Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

БИЗДИН АРХИВДЕН

Алар эң жакшысын беришкен

Алар эң жакшысын беришкен

 1945-жылы Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаганда, Германиянын көп бөлүгү урандыда жаткан болчу. Шаарлар талкаланган, мектептер бош калган, ооруканалар жарактан чыгып калган эле. Ар кайсы жерде жарылбай калган бомбалар жаткан. Андан тышкары, тамак-аш тартыш болгондуктан, анын баасы асмандын башына чыгып кеткен. Мисалы, жашыруун базарда нанга сүйкөгөн майдын жарым килограммы алты жумалык эмгек акыга барабар болуп калган!

 Кендирди кескен ошол оор күндөрдү башынан кечиргендердин арасында миңдеген Жахабанын Күбөлөрү бар болчу. Алар ишеними үчүн көптөгөн жылдар бою түрмөдө жана концлагерлерде отуруп чыккан. 1945-жылы эркиндикке чыгышканда алардын түрмөдө кийген кийиминен бөлөк эч нерсеси жок болчу. Башка Жахабанын Күбөлөрү болсо үй-жайынан, мүлкүнөн ажыраган. Айрымдар ачарчылыктын азабын ушунчалык тарткандыктан, жыйналыш болуп жатканда эс учун жоготкон учурлар болгон.

Башка өлкөлөрдөгү ишенимдештеринин жардамы

 Германиядагы боордошторунун кейиштүү абалда экенин укканда дүйнөнүн чар-тарабындагы башка Жахабанын Күбөлөрү дароо жардамга келишкен. Алар азык-түлүк, кийим-кече жөнөтүшкөн. Кошмо Штаттарда жайгашкан бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыктагы бир туугандар Швейцариянын Берн шаарындагы филиалдан Германиядагы ишенимдештерине жардам беришин суранышкан. Башкы башкармалыктын өкүлү Нейтан Норр жардам берүү иштерин көзөмөлдөп, тездетиш үчүн Европага барган.

Нейтан Норр Висбадендеги (Германия) бир туугандарга кайрылып жатат, 1947-жыл. Анын артында немис тилинде: «Бардык элдер, Жахабаны даңктагыла»,— деген жылдык аят жазылып турат

 Швейцариядагы бир туугандар марттык менен тамак-аш, кийим-кече, акча-каражат тартуу кылышкан. Алардын баары адегенде Берн шаарына жөнөтүлгөн. Ал жерден сорттолуп, жашиктерге салынып, андан соң Германияга жиберилген. Башка өлкөлөрдөгү, анын ичинде Швециядагы, Канададагы жана Кошмо Штаттардагы Жахабанын Күбөлөрү да жардамын аяшкан эмес. Алар жөнөткөн тартуулар Германиядагы эле эмес, согуштан жапа чеккен Европадагы, Азиядагы бир туугандарга да бөлүштүрүлгөн.

Айтып бүткүс жоомарттык

 Бир нече айдын ичинде эле Швейцариядагы филиал кофе, сүт, шекер, дан азыктарын, как, жер-жемиш, консерваланган эт жана балык жөнөтүшкөн. Акчалай да тартуу кылышкан.

 Андан тышкары, Швейцариядагы бир туугандар беш тонна кийим, анын ичинде пальтолорду, аялдардын кийимдерин, эркектердин костюм-шымдарын жөнөтүшкөн. «Күзөт мунарасынын» 1946-жылы, 15-январда чыккан санында бул тууралуу мындай делген: «Бир туугандар эски-уску, өздөрүнөн артып калган кийимдерди эмес, эң жакшыларын берген. Бул Германиядагы ишенимдештерибиз үчүн баа жеткис тартуу болгон».

 Ошондой эле Швейцариядагы бир туугандар 1000ге жакын бут кийим тартуу кылышкан. Аларды жөнөтөрдөн мурун ар бирин бүтүнбү, бүтүн эмеспи, кийгенге жарайбы, жарабайбы, текшеришкен. Германиядагы Висбаден шаарындагы ишенимдештери аларды алышканда аябай таң калышкан. Анткени ал бут кийимдер жогорку сапатта жана ар түрдүү болгон. Бир ишенимдешибиз: «Германияда мындай жогорку сапаттагы кийимдер, бут кийимдер сатылган бир да дүкөн жок болуш керек»,— деп жазган.

 Жардам берүү иштери 1948-жылдын август айына чейин созулган. Жалпы жонунан Швейцариядагы Жахабанын Күбөлөрү Германиядагы ишенимдештерине 444 жашик гуманитардык жардам жөнөтүшкөн. Алардын баары 25 тоннаны түзгөн. Буга чейин айтылгандай, жардам берүү ишине Швейцариядагы Жахабанын Күбөлөрү эле катышкан эмес. Эске алчу нерсе, сан жагынан алар аябай эле аз болушкан. Ошол кезде Швейцарияда 1 600 эле Жахабанын Күбөсү бар болчу.

«Бири-бириңерди сүйгүлө»

 Иса Машаяк: «Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деп айткан (Жакан 13:34, 35). Сүйүү Жахабанын элине өздөрүнөн артып калганды эмес, эң жакшысын бергенге түрткү берет (2 Корунттуктар 8:1—4). Цюрихтен келген катта жазылгандай, «көптөгөн бир туугандар колунда жок болсо да, бир нерсе бергиси келген. Алар азык-түлүк алганга колдонулган карталарын, акчаларын беришкен».

 Жахабанын Германиядагы эли куугунтуктан, согуштан кийин тез эле кайра бутуна тура алган. Анткени аларга жанын аябаган ишенимдештери сүйүүсүнөн улам уюшкандыкта жардам берип, марттык көрсөтүшкөн.

Швейцариянын Берн шаарындагы филиалда ишенимдештерибиз Германиядагы бир туугандар үчүн тартуу кылынган кийимдерди сорттошууда

Берндеги филиалда тартуу салынган жашиктерди машинеге жүктөп жатышат

Тартуулар салынган жашиктер жүктөлгөн машине. Анда «Жахабанын Күбөлөрүнүн жардам берүү программасы» деп жазылып турат

Тартуулар салынган жашиктерди Германияга жөнөтүш үчүн поездге жүктөп жатышат