Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Түштүк-Чыгыш Азияга рухий жарыкты жаркыраткан «Жарык ташыгыч»

Түштүк-Чыгыш Азияга рухий жарыкты жаркыраткан «Жарык ташыгыч»

 1930-жылдардын башында Индонезия, Малайзия, азыр Папуа-Жаңы Гвинея деп белгилүү болгон жерлер дың жерлер болчу, башкача айтканда, жакшы кабар жете элек болчу. Жакшы кабар ал жактарга кантип жетет эле? Бул максатка жетиш үчүн Австралия (азыр Австралазия) филиалы эки мачталуу, мотору бар 16 метрлик жел кайык сатып алган. Аны «Жарык ташыгыч» деп атап коюшкан, анткени аны колдоно турган пионерлер a жердин жети түбүнө чейин рухий жарыкты жеткиришмек (Матай 5:14—16).

Жаңы Гвинеяда кабар айтуу

 1935-жылдын февралында жети жигит Австралиянын чыгыш жээгинен, Сиднейден, түндүктү көздөй Жаңы Гвинеянын Порт-Морсби деген борбор шаарын көздөй сүзүп жөнөшкөн. Алар жолду карай балык кармап, күйүүчү зат, тамак-аш алыш үчүн жана кайыктын анча-мынча жерлерин оңдош үчүн бир нече кеме жайга токтошкон. 1935-жылдын 10-апрелинде ал жигиттер Австралиянын Квинсленд штатынын Куктаун шаарынан деңиз сапарына аттанышкан. Буга чейин алар жел айдагыч кездемесин колдонушса, өтө кооптуу Чоң Тоскоол рифи аркылуу өтүш үчүн кайыктын кыймылдаткычын иштетишкен. Бирок орто жолдон кыймылдаткычтан дүрт-дүрт эткен дабыштар чыга баштаганда, өчүрүүгө туура келген. Алар эми артка кайтышабы же Жаңы Гвинеяга бет алып кете беришеби? Кайыктын башчысы Эрик Юинз: «Ушунча жол жүргөн соң кайра артка тартпай эле коёлу»,— деген. Ошентип, «Жарык ташыгыч» 1935-жылдын 28-апрелинде Порт-Морсбиге аман-эсен жеткен.

«Жарык ташыгыч» менен кабар жеткирген жигиттер, солдон оңго: Уильям Хантер, Чарлз Харрис, Аллан Бакнэлл (алдыда), Альфред Роуи, Фрэнк Дьюар, Эрик Юинз, Ричард Натли

 Механик кыймылдаткычты оңдоп жаткан маалда, Фрэнк Дьюардан башкасынын баары Порт-Морсбиге жакшы кабар айтууга жөнөшкөн. Ал жигиттердин бири Фрэнкти «жаны тынбаган пионер» деп атап койгон. Фрэнк: «Мен толтура китептерди көтөрүп алып шаардын тургундарына таратыш үчүн 32 же андан көп чакырым басып өттүм»,— деген. Кайра кайтып келатканда башка жолго салган. Ал крокодилдер быкылдаган кичинекей дарыя аркылуу этияттык менен сүзүп өтүп, шаарга аман-эсен жеткен. Кемедегилердин эмгеги текке кеткен эмес. Ошол шаардагы айрым кишилер Ыйык Китепке негизделген адабияттарды алып, кийинчерээк Жахабанын Күбөсү болушкан.

Явада кабар айтуу

 Кыймылдаткыч оңдолуп бүткөндөн кийин, «Жарык ташыгыч» Порт-Морсбиден чыгып, Нидерланд Ост-Индиясынын (анын көп бөлүгү азыр Индонезия деп аталат) Ява аралына бет алган. Алар зарыл нерселер үчүн бир нече кеме жайга токтоп, кайра жолун улап кете беришкен. Ошентип, 1935-жылдын 15-июлунда Батавияга (азыр Жакарта) токтошкон.

 Батавиядан кемедегилердин бири Чарлз Харрис Явада калып калып, ошол жакка жакшы кабарды ынталуулук менен жарыялай баштаган b. «Ошол күндөрү кызматыбыз мындай болчу: Ыйык Китептин негизиндеги адабияттарды таратып, кийинки шаарга жөнөп кетчүбүз. Мен адабияттарды араб, кытай, нидерланд, англис, индонезия тилдеринде тараткам. Эл адабияттарды жан деп эле алчу. Ошентип, бир жылдын ичинде 17 000ге жакын адабият тарата алдым».

