Акыйкаттыкты эңсегендердин тилеги орундалабы?
Адилетсиздик адамзат коомуна терең тамыр жайгандай сезилет. Адилетсиздиктин айынан түрмөгө камалган эки кишинин мисалын карап көрөлү.
2018-жылы, январда Кошмо Штаттардагы бир сот дээрлик 38 жылдан бери түрмөдө отурган бир кишини актаган. Ал киши ДНК анализинин негизинде айыпсыз деп табылган.
Африка өлкөлөрүнүн биринде диний көз карашынан улам аскердик кызматтан баш тартканы үчүн үч жаш жигитти 1994-жылы, сентябрда камакка алышкан. 2020-жылдын сентябрында алардын түрмөдө отурганына 26 жыл болуп калган. Ошол убакыт аралыгында алардын кылмыш кылганы бир да жолу далилденген эмес. Сот алдына да алып барышкан эмес.
Эгер адилетсиздиктен жапа чеккен болсоңор, байыркы убакта жашаган Аюп пайгамбардын сезимдери силерге тааныш болот болуш керек. Ал: «Жардамга чакырып жатам, бирок адилеттүүлүк жок»,— деп зарлаган (Аюп 19:7). Айрымдарга эч качан адилеттүүлүк орнобой тургандай сезилиши мүмкүн. Бирок Ыйык Китепте акыйкаттыкты эңсегендердин кыялы орундала турган заман келери айтылган. Ошондой эле анда адилетсиздикке кабылгандарга жардам бере турган даанышман кеңештер жазылган.
Адилетсиздикке эмнелер себеп болот?
Адилетсиздик көбүнчө Кудайдын мыйзам-осуяттарын четке каккандардын айынан болот. Ыйык Китепте чыныгы «акыйкаттыктын» булагы Кудай экени айтылат (Ышая 51:4, «Үмүт нуру» котормосу). Ал китепке ылайык, «адилдик» жана «акыйкаттык» деп которулган сөздөр бири-бири менен тыгыз байланышта (Забур 33:5). Адамдар адил иштерди, тагыраак айтканда, Кудайдын талаптары боюнча туура деп эсептелген иштерди кылганда адилеттүү боло алышат. Ал эми күнөө кылсак — Кудайдын адил талаптарына каршы иш кылсак — адилетсиздик кылабыз. Буга байланыштуу төмөнкү мисалдарга токтололу.
Өзүмчүлдүк. Өзүмчүлдүк менен күнөө бири-бири менен байланышта (Жакып 1:14, 15). Өз көмөчүнө күл тарткан көптөгөн адамдар башкаларды өз кызыкчылыгына пайдаланыш үчүн аларга адилетсиз мамиле кылышат. Кудай болсо бизди биринчи кезекте башкалардын пайдасын көздөгөнгө чакырат (1 Корунттуктар 10:24).
Билбестик. Айрымдар өздөрү билбей башкаларга бейкалыс мамиле кылышат. Бирок Кудайдын алдында бул да күнөө болуп саналат (Римдиктер 10:3). Мисалга тарыхта эң эле чоң адилетсиздикке кабылган Иса Машаякты алалы. Башкалар билбестиктин айынан аны өлүмгө кыйышкан (Элчилер 3:15, 17).
Адамдар түзгөн уюмдардын чабалдыгы. Негизинен, саясий, коммерциялык жана диний уюмдар коомдо адилеттүүлүк, теңдик өкүм сүрүшүнө өбөлгө түзүшү керек болчу. Тилекке каршы, так ошол уюмдар адилетсиздикке себеп болууда. Себеби алар паракорчулукка, бейкалыстыкка, ач көздүккө, теңсиздикке, кайдыгерликке шарт түзүп келишет. Албетте, андай уюмдарды жетектегендердин арасында ниети таза, жакшы адамдар да бар. Бирок жалпы жонунан бүт адамдар Кудайдын жетекчилигине баш ийбегендиктен алардын күч-аракетинен майнап чыкпай келет (Насаатчы 8:9; Жеремия 10:23).
