БИЗДИН АРХИВДЕН
Жакырчылыкка карабай Жахабага кызмат кылгандар
Көптөгөн өлкөлөрдө бардык нерсе кымбаттап бараткандыктан, жашоо оордогондон оордоп баратат. Бул Жахабанын Күбөлөрүнөн да кыя өткөн жок. Бирок Жахабанын Күбөлөрү санаанын сазына батпайт. Анткени Жахабанын «эч убакта таштабайм» деген убадасын билгендиктен алардын жүрөгү тынч (Еврейлерге 13:5). Жахаба ушул убадасына туруп, кызматчыларын колдоп келет. Филиппиндеги эл башынан жакырчылыкты өткөргөндүктөн, Жахаба ал жактагы кызматчыларына да кам көрүп келген. 1970—1980-жылдары ал өлкөдө жокчулук болуп көрбөгөндөй күч алган.
«Кээде жегенге эчтеке жок болгондуктан ыйлачумун. Күрүч, туз, суудан башка эчтеке калбай калган күндөр болгон»,— дейт Вики. a Ал эми Флоренсио жумуш таба албай кыйналган. Ал: «Менин үч эле көйнөгүм, үч эле шымым бар болчу. Аларды жыйналышка, жыйындарга алмак-салмак кие берчүмүн»,— дейт. Жахабанын эли ошондой катаал мезгилде кантип күн көргөн? Аларга Жахабага ишенимдүү кызмат кыла бергенге эмне жардам берген? Алардын үлгүсү эртеңки күн бүдөмүк болгон азыркы заманда жашап жаткан бизге кандайча жардам берет?
Жахабага таянышкан
Филиппиндеги Жахабанын Күбөлөрү жакырчылык жакадан алган ошол оор мезгилде Жахабанын кам көрөрүнөн шектенишкен эмес (Еврейлерге 13:6). Алардын үмүтү таш капкан эмес. Жахаба аларга күтүлбөгөн жолдор менен кам көргөн. Мисалы, Сесилия мындай деп эскерет: «Үйдө төртөөбүз жашачубуз. Бир жолу эртең менен акыркы бир чыны күрүчүбүздү бышырып жегенбиз. Болгон тамагыбыз ошол болчу. Ошон үчүн Жахабадан: „Бизге бүгүнкү күнгө керектүү тамак-ашыбызды бере көр“,— деп тиленгенбиз. Анан күрүчүбүздү жеп жатсак эле, бир бир тууган 5 килограмм күрүч көтөрүп келип калды. Сүйүнгөнүбүздөн көзүбүзгө жаш алдык. Жахабага ошол батасы үчүн аябай ыраазы болдук. Мындай нерсе башыбыздан далай өттү».
Мындан тышкары, Кудайдын эли Ыйык Китептеги принциптерди колдонуп, акылмандык менен иш кылган (Накыл сөздөр 2:6, 7). Жаңы эле чөмүлгөн Арселитаны мисалга алалы. Ал ошол кезде бойдок болчу. Тыйын-тыпыры жок болгондуктан Жахабага жүрөгүндөгүсүнүн баарын төгүп тиленген. Ал Накыл сөздөр 10:4тө жазылган сөздөрдү окуп, ой жүгүрткөн. Аятта: «Эринчээк кол жарды кылат, аракетчил кол байытат»,— делет. Арселита ушул сөздөргө ылайык иш кылып, жер-жемиш өстүрө баштаган. «Жахаба аракетиме батасын берди. Өстүргөндөрүмдү сатып оокат кылып жаттым. Тамак-ашыма да, жол киреме да жетип жатты»,— дейт ал.
Жыйналышты калтырышкан эмес
Бир туугандарыбызда жер сатып алып Падышалык залын курганга акча жок болчу. Бирок бул аларга тоскоол болгон эмес. Алар бири-бириңерди бекемдегиле деген буйрукка баш ийип, чогула беришкен (Еврейлерге 10:24, 25). Ал үчүн жагдайга ылайыкташышкан. Мисалы, Дебора мындай дейт: «Алты киши болуп бир кичинекей кепеде чогулчубуз. Аны пионер болуп чогуу кызмат кылган шеригим экөөбүз курганбыз. Дубалдарын кокос пальмасынын бутактары менен тургузуп, чатырын болсо нипа пальмасынын жалбырактары менен жапканбыз. Пальманын сөңгөктөрүн отургуч кылып койгонбуз».
