Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте катуу жер титирөөлөр жөнүндө эмнелер алдын ала айтылган?

Ыйык Китепте катуу жер титирөөлөр жөнүндө эмнелер алдын ала айтылган?

 Жыл сайын дүйнөнүн булуң-бурчунда жер титирөөлөр катталып турат. Алардын саны он миңге чейин жетет. Көптөрү билинбей эле өтүп кетсе, кээ бир жерлерде жер катуу титирейт. Натыйжада имараттар талкаланып, ал жакта жашагандар жабыр тартышат, атүгүл айрымдар өмүрүнөн айрылат. Кээде болсо жер титирөөгө куйрук улаш цунами каптайт. Анын кесепетинде деңиз жээгинде жайгашкан шаарлар бүлгүнгө учурап, көптөр өмүрү менен кош айтышат. Ыйык Китепте ушундай катуу жер титирөөлөр болору айтылды беле?

Бул макалада:

 Ыйык Китепте жер титирөөлөр болору алдын ала айтылганбы?

 Ыйык Китепте Исанын жер титирөөлөр болорун пайгамбарлык кылганы айтылган. Анын сөздөрү төмөнкү үч Инжилде жазылган.

 «Бир эл бир элге, бир падышалык бир падышалыкка каршы көтөрүлөт, жер-жерлерде ачарчылык, жер титирөө болот» (Матай 24:7).

 «Бир эл бир элге, бир падышалык бир падышалыкка каршы көтөрүлөт, жер-жерлерде жер титирөө, ачарчылык болот. Булар — азап-кайгынын башталышы» (Марк 13:8).

 «Катуу жер титирөө, жер-жерлерде жугуштуу оорулар, ачарчылык болот. Коркунучтуу көрүнүштөр, асмандан улуу жышаандар көрүнөт» (Лука 21:11).

 Иса согуштар, ачарчылык, жугуштуу оорулар менен бирге «жер-жерлерде» «катуу жер титирөө» болорун да пайгамбарлык кылган. Ушул окуялардын баары биздин «бул дүйнө түзүлүшүнүн» аягында же «акыркы күндөрдө» жашап жатканыбызды далилдемек (Матай 24:3; 2 Тиметей 3:1). Ыйык Китепке ылайык, акыркы күндөр 1914-жылы башталган жана дагы деле уланып келатат.

 Бүгүнкү күндө болуп жаткан жер титирөөлөр Ыйык Китептеги пайгамбарлыктын аткарылышыбы?

 Ооба. Исанын пайгамбарлыгынын, анын ичинде жер титирөөлөр жөнүндө айткандарынын аткарылып жатканын бүгүнкү күндө өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. 1914-жылдан тартып эсептегенде, 1 950дөн ашык катуу жер титирөө болгон. Анын айынан 2 миллиондон ашуун киши набыт болгон a. 21-кылымдын ичинде эле болгон айрым жер титирөөлөрдү мисалга алалы.

 2004-жыл, Инди Океаны. 9,1 баллга жеткен жер силкинүү үрөйдү учурган цунамини чакырган. Цунами бир катар өлкөнү каптап, 225 000дей кишинин өмүрүн алып кеткен.

 2008-жыл, Кытай. Кубаттуулугу 7,9 баллга жеткен жер титирөө айылдардын, шаарлардын тыптыйпылын чыгарган. Эсептөөлөргө ылайык, 90 000дей киши каза болгон, 375 000ге жакыны жаракат алган, ал эми миллиондогондору үйсүз калган.

 2010-жыл, Гаити. Алгач 7,0 баллга жеткен жер титирөө болгон. Андан соң жер дагы бир нече жолу катуу силкинген. Анын кесепетинде 300 000ден ашуун киши набыт болуп, миллиондогондор үй-жайынан айрылышкан.

 2011-жыл, Жапония. Күчү 9,0 баллды түзгөн жер титирөө жана анын артынан келген цунами 18 500дөй кишинин өмүрүн кыйып, болжол менен 100 000 адамды үйсүз калтырган. Жер силкингенде Фукусимадагы электростанция катуу жабыркап, адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурган радиация чоң өлчөмдө бөлүнүп чыга баштаган. Андан бери 10 жыл өтсө да, электростанциянын тегерегиндеги аймактарда жашаган 40 000дей киши эмдигиге чейин үйлөрүнө кайтып бара албай келет. Себеби радиациянын деңгээли дагы деле жогору.

 Жер титирөөлөр жөнүндөгү пайгамбарлыктар биз үчүн кандай мааниге ээ?

 Ыйык Китептеги жер титирөөлөр жөнүндөгү пайгамбарлыктар келечекте бизди кандай окуялар күтүп турганынан кабар берип турат. Иса пайгамбар: «Булардын болуп жатканын көргөнүңөрдө Кудайдын Падышалыгынын жакындап калганын билгиле»,— деп айткан (Лука 21:31).

 Ыйык Китепте Кудайдын Падышалыгынын асмандагы өкмөт экени айтылган. Анын Падышасы — Иса Машаяк. Ал жолдоочуларын ошол Падышалык жөнүндө тиленүүгө үйрөткөн (Матай 6:10).

 Ал Падышалык жер үстүнөн башкара баштаганда, Кудай табигый кырсыктарды, анын ичинде жер титирөөлөрдү биротоло токтотот. Ошондо алардан эч ким азап чекпей калат (Ышая 32:18). Андан тышкары, Кудай жер титирөөнүн бардык кесепетин жоёт. Алсак, адамдардын ден соолугун, эмоциялык саламаттыгын калыбына келтирет (Ышая 65:17; Аян 21:3, 4). Бул тууралуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Кудайдын Падышалыгы эмнелерди ишке ашырат?» деген макаланы окуп көргүлө.

a  Келтирилген статистика Дүйнө жүзүндөгү чоң жер титирөөлөрдү эсептеген АКШнын Улуттук геофизикалык маалымат борборунан алынды.