөгү жарчылардын көбү ишенимди бекемдээрлик программадан пайда алышты.
2016-жылдын 14-майында, ишембиде, Арменияда филиалдын, жыйындар залынын жана Падышалыктын жарчылары үчүн мектептин имаратынын арноо аземи болду. Ага 6 435 киши катышты. Филиал 18 кабаттуу кооз имараттын 6 кабатын ээлейт. Баяндамаларда Арменияда кабар айтуу иши кандайча башталганы айтылды. Чындыктын үрөнү Кошмо Штаттарга көчүп кеткен армяндардын жүрөгүнө 20-кылымдын башында эле себиле баштаган. Ал эми Арменияга жакшы кабар 1975-жылдары жеткен. Ал кезде Армения Советтер Союзунун карамагында болчу. Акыркы жылдары Армениядагы Жахабанын Күбөлөрү расмий түрдө катталып, филиал уюштурулган. Аземге келгендердин көбү өлкөдө ушундай сонун өсүш болорун элестетишкен да эмес. Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Дэйвид Сплэйндин кооз имараттарды Жахабага арнаганы аземдин жүрөк толкуткан учуру болду.