Адилетсиздикке Кудай кандай карайт?
Кудай адилетсиздикти, атүгүл адилетсиздикке түрткөн ойлорду, иштерди да жек көрөт (Накыл сөздөр 6:16—18). Ал Ышая деген пайгамбарга: «Мен, Жахаба a, адилеттикти жакшы көрөм, тоноочулук менен ыймансыздыкты жек көрөм»,— деп жаздырган (Ышая 61:8).
Кудайдын байыркы ысрайыл элине берген мыйзамынан ал өз элинин адилеттүү болушун каалаары көрүнүп турат. Ал ошол учурдагы соттордон пара албоону жана акыйкаттык менен сот жүргүзүүнү талап кылган (Мыйзам 16:18—20). Кудай кедей-кембагалдардын эсебинен пайда көргөн ысрайылдыктарды айыптаган. Ысрайыл эли анын мыйзамына карманбагандыктан акыры аларды четке каккан (Ышая 10:1—3).
Кудай адилетсиздикти жоёбу?
Ооба, жоёт. Жакында Кудай Иса Машаяк аркылуу адилетсиздиктин тамырын жулат, башкача айтканда, күнөөнү жок кылат. Ошонун аркасында адамдар, Кудай башында ниет кылгандагыдай, жеткилең болушат (Жакан 1:29; Римдиктер 6:23). Ошондой эле Кудай бир Падышалыкты негиздеген. Ал Падышалык адилдик менен адилеттик өкүм сүргөн жаңы заманды орнотот (Ышая 32:1; 2 Петир 3:13). Асмандан башкара турган ал Падышалык жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн «Кудайдын Падышалыгы деген эмне?» деген видеону көргүлө.
Адилдик өкүм сүрө турган жаңы заманда жашоо кандай болот?
Жер тургандарынын ар бири адилеттүүлүк менен иш кылган убакта бүт жер жүзүнө тынчтык, бейкуттук орнойт (Ышая 32:16—18). Кудай адамдардын баарына тегиз карагандыктан, ал заманда эч ким адилетсиздикке кабылбайт. Ошондо адилетсиздиктин айынан экинчи эч ким кайгыга чөмүлбөйт, көз жаш төкпөйт, жүрөгү жараланбайт. Бара-бара көкөйдү кескен тактар биротоло өчүрүлөт (Ышая 65:17; Аян 21:3, 4). Көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Кудайдын Падышалыгы эмнелерди ишке ашырат?» деген макаланы окуп көргүлө.
Адилеттүүлүк орной турган заман келерине ишенсе болобу?
Ооба. Анткени Ыйык Китепте аткарылган пайгамбарлыктар, тарыхый жана илимий жактан так маалыматтар камтылат. Ошондой эле анда жазылгандар бири-бирине шайкеш келет. Ушунун баары андагы убадалардын ишке ашарына ишенсе болорун далилдеп турат. Бул тууралуу көбүрөөк билгиңер келсе, төмөнкү материалдарды карагыла.
Азыркы учурда адилетсиздикке кабылып жаткандар эмне кылса болот?
Байыркы убакта Кудайдын кызматчылары адилетсиздикке туш болгондо өздөрүн коргогонго аракет кылышкан. Мисалы, бир жолу элчи Пабылга адилетсиз түрдө өлүм өкүмү чыгарылган. Ошондо Пабыл ал чечимге моюн сунуп калбай, ошол учурдагы юридикалык укуктарын колдонуп, цезардын сотун талап кылган (Элчилер 25:8—12).
Бирок канчалык аракет кылбасын, бул дүйнөгө адилеттүүлүктү орнотуу адамдардын колунан келбейт (Насаатчы 1:15). Бирок ошого карабай Кудай убада кылган адилдик өкүм сүрө турган жаңы замандын келерине ишенгендиктен көптөр адилетсиздикке кабылса да, бушайман болбой, жан дүйнө тынчтыгын сактап жатышат.
a Жахаба — бул Кудайдын жеке ысымы (Забур 83:18).