Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

БИЗДИН АРХИВДЕН

Дүйнө жүзүндөгү кат-сабаты жокторго жардам берүү иши

Дүйнө жүзүндөгү кат-сабаты жокторго жардам берүү иши

 «Мен фермада чоңоюп-өскөм,— дейт Бразилияда жашаган Агустино.— Биз абдан жакыр турчубуз. Иштеп, ата-энеме жардам бериш үчүн мектепти таштаганга туура келген». Агустино 33 жашка чыккандан кийин гана кат тааный баштаган. «Окуганды, жазганды үйрөнгөнүмдүн аркасында өзүмдү басынтпай калдым»,— дейт ал.

 Агустино Жахабанын Күбөлөрү акыркы 70 жылдын ичинде окуганды, жазганды үйрөткөн 250 000ден ашуун кишинин бири гана. Жахабанын Күбөлөрү мындай курстарды эмне үчүн уюштурушат? Көптөр ал курстардан кандай пайда алып жатышат?

Сабатсыздык окуп-үйрөнүүгө тоскоолдук кылат

 1930-жылдардын орто ченине чейин Жахабанын Күбөлөрү кабар айтуу ишин жүргүзгөн өлкөлөрдүн саны 115ке жеткен. Миссионерлер бөтөн тилде сүйлөгөн адамдарга кабар жеткириш үчүн алардын тилине которулган, Ыйык Китепке негизделген баяндамаларды угузушкан жана айрым учурларда ал тилдерде чыккан адабияттарды таратышкан. Көптөр Ыйык Китепке кызыкса да, сабатсыздык алардын көбүнө окуп-билүүгө тоскоолдук кылган.

 Ыйык Китепти окуй албагандыктан алар андагы кеңештерди колдоно албай кыйналышкан (Жашыя 1:8; Забур 1:2, 3). Ошондой эле Кудайдын кызматчыларынан талап кылынган милдеттерди аткарууда кыйынчылыктарга туш болушкан. Маселен, окуганды билбеген ата-энелерге балдарын окутуп-үйрөтүүгө көп күч аракет жумшоого туура келген (Мыйзам 6:6, 7). Андан тышкары, жаңыдан Жахабанын Күбөсү болгондор башкаларды окутууда Ыйык Китепти жакшы колдоно алышкан эмес.

Сабатсыздыкты жоюу боюнча уюштурулган өнөктүк

 1940 жана 1950-жылдары Жахабанын Күбөлөрүнүн ишин жетектеген Нейтан Норр менен Милтон Хеншель кабар айтуу ишин уюштурууга жардам берүү үчүн ар кайсы өлкөлөргө барышкан. Алар калкынын көбү сабатсыз болгон өлкөлөрдөгү филиалдарды жыйналыштарда кат таанытуу курстарын уюштурууга үндөшкөн.

1954-жылы Замбиянын Чингола шаарында өткөрүлгөн жыйында ньянджа тилинде окуганды үйрөткөн китепче чыккан

 Филиалдар жыйналыштарга ал курстарды кантип өткөрүү керектигине байланыштуу көрсөтмөлөрдү жиберген. Айрым өлкөлөрдө Жахабанын Күбөлөрү өкмөт тарабынан түзүлгөн кат таанытуу боюнча программаларды колдонушкан. Алсак, Бразилияда филиал өкмөттөн окуу куралдарын жана окууга керектүү башка нерселерди алып, жыйналыштарга жөнөткөн. Ал эми башка өлкөлөрдө Жахабанын Күбөлөрү сабатсыздыкты жоюу боюнча өздөрүнүн программасын түзүшкөн.

 Кат таанытуу курстарына эркектер да, аялдар да, жаштар да, карылар да катыша алган. Курстардын максаты, бир жыйналышта бир нече тилде сүйлөгөн адамдар болсо да, алардын баарына эне тилинде окуганды үйрөтүү болгон.

Пайдасы тийген программа

 Көптөр ал курстардан кандай пайда алып жатышат? Мексикада жашаган бир Жахабанын Күбөсү мындай деп бөлүшкөн: «Азыр Ыйык Китепте жазылгандардын маанисин жакшыраак түшүнгөндүктөн жүрөгүм козголууда. Окуганды үйрөнгөндөн кийин кошуналарым менен сүйлөшкөндө кысынбай калдым. Эми мен Ыйык Китептеги кабарды көптөргө жеткире алам».

 Кат таанытуу программасы Ыйык Китепти түшүнүүгө жардам бергенден сырткары, башка жактан да пайдасын тийгизүүдө. Бурундиде жашаган Исаак: «Окуганды, жазганды үйрөнгөнүм курулушка керектүү жөндөмдөрдү өрчүткөнгө жардам берди. Ал менин кесибим болуп калды. Азыр мен чоң курулуш долбоорлордо көзөмөл кылам»,— дейт.

Малавинин Лилонгве шаарындагы Падышалык залында чичева тилинде жазганды, окуганды үйрөнүп жатышат (2014-жыл)

 Перудан болгон Жесуса кат таанытуу курстарына 49 жашында бара баштаган. «Кожейке болгондуктан базардагы азык-түлүктүн баасын, аталышын билишим керек. Мурда бул аябай кыйынга турчу. Курстар бир топ эле жардам берди. Азыр соода кылганда мурдагыдай көп тынчсызданбай калдым»,— дейт ал.

 Жахабанын Күбөлөрү көп жылдардан бери кат таанытуу иштерин жүргүзгөнү үчүн ар кайсы өлкөлөрдөгү бийликтегилерден мактоо угуп келет. Алар кат таанытуу курстарын дагы деле өткөрүүдө жана колдонгон программалары жана куралдары жылдан жылга жакшырып келет. Ошондой эле адамдарга окуганды үйрөтүш үчүн жана билими чектелүү болгондорго жардам бериш үчүн алар 720 тилде, 224 миллионго жакын нускада китепчелерди чыгарышкан a.

a Мисалы, «Окууга жана жазууга машык» деген китепче 123 тилде, ал эми «Кудайды уккула!» деген китепче 610 тилде бар.