Сапарга чыккан «Жарык ташыгыч»

 Чарлздын ынталуу кызмат кылганы нидерланд өкмөтүнүн көңүлүн бурдурбай койгон эмес. Бир жолу бийлик өкүлдөрүнүн бири Чарлз бир тууган кызмат кылган Явада кабар айтып жүргөн бир Жахабанын Күбөсүнөн: «Чыгыш Явада канча Жахабанын Күбөсү бар?» — деп сураптыр. Бир тууган: «Бирөө эле»,— десе, тиги киши: «Сен эмне, мени алдайын деп жатасыңбы? Ушунча көп адабият таратылып жатыптыр го, ал жакта толтура кишилериңер бар окшойт»,— деген экен.

Сингапур менен Малайзияда кабар айтуу

 «Жарык ташыгыч» Индонезиядан чыгып, 7-августта Сингапурга жеткен. Токтогон ар бир жеринде бир туугандар кайыктагы үнү катуу чыккан үн күчөткүч шайманды колдонуп, алдын ала жаздырылган баяндамаларды угузушчу. Кабар айтуунун бул ыкмасы элдин назарын дароо бурдура турган. «Сингапур фри пресс» гезитинде: «Шаршемби күнү кечинде деңиз тараптан... жер жаңырткан үн чыга баштады»,— деп жазылган. Андан ары: «Австралиядан Сингапурга келгенден бери „Жарык ташыгыч“ деп аталган кемеден өзгөчө баяндамалар айтылып жатты. Ал баяндамалар „Күзөт мунарасы“ коомунун программалары экен»,— деп кошумчаланган. Гезитте: «Аба-ырайы жакшы болгон күндөрү жаздырылган баяндамалар 3, 4 чакырым алыстыкка чейин так-даана угулуп жатты»,— деп да жазылган.

 «Жарык ташыгыч» Сингапурда турган учурда, Фрэнк Дьюар бир тууган жаңы дайындоого киришкен. Ал Сингапурда кантип калып калганы тууралуу мындай деп эскерет: «Биз Сингапурда кабар айтып жүргөн убакта кайыкта эле жашап жаттык. „Жарык ташыгычтын“ башка жакка бет алууга убактысы келгенде, Эрик Юинз: „Фрэнк, Сиамды (азыркы Таиланд) тандадым деп өзүң айтпадың беле. Мындан ары жолубуз эми эки башка. Кайыктан түш”,— деп таң калтырса болобу. Мен болсо оозуман сөзүм түшүп, эмне дээримди билбей туруп калдым. Анан: „Сиамдын каякта экенин билбейм да“,— дедим». Ошондо Эрик Фрэнкке Сиамга азыркы Малайзиядагы Куала-Лумпурдан поезд менен жетип алса болорун айткан. Фрэнк Эриктин тилин алып, Куала-Лумпурду көздөй жөнөп кеткен. Ал Таиландга бир нече айдан кийин жеткен c.

 «Жарык ташыгыч» Малайзиянын батыш жээгине токтоп, анын Жохор-Бару, Муар, Малакка, Кланг, Порт-Суиттенхэм (азыркы Порт-Кланг), Пинанг шаарларын кыдырып чыккан. Ар бир кеме жайдан жигиттер кайыктан Ыйык Китептеги баяндамаларды үн күчөткүч шайман аркылуу ойнотушчу. Ошол учурда Индонезияда кызмат кылган Жин Десчамп бир тууган: «Учуучу тарелка да элдин бүйүрүн мынча кызыктырмак эмес»,— деп айткан. Баяндамаларды угузгандан кийин алар жээкке чыгып, кызыккандарга адабият таратышчу.

Суматрада кабар айтуу

 Пинангдан жигиттер Малакка кысыгы аркылуу Суматра аралындагы (азыр Индонезиянын бир бөлүгү) Медан шаарына жөнөп кетишкен. Эрик Юинз: «Биз Медан шаарында кызыктуу, жагымдуу күндөрдү өткөрдүк. Көптөр жакшы кабарга кулак кагышкан»,— деп эскерет. Бир туугандар ошол аймакта 3 000дей адабият таратышкан.

