Мазмунун көрсөтүү

Спорттун өмүргө коркунуч туудурган түрлөрү

Спорттун өмүргө коркунуч туудурган түрлөрү

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Спорттун өмүргө коркунуч туудурган түрлөрү

«КӨПТӨР МУРУН БАШКАЛАРДЫН УЧАКТАН СЕКИРИП, АСКАЛАРДАН АРКАН МЕНЕН ТҮШҮП, ШАРКЫРАТМАНЫН ЖАНЫНАН КАЙЫК МЕНЕН СҮЗҮП, СУУ АСТЫНДА АКУЛАЛАР МЕНЕН СҮЗҮП ЖҮРГӨНҮН ТЕК ГАНА КӨРҮП ЖҮРҮШСӨ, АЗЫРКЫ ТАПТА ӨЗДӨРҮ ОШЕНТЕ БАШТАШТЫ». («THE WILLOW GLEN RESIDENT» ГЕЗИТИ)

ГЕЗИТТЕГИ бул билдирүүдөн спортто көптөрдү эмне кызыктыра баштаганы айкын көрүнүп турат. Парашют менен секирүү, мөңгүлөргө чыгуу, дельтаплан менен учуу, асман тиреген имараттардан, бийик көпүрөлөрдөн жана башка ушул сыяктуу кыймылсыз нерселерден ылдый көздөй секирүү * сыяктуу спорттун түрлөрүнө көбүрөөк кызыгып жатканы — адамдардын тобокелдикти жакшы көрүп баратканынын далили. Сноуборд, тоолуу аймакта жүрчү велосипед, скейт жана ролик сыяктуу нерселердин жардамы менен аскалуу тоолорду багындырып, бийиктиктен секирип, адам баласынын күчүнүн чегин сынап жатышат. «Таймс» журналында экстремалдык спортко — спорттун өмүргө коркунуч туудурган түрлөрүнө — суроо-талап көп болуп жатканы миллиондогондордун «опурталдуулук, чеберчилик жана коркуу сезими кесилишкен чекке канчалык жакындагысы келгендигин көрсөтүп турат. Ошонун аркасында спортчуларга да, жөн эле дем алыш күндөрү ошентип эс алган сүйүүчүлөргө да адам баласынын жөндөмдүүлүктөрүнүн чегинен ашып жаткандай туюлат».

Бирок мындай нерсе канчалык кеңири тараган сайын, кесепети да ошончолук чоң болуп жатат. Спорттун анча деле кооптуу эмес түрлөрү менен алектенгендер да чектен чыгып, барган сайын көп жаракат алып жатышат. 1997-жылы АКШнын ооруканаларына жаракат алып түшкөн скейт тепкендердин саны 33 пайызга, сноуборд тепкендердин саны 31 пайызга, скололаздардын саны 20 пайызга көбөйгөн. Ал эми спорттун башка түрлөрү менен машыккандар кесепетин андан да көп тартып жатышат. Муну экстремалдык спорт менен машыккандардын канчалаган өлүмү тастыктап турат. Бирок спорттун мындай түрлөрүн жактагандар мунун аркасы кесепеттүү болушу мүмкүн экенин беш колдой билишет. Мисалы, экстремалдык лыжа тебүү менен машыккан бир аял: «Көкүрөгүмдө „өлүп калышым мүмкүн” деген ой жашап келет»,— дейт. Спорттун экстремалдык түрлөрүн жакшы көргөн кишилердин көз карашын сноуборд тебүү менен машыккан бир киши мындай деп билдирген: «Эгер бир жериңди кокустатып, жарат албай жатсаң, анда анча жакшы машыкпай жатасың».

Жогорудагыларды эске алганда, Исанын жолдоочулары ушундай нерселерге кандай карашы керек? Ыйык Китеп өмүргө коркунуч туудурган спорт менен машыгуу керекпи-жокпу, чечкенге кантип жардам берет? Бул суроолорго жооп алганга Кудайдын алдында өмүр канчалык баалуу экенин карап чыкканыбыз жардам берет.

Кудайдын өмүргө карата көз карашы

Ыйык Китепте Кудай «өмүрдүн булагы» экени айтылат (Заб. 36:9). Ал адам баласын жаратып эле койбой, рахаттанып жашашыбыз үчүн бардык шарттарды түзүп берген (Заб. 139:14; Элч. 14:16, 17; 17:24—28). Ошондуктан ал берген нерселерди баалашыбызды күтөрү бышык. Муну жакшыраак түшүнгөнгө байыркы убактагы Ысрайыл элине берилген мыйзамдар менен принциптер жардам берет.