Көп учурда жыйналыш бир туугандардын үйлөрүндө өтөр эле. «Чөп менен бамбуктан тургузулган кичинекей үйүбүз бар болчу. Жекшемби күндөрү үйүбүздө жолугушуу өтүшү үчүн, алтынчы күндөрү оокаттарыбызды ары-бери жылыштырып, үйдү бошотчубуз»,— дейт Виржиния. Ноел болсо мындай дейт: «Жолугушуу өткөргөн дагы бир үйдүн үстүнөн суу тама берчү. Жаан жааган сайын чакаларды тосуп койчубуз. Бир туугандарыбыз менен чогуу Жахабага сыйыныш үчүн чогулгандыктан, мындай кыйынчылыктарга көп деле көңүл бурчу эмеспиз».
Ынтасынан жазышкан эмес
Алар жакыр турушса да, Жахабага ынталуу кызмат кыла беришкен. Негрос деген аралда жашаган Линдина мындай деп эскерет: «Биздин үй-бүлө чоң болчу. Атам эле иштечү. Жол киреге дайыма эле акчабыз боло берчү эмес. Ошон үчүн аймакка көп учурда жөө барчубуз. Үй-бүлөбүз менен чогуу кызмат кылгандыктан, жыргап барып, жыргап келчүбүз. Ушинтип кызмат кылганыбыз Жахабага жагарын да билчүбүз».
Алыскы тоолуу аймактарга барып кабар айтуу чоң кыйынчылыктар менен коштолчу. Анткени коомдук унаа аз болгондуктан же таптакыр эле жок болгондуктан, ал жактарга жетиш кыйын болчу. Лусон деген аралда жашаган Эстер мындай дейт: «Биздин топ 6—12 кишиден турчу. Көп чакырым жөө басышыбыз керек болгондуктан, жолго эрте чыкчубуз. Эртеден кечке кабар айтчубуз. Тамак-ашыбызды алып алып, бактын көлөкөсүндө тамактанар элек. Айрым бир туугандарыбыз жегенге эч нерсеси жок болсо да, кабар айтканы барышчу. Биз аларга: „Сарсанаа болбой эле койгула. Тамак баарыбызга жетет“,— дечүбүз».
Жахаба эчтекеге карабай анын ишин аткара берген кызматчыларына батасын мол төктү. Мисалы, 1970-жылы Филиппинде 54 789 жарчы бар болчу. 1989-жылга чейин болсо жарчылардын саны эки эсе көбөйүп, 102 487ге жеткен. Ал эми 2023-жылы жакшы кабар тараткан жарчылардын саны 253 876га жетти.
«Жакырлык Жахабага болгон сүйүүбүздү басаңдата алган жок»
Каржы каатчылыгы желкеден басканына карабай, Жахабанын кызматчылары анын ишин аткарып, гүлдөп-өсө беришкен. «Жакырлык Жахабага болгон сүйүүбүздү басаңдата алган жок»,— дейт Антонио. Фе Абад башынан өткөндөрү жөнүндө мындай дейт: «Бирине тартсак, бирине жетпей кыйналган учурда күйөөм экөөбүз жөнөкөй жашаганга аракет кылдык. Ошон үчүн Жахабага жакын болдук. Кубанычыбыз кемиген жок. Балдарыбыз да Жахабага таянганды үйрөнүштү».
«Жахабага кызмат кылгандар үчүн жакырлык да көйгөй эмес»,— дейт Самар аралында жашаган Лусила. «Кудайды жашообузда биринчи орунга койсок, оң маанай сактап, колубузда болгонго топук кылып жашайбыз. Мен Ыйык Китепти изилдегенге жардам бергендер Жахабанын Күбөсү болушту. Кийинчерээк мага кошулуп пионер болушту. Албетте, буга кубанбай койбойсуң»,— деп кошумчалайт ал.
Келечекте баарыбыздын башыбызга кыйынчылык түшөт. Андыктан Рудольфо деген аксакалдын айткандарын эсибизде бек сактайлы. Ал мындай деп жазган: «1970—1980-жылдары укмуш эле кыйналдык. Заманам куурулуп турган ошол учурда Жахабанын колдоосун кадимкидей туйгам. Чөнтөгүмдө сокур тыйыным жок болсо да, өзүмдү бир байкуш сезчү эмесмин. Жахаба мени бооруна кысып кам көрдү. Мен сонун күндөрдү башыман өткөрдүм. Азыр да бактылуумун. Келечекте бейиште боло турган „чыныгы жашоону“ чыдамсыздык менен күтүп жатам» (1 Тиметей 6:19).
a Айрым ысымдар өзгөртүлдү.