 «Жарык ташыгыч» түштүктү көздөй багыт алып, бир туугандар Суматранын чыгыш жээгиндеги ири кеме жайларда кабар айтышкан. 1936-жылдын ноябрь айында кеме кайра Сингапурга кайтып келген. Ал эми Эрик бир тууган ошол жакта калып калган. Бир нече жумадан кийин ал Сингапурда жашаган Ирен Стриус бир тууган менен баш кошкон. Анан экөө чогуу Суматрада пионердик кызматын улантышкан. Эми «Жарык ташыгычка» жаңы кеме башчысы керек болгон.

Борнеодо кабар айтуу

 Жаңы кеме башчысы деңиз тилин жакшы билген Норман Крипс бир тууган болгон. Ал 1937-жылдын январында Сиднейден келген. Ошентип, бир туугандар Сингапурдан Борнеого жана Целебеске (азыркы Сулавеси) жөнөшкөн. Ал жактардан жердин баарын кыдырып, 480 чакырымдай алыстыкка чейин кабар айтышкан.

 «Жарык ташыгыч» Борнеодогу Самаринда шаарына токтогондо, кеме жайдын башчысы бир туугандардын жергиликтүү тургундарга кабар айтышына тыюу салган. Бирок Норман бир тууган кабар айтуу иши тууралуу түшүндүрүп бергенде, тиги киши эпке-сөзгө келип, атүгүл адабият алып калган.

 Бир жолу жергиликтүү чиркөөнүн кызматчысы Норман бир тууганды анын чиркөөсүнө келип, сөз сүйлөп кетүүгө чакырган. Бирок Норман бир тууган өзү сүйлөбөстөн, патефон аркылуу Ыйык Китептин негизиндеги баяндамалардын жаздыруусун угузган. Баяндамалар чиркөө кызматчысына аябай жагып калган. Ал атүгүл досторуна деп бир нече адабият сурап алган. Анткен менен жакшы кабарга кулак каккан ушул эле чиркөө кызматчысы болгон. Жалпысынан алганда, диний жетекчилер Жахабанын Күбөлөрүнүн ишин жактыра беришкен эмес. Жадагалса алар кайраттуулук менен кабар айткан бир туугандарга ачууланып, бийликтегилерди «Жарык ташыгычтын» башка кеме жайларына киришине тыюу салууга тукурушкан.

«Жарык ташыгыч» жеткен жерлер (ошол убактагы аталыштары жазылды)

Австралияга кайтып баруу

 1937-жылдын декабрында диний жетекчилердин тоскоолдугунан улам «Жарык ташыгычка» Австралияга кайтып барууга туура келген. Бир туугандар Жахабанын Күбөлөрүнүн 1938-жылдын апрелинде өткөрүлө турган жыйынына катышыш үчүн Сиднейдеги кеме жайга келишкен. Ошентип, «Жарык ташыгычтын» Сиднейден сапарга чыгып кеткенине үч жылдын жүзү болгон. Ал кеме 1940-жылдардын башында, Австралияда Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынган маалда, сатылган. «Жарык ташыгыч» менен кабар айтуу ишине катышкан Эрик бир тууган ал жел кайык тууралуу: «Ал ишин мыкты аткарып, зор иштерди бүтүргөнгө көмөк кылды. Ошол кез жашоомдогу эң кубанычтуу жылдар болду»,— дейт.

«Жарык ташыгыч» калтырган түбөлүктүү мурас

 «Жарык ташыгыч» менен кабар айткан бир туугандар Падышалыктын үрөнүн калк жыш отурукташкан чоң-чоң аймактарга жеткиришкен. Каршылыктарга карабай, акырындык менен алардын жумшаган эмгегинин үзүрү кайткан (Лука 8:11, 15). Убагында ошол пионерлер кабар айткан жерлердеги Падышалыктын жарчыларынын саны учурда 40 000ден ашат. Кайраттуулугунан жазбаган ошол аз эле киши атына заты жарашкан жел кайыгы менен бирге кандай гана сонун мурас калтырып кетишкен!

a Пионерлер деп Жахабанын Күбөлөрүнүн толук убакыт кызмат кылган кызматчылары аталат.

b Чарлз Харрис бир туугандын өмүр баяны «Күзөт мунарасынын» 1994-жылдын 1-июнундагы санына чыккан, ор.

c 1991-жылдагы «Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китебинин» 187-бетин карагыла, ор.