Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

БИЗДИН АРХИВДЕН

Жаңы Зеландиядагы Жахабанын Күбөлөрү — тынчтыкка умтулган, Кудайга берилген адамдар

Жаңы Зеландиядагы Жахабанын Күбөлөрү — тынчтыкка умтулган, Кудайга берилген адамдар

1940-жылдын 21-октябрында Жаңы Зеландиянын өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүн коомчулукка коркунуч туудурган кооптуу уюм деп жарыялаган. Ошондон кийинки оор кыйынчылыктарга карабай Жахабанын Күбөлөрү коркунучка алдырышкан эмес. Мисалы, бийликтегилер тарабынан кармалып кетиши, үйү тинтилиши мүмкүн болсо да, алар Кудайга сыйынуу үчүн чогула беришкен.

Мэри деген ишенимдешибиздин Жахабанын Күбөсү болбогон жолдошу Энди Кларк анын кооптуу жагдайларга карабай жыйналыштарга барганга чечкиндүү экенин байкаган. Ал жубайын жыйналышка баратканда кармап кетишет деп коркчу. Энди мурда жыйналыштарга барчу эмес. Бирок ошондон тартып аялын коштоп жыйналышка бара баштаган. Ал Мэриге: «Кармашса, экөөбүздү тең кармап кетишсин»,— деп айтчу. Энди бир да жыйналышты калтырчу эмес. Убакыттын өтүшү менен ал чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болгон. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда көптөгөн Жахабанын Күбөлөрү, Мэридей болуп, куугунтукка карабай кайраттуулук көрсөтүшкөн.

Түрмөгө камалышса да, рухий жактан гүлдөй беришкен

Бир жолу 78 жаштагы Жон Мурай деген ишенимдешибизди үйдөн үйгө кабар айтып жүргөн учурда полиция кызматкери кармап кеткен. Сот ага кооптуу уюмдун иштерине катышып жатат деген айып койгон. Дагы башка көптөгөн Жахабанын Күбөлөрү соттолушкан; айрымдарына айып пул салынган, башкалары үч айга чейин түрмөгө камалган.

Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китеп боюнча тарбияланган абийиринен улам аскерде кызмат өтөөдөн баш тартышкан (Ышая 2:4). Ошол себептен, башкалар аскерге чакырылып жаткан учурда, алар оор кыйынчылыктарды баштан кечиришкен. Аскердик даярдыктардан өтүүдөн баш тарткандыктан, 80дей ишенимдешибиз эркинен ажыратылып, лагерлерге жөнөтүлгөн. Алар ал жакта согуш бүткөнгө чейин болушкан. Катаал мамилеге, кыштын кыраан чилдесине карабай ал жердеги ишенимдештерибиз кубанычын жоготпой Жахабага кызмат кыла беришкен.

Лагерлердеги ишенимдештерибиз убакытты текке кетирбей, дароо рухий иштерге киришишкен. Алар кадимки эле жыйналыш катары жолугушууларды дайыма өткөрүп турушкан. Ошондой эле лагердеги башка адамдарга кабар айтууну уюштурушкан. Атүгүл айрым лагерлерде Жахабанын Күбөлөрүнө сакчынын көзөмөлү алдында жыйындарды өткөргөнгө уруксат берилген. Кээ бирлер Ыйык Китептеги чындыкты так ошол лагерлерден таанып-билип, чөмүлүшкөн.

Лагердеги ишенимдештерибиз Теократиялык кызмат мектебин өткөрүшчү

Жогоруда айтылган Мэри менен Эндинин кичүү уулу Брюс камакта отурган учурду рухий жактан өскөнгө жакшы мүмкүнчүлүк катары көргөн. Ал мындай деп эскерет: «Мен үчүн ал жак мектеп сыяктуу эле болчу. Себеби лагерден тажрыйбалуу бир туугандар менен пикирлешип, көптөгөн терең чындыктарды билдим».

