Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

БЫЛТЫРКЫ ЖЫЛДЫН ОРЧУНДУУ ОКУЯЛАРЫ

JW телеберүүсү аркылуу «бекемделип, сергип жатабыз!»

JW телеберүүсү аркылуу «бекемделип, сергип жатабыз!»

2014-ЖЫЛЫ эфирге чыккан JW телеберүүсү дүйнө жүзүндөгү миллиондогон көрөрмандарды рухий жактан бекемдеп, сергитип жатат. Телеберүү учурда 90дон ашык тилде чыгууда. Маселен, эве, га, тви (сүрөттө көрсөтүлгөн) тилдеринде чыккан телеберүүдөн Бениндеги, Кот-д’Ивуардагы, Ганадагы, Тогодогу 130 000ден ашуун жарчы пайда алып жатат *.

«Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрүнүн жана алардын жардамчыларынын баяндамаларын укканда жанымда Жахаба туруп алып сүйлөп жаткандай эле болот,— дейт Ганадагы райондук көзөмөлчүнүн аялы Агата.— Телеберүү болбогондо кичинекей өлкөдө жашаган мага окшогон карапайым адамдар ушундай зор сыймыкка ээ болмок эмес. Телеберүү бизди дүйнө жүзүндөгү бир туугандарыбызга жакындатып жатат».

Замбиядан мындай кат келген: «Бир туугандардын колунда жок болсо да, жыйналыштар JW телеберүүсүн көрүүгө бүт күчүн жумшашат. Алсак, „Мисако“ жыйналышы жакынкы шаардан 30 чакырымдай алыс жайгашкан. Эл жер иштетип оокат кылат. Жаан-чачын мезгилинде бат-баттан сел жүрүп турат». Жардам бериш үчүн ал жакка көчүп барган кызмат жардамчысы Саймон мындай деген: «Телеберүүдөгү тасмаларды көчүрүш үчүн ай сайын жыйналыштан бирөө чоң жолго чейин эки сааттай жөө басып, ал жерден коомдук унаага отуруп шаарга барат. Жыйналышына барып көрбөгөн 2 уулу бар 70 жаштагы бир киши жердин түбүндөгү кичинекей айылда тасмалар көрсөтүлөрүн угуп, барууну чечкен. Ал: „Кудай жөнүндө ушинтип билим алыш керек“,— деген».

Орусиядан келген катта мындай делген: «JW телеберүүсүн көрүп жатканыбызга бир жылдай болуп калды. Ушуга аябай ыраазыбыз. Телеберүүнү биринчи жолу көргөндө эле уюмдагы биримдик сезилди. Бул өзүнчө эле керемет! Биз өзүбүздү бир чоң үй-бүлөнүн мүчөсүндөй сездик. Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрүн көргөндө аябай сүйүнгөнбүз. Алар рухий тамакты өз убагында бериш үчүн күжүрмөн эмгектенип жатышат. Аларды күн сайын көрө алабыз. Ар бир программаны чыдамсыздык менен күтөбүз. Жахабанын Күбөлөрү деп аталганыбызга мурдагыдан да көбүрөөк сыймыктанып калдык. Сүйүктүү бир туугандарыбыз, силерге чоң рахмат! Жахабага да, Машаякка да аябай ыраазыбыз. Телеберүү аркылуу бекемделип, сергип жатабыз!»

Германиялык жашы өр тартып калган Хорст менен Хелга деген жубайлардан мындай кат келген: «JW телеберүүсүнө эч нерсе жетпейт. Бизди, өзгөчө, майып бир туугандардын өмүр баяндары бекемдейт. Алардын үлгүсү начар ден соолугубузга карабай колубуздан келгендин баарын кылганга түрткү берет. Шал болуп калган бир туугандын аксакал болуп кызмат кылганын көргөнбүз. Ошондо ар бирибиз Жахабага баалуу нерсебизди бере аларыбызды түшүндүк. Мыкты үлгү көрсөткөн ошондой бир туугандарды көргөндө Жахабага ыраазычылык билдирип, аларга батасын мол беришин сурап тиленүүгө түрткү алабыз».

Англиялык Коди: «jw.org сайтын, JW телеберүүсүн, Медер менен Алтынай жөнүндөгү тасмаларды чыгарганга убакыт, күч жумшап жатканыңарга чоң рахмат. Ыйык Китепти оңой түшүнгүдөй кылып жатканыңарга да рахмат. Мен 8 жашымда чөмүлгөм. Кичине чоңойгондо Падышалык залдарын курууга катышкым келет. Бейтелде да кызмат кылууну каалайм. Азыр тогуздамын. Максаттарыма жеткенге аз эле калды»,— деп жазган.

Арабелла деген 8 жаштагы кыз да Англияда жашайт. Ал мындай кат жөнөткөн: «Тасмалар, сайттагы тапшырмалар үчүн чоң рахмат. Алар мага Жахабаны жакшыраак билгенге жардам берет. Кызыктуу тапшырмаларды аткарып жатып эле Жахаба жөнүндө көп нерселерди билип жатам. Ырларды да оңой жаттап алгыдай кылып чыгарасыңар. Медер менен Алтынай жөнүндөгү тасмаларды аябай жакшы көрөм. Көп иштеп жатканыңарга рахмат».

^ 3-абз. JW телеберүүсүн tv.pr418.com сайтына кирип көрүүгө болот.