Муса пайгамбарга берилген Мыйзамда адамдын өмүрүнө коркунуч туулбашы үчүн зарыл чараларды көрүү талап кылынган. Эгер андай чаралар көрүлбөй, кесепетинде кимдир бирөөнүн өмүрү кыйылса, өлүмдү алдын алганга чара көрбөгөн киши канга забын деп эсептелчү. Мисалы, үйдүн ээси үйүнүн үстүнө тегерете тосмо жасашы керек болчу. Эгер антпей коюп, үйүнүн үстүнөн бирөө жарым кулап кетип, өлүп кала турган болсо, үйдүн ээси канга забын болуп калмак (Мыйзам 22:8). Эгер бука кимдир бирөөнү кокустан сүзүп өлтүрүп койсо, буканын ээси жоопко тартылчу эмес. Ал эми ээси букасынын сүзөөнөк экенин билгенине же башкалардын эскерткенине карабай, малына көз салбай койсо жана букасы кимдир бирөөнү сүзүп өлтүрүп койсо, канга забын болуп, өлүм жазасына тартылышы мүмкүн эле (Чыгуу 21:28, 29). Ооба, Мыйзамда Жахабанын адамдын өмүрүн аябай баалаганы жана аны коргоп-сактагысы келери чагылдырылган.

Кудайдын берилген кызматчылары бул принциптердин өзүнүн өмүрүн тобокелге салган жагдайларга да тиешелүү экенин түшүнүшчү. Мисалы, Ыйык Китепте Дөөтү падышанын бир жолу «Бетлехемдин дарбазасынын жанындагы суу сакталуучу чуңкурдагы суудан ичкиси» келгени жөнүндө айтылат. Ошол кезде Бетлехем пелиштиликтердин карамагында болчу. Анын бул каалоосун билген үч жоокери пелиштиликтердин кошуунун аралап өтүп, ал чуңкурдан Дөөтүгө суу алып келишкен. Ал эмне кылды эле? Дөөтү сууну ичпей, жерге төгүп салган да: «Өз өмүрүн тобокелге салган кишилердин канын кантип ичмек элем? Мен Кудайды урматтайм, эч качан антпейм! Булар бул сууну өз өмүрүн тобокелге салып алып келишти» — деген (1 Жылнаама 11:17—19). Мындан көрүнүп тургандай, Дөөтү өзүнүн каалоосун орундатыш үчүн башка кишилердин өмүрүн тобокелге салганды акылга сыйбаган нерсе катары көргөн.

Иса да так эле ошондой иш кылган. Ибилис периштелер кармап калар-калбасын билиш үчүн, кыязы, аян аркылуу ибадаткананын дубалынан боюн ташташын айткан. Ошондо Иса: «Кудайың Жахабаны сынаба»,— деп жооп берген (Матай 4:5—7). Ооба, Дөөтү да, Иса да өмүрдү зарылдыгы жок эле тобокелге салуу Кудайдын көз алдында туура эмес иш экенин түшүнгөн.

Бул мисалдардан улам мындай суроо туулушу мүмкүн: «Кайсы чектен өткөн спорт өмүргө коркунуч туудурган спорт болуп эсептелет? Атүгүл кадимки спорт да экстремалдык болуп кетиши мүмкүн болгондуктан, чегин кантип аныктай алабыз?»

Тобокелге салганыбыз ошого арзыйбы?

Кайсы спорт менен алектенүүнү тандабайлы, бул суроонун жообу аны чынчылдык менен талдай келгенде чыгат. Мисалы, мындай деп ойлонуп көргүлө: «Спорттун бул түрүндө кырсык канчалык көп болот? Бир жеримди кокустатып жаракат албаш үчүн алдын ала үйрөтүлгөнмүнбү, зарыл коргоочу жабдыктардын баары барбы? Кокус кулап кетсем же туура эмес секирип алсам, же сактап кала турган шаймандар иштебей калса, кесепети кандай болот? Бир жеримди анча-мынча эле кокустатып аламбы же катуу жаракат аламбы, же атүгүл өлүп калышым мүмкүнбү?»

Эгер Исанын жолдоочусу зарылдыгы жок эле, көңүл ачыш үчүн эле өмүрүн тобокелге салып жатса, бул анын Жахаба Кудай менен болгон баа жеткис мамилесине терс таасир этет жана жыйналышта сыймыктуу жоопкерчиликтерди аткарганга жарайбы же жарабайбы деген суроо туулат (1 Тиметей 3:2, 8—10; 4:12; Тит 2:6—8). Демек, Жахабанын кызматчылары көңүл ачып жатканда да Жараткандын көз алдында кишинин өмүрү канчалык баалуу экендигин эстен чыгарбашы керек.

[Шилтеме]

^ 4-абз. Спорттун мындай түрү «BASE jumping» деп аталат. Чечмелениши имараттан, антенадан, көпүрөдөн жана аскадан секирүү. Спорттун мындай түрү абдан кооптуу болгондуктан АКШнын Улуттук сейил бактар кызматы тарабынан тыюу салынган.