1944-жылы өкмөт лагердегилердин айрымдарын бошотуу жөнүндө маселе көтөргөн. Бирок аскердик бийлик өкүлдөрү буга каршы болушкан. Себеби Жахабанын Күбөлөрүн бошотушса, алар ишеними жөнүндө башкаларга айта беришет деп ойлошкон. Бир отчётто мындай делген: «Камакта кармап турсак, бул фанаттардын иш-аракетин кандайдыр бир деңгээлде чектей алабыз. Бирок алар баары бир деле өздөрүнүкүн кыла берет».

Коомго эч кандай коркунуч туудурушпайт

Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынганы жалпы элге маалым болуп калгандыктан, айрымдар алар жөнүндө билгиси келе баштаган. Бара-бара көптөр Жахабанын Күбөлөрүнүн коомго такыр коркунуч туудурбай турганын, эч кимге зыяны жок, тынчтыкка умтулган адамдар экенин түшүнүшкөн. Натыйжада Жаңы Зеландияда 1939-жылы 320 Жахабанын Күбөсү бар болсо, 1945-жылы 536га жеткен.

Айрым учурларда калыс соттор Жахабанын Күбөлөрүнө тыюу салынганын адилетсиздик деп эсептешкен. Алсак, бир сот үйдөн үйгө кабар айтканы үчүн айыпталган ишенимдешибиздин ишин карагандан кийин аны жаап таштаган. Ал: «Бул адамдардын Ыйык Китепти таратканы үчүн эле кылмышкер деп эсептелгени менин акылыма сыйбаган, мыйзам жөнүндөгү түшүнүгүмө карама-каршы келген нерсе»,— деген.

Согуш аяктагандан кийин, акыры, Жахабанын Күбөлөрүнө салынган тыюу жоюлган. Ошондо ишенимдештерибиз Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды таратканга ого бетер чечкиндүү болуп калышкан. 1945-жылы Жаңы Зеландиядагы филиал бүт жыйналыштарга мындай деп кат жазган: «Кызматта жүргөндө ар бирибиздин адамдар менен сылык-сыпаа, жылуу-жумшак сүйлөшкөнүбүз маанилүү. Талашып-тартышкандан, чатакташкандан качкыла. Биз жолуктурган адамдардын өз динине чын жүрөктөн ишенерин, ага ылайык жашаганга аракет кыларын эсиңерден чыгарбагыла... Алардын көбү — Мырзабыздын „козулары“. Биз аларды Жахабага жана анын Падышалыгына алып келишибиз керек».

Жаңы Зеландиядагы Жахабанын Күбөлөрү бүгүнкү күндө да жергиликтүү элге жана туристтерге Ыйык Китептеги кабарды жигердүүлүк менен айтып жатышат. Бир жолу Турангидеги төрт Жахабанын Күбөсү бир нече сааттын ичинде эле 17 өлкөдөн келген 67 туристке кабар айткан.

Ооба, Жаңы Зеландиядагы эл Жахабанын Күбөлөрүнүн тынчтыкка умтулган, Кудайга берилген, Ыйык Китептеги чындыкты жогору баалаган адамдар экенин айкын түшүнүшөт. Ал жакта жыл сайын жүздөгөн кишилер чөмүлүп, Жахабанын Күбөлөрүнө кошулууда. 2019-жылдагы отчётко ылайык, бул өлкөдө Кудайга кубаныч менен кызмат кылган 14 000ден ашуун Жахабанын Күбөсү бар.

1940-жылы ишибизге тыюу салынганынан көп өтпөй өткөрүлгөн жыйналыш

Лагердеги бир кишилик камералар (Түндүк арал, Жаңы Зеландия)

Хаутудагы лагерь (Түндүк арал, Жаңы Зеландия)

Бейтараптуулук сактаганы үчүн камалган бир туугандарыбыз, 1949-жыл