Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

TheCrimsonMonkey/E+ via Getty Images

Айлана-чөйрөнүн булганышы. Кудайдын Падышалыгы эмнелерди ишке ашырат?

Айлана-чөйрөнүн булганышы. Кудайдын Падышалыгы эмнелерди ишке ашырат?

 «Климаттын өзгөрүшү элге, шаарларга жана экосистемага чоң залакасын тийгизүүдө. Климаттын өзгөрүшүнөн улам күчөп жаткан катуу куюндар дүйнө жүзү боюнча үйлөрдү талкалап жатат. Ошондой эле адамдар жашоого керектүү көп нерселерден кол жууп жатышат. Океандын жылыганы андагы жандыктардын тукум курут болушуна алып барышы мүмкүн» (Ингер Андерсен, БУУнун башкы катчысынын орун басары жана БУУнун айлана-чөйрө боюнча программасынын аткаруучу директору, 25-июль, 2023).

 Жер жүзүн кучагына алган бул көйгөйлөрдү чечиш үчүн өкмөттөр бириге алышабы? Ал көйгөйлөрдү биротоло чече алышабы?

 Ыйык Китепте Жер планетабыздагы көйгөйлөрдү чечкиси келген жана чече турган өкмөт жөнүндө айтылат. Ал жакта «асман Кудайы... Падышалыкты орнотору» жазылган. Ал өкмөт жер бетин башкарып, андагы көйгөйлөрдү чечип берет (Даниел 2:44). Анын бийлиги алдында адамдар бири-бирине да, планетабызга да «эч кандай зыян келтиришпейт, залака тийгизишпейт» (Ышая